БИРИМДИК БАКЫТ ТОРОБАЕВДИ КОЛДООРУ АНЫК БОЛО БАШТАДЫ

Биримдикке келишкен «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Журт», «Бүтүн Кыргызстан» саясий партияларынын жалпы съезди 11-сентябрь күнү Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган болду. Съездде жаңы партиянын аталышы элге тааныштырылып президенттикке бирдиктүү бир талапкерди алып чыгышмакчы. Ал арада Бакыт Торобаев шайлоо фондун 44 миллион сомго көбөйткөндүгү айтылууда. Андыктан саясий чөйрө дагы бул биримдиктин лидерлери Торобаевдин коомчулуктагы кадыр-баркын эске алып, аны президенттик жарышта сүрөп жана колдоого алат деген тыянак чыгарып жатышат. «Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дейт эмеспи. Жыйынтыгын съездден кийин көрөлү. Айтмакчы, жаңы саясий партия «Кайра жаралуу» деп аталгандыгы маалым болду.


Аман Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан