КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


Арсен аэропорттон чыга калып эле таксиге отурду. Оштон таңкы рейс менен учуп келген.

– Ак-Өргөөгө айдайсыз, байке,- деди ал арткы орундукка отуруп жатып.

Бишкек жашыл түскө боёнуп баштаптыр. Дарактар жаңыдан жалбырак коё берип койкоюшат. Куду жаз менен жаңы жашоо башталып жаткандай чар тарап жаңы, таза, көркөм көрүнүп жатты. «Эми баары башкача болот» деди Арсен зуулдап келе жаткан унаадан сыртты тиктеп.

Ойлору акырындап орундала баштаганы жигитти кубантты. Чыңгыз Жалал-Абаддын алыскы айылындагы чоң атасыныкына жетип, акчаны бекем катыптыр. 1-2 айдай ошол жакта болуп, анан Бишкекке келмей болду. Ага чейин Арсен бул жакта акчаны кайда жумшоо боюнча өзүнчө план түзөт. Санжар буга макулдук берди. Арсендин бардык нерсени ойлонуп жасаганы, айлакерлиги, башкалардыкына окшобогон өзгөчө көз карашы каракчылыкка гана мээси жеткен Санжарды багынтты окшойт. «Бул жигит менен жерде калчудай эмес экенбиз» деп өзүнчө чечим чыгарып, ал Арсенге толук ишенерин билдирген. «Муну төрт эсеге көбөйтсө болот» деп Арсендин ишенимдүү айтканы Санжарды өрөпкүтүп жиберген. Кыялында миллиондорду санап баштаган.

ххх


Чыңгызга убакыт өтпөй жаткандай эле болду. Чоң атасынын эки бөлмөлүү жалпак тамында керээли кечке жатат. Тажаганда эшикке чыгып жумуш кылымыш болот. Сыналгы көрөт. Тээ түн кирип калган чакта уурулук кылып жаткан кишиден бетер сак-сактап айланасын карап алып, үйдүн ичиндеги чоң атасы картошка сактачу ороого кирип келет. Келет да, кынаптап тизилип кытайдын көк баштыгына салынган жашыл долларларды карап отура берет. Мына бүгүн да ошентип отурат.

Телефонун алып чыгып календарын карады. Санжарлардын келишине дагы 1 күн калыптыр. 2 ай зымырап өткөн экен. Алар бул убакта бири-бирине бир да жолу чалышкан жок. Кабарсыз жүрүштү.

ххх


Ал баарын даярдап койгон. Эшикке Санжардын БМВсы келгенде шарт ороого түшө калды да, акчаны кара сумкага салып чыкты. Унаада Санжар, Нурдин, Лиза отурушкан экен.

ххх


Досторунун келишине Арсен мыктылап даярданды. Атайын элиталуу үйдөн бир батирди ижарага алып, берекелүү дасторкон жайды. Биринчи жеңиштин урматына майрам уюштуруп жаткандагысы болчу. Дээрлик 3 айга чукул убактан бери Арсен аракет кылды. Жаңы жол издеди. Эми акырындап ошол жолго түшүш керек.

Балкондо туруп тамеки күйгүздү. Бишкек адатынча кымгуут. Чуулдаган-зуулдаган унаа үндөрү угулат, жарк-журк эткен көчө шамдары. Шаар түн жамынса да, кайдадыр шашкалактаган адамдар. Ушунун баарына көз салып туруп Арсен өзүнчө «бул шаар меники болот» деди ишенимдүү. Дал ушул маалда коңгуроо кагылды. Эшикти ачканга жөнөдү жигит.

– Арсен, кандай? Сени сагынып кеттим десең...- эшик ачылары менен эле Лиза Арсендин моюнуна асылды.

– Сен азаматсың!- деди Арсен аны кучагына алып жатып.

– Эми башкалар менен учурашайын. Санжар аке, кандайсыз?- Санжардын колун бекем кысып анын далысынан таптады. «Биз жасадык» деген ишараты болчу. Экөө бир-бирин үн-сөзсүз түшүнүштү.

– Чика, досум. Сен алтын жигитсиң,- Чыңгыз менен да бекем кучакташты.

– Нурдин аке, сиз эркексиз,- аны да далысынан таптады.


ххх


Баары жуунуп-таранып, стол үстүнө отурушкан соң Арсен сөз баштады.

– Босогодон эмнеге баарыңарга кучак жайдым дейсиңер? Мен өзүм оңою менен бирөөнү кучактабайм. Адамдарга боорумду ачкандан коркуп калган кишимин. А силерге менин кучагым кең, ар бириңди коргоп, батырып алганга бар күчүмдү жумшайм. Себеби силер менин эң ишенген, эң баалаган адамдарсыңар. Биз жасай турган иштер али алдыда. 1-1,5 жыл. Ушунча убакыт бергиле, ар бириңер көксөгөн унааңарды айдайсыңар, каалаган үйүңөрдө жашайсыңар. Бир гана нерсе – жанымда болгула. Сатпагыла! Биз бул шаарды багынтабыз,- калгандары тыптынч болуп угуп отурушту. Сүйлөп бүткөндө баары ордуларынан турушту да, колдорундагы шарапты кагыштырып ичишти.

– Кана, айтчы, эмненин ичинен чыкканы жатабыз?- деди Санжар шарапты ичип бүтүп.

– Жер алабыз. Сокулук менен Бишкектин ортосундагы аймакта 5 гектар жер турат. Айланасынын баары сатылып кеткен. Ошол жерде гана эгин эгилип турат.

– Анан?

– Мен тиешелүү кишилер менен сүйлөшүп койдум. Кызматы бүтүп бараткан кишилер. Аларга акча керек. Ал жерди болбогон эле акчага алабыз да, жер тилкелерге бөлдүрөбүз. Бирок жарым жылда баасы асмандайт. Ар бир ченелген жер тилкени 1000 доллардын тегерегинде алсак, жарым жылдан кийин ар бирин 3-4 миңден сатабыз.

– Жарым жылда баасы кымбаттайт деген кепилдик барбы?

– Мен кепилдикмин. 3 айда кымбатташ керек. Өзүм жарым жыл болуп калышы мүмкүн деп жатам. Негизи бул жерге ашыгып жүргөндөр толтура.

– Арсен, бул албетте, жакшы нерсе. Бирок акчанын жарымын Тажикстандан героин тартканга колдонсок кандай болот? Москвага ташымакпыз. Менде тааныштар бар.

– Санжар аке, каршылыгым жок. Мен болгону мыйзамдуу иш жасайлы деген аракет көрүп жатам.

– Мыйзамдуу ишти күтүү керек. Мен сунуштаган дароо ишке ашчу нерсе.

– Бирок кармалып калсаңыз баарын жок кылып коё турган нерсе экенин да унутпасаңыз. Биринчи мыйзамдуу түрдө көбөйтүп алалы. Жанагы жерди алып, сатып бүтөлү. Ошондо ар кандай форс-мажорго даяр болуп калабыз.

Санжар Арсендин айткандарын туура көрдү. Үндөбөй калды.


ххх


Арсен көрөгөчтүк кылыптыр. Ары чуркап, бери чуркап жүрүп баягы эгин талааны алганга жетишкен болчу. 4 ай өтпөй ал ээлик кылган аймакта баалар асмандады.

Эмки кезек Санжарда болчу. Ал толугу менен бир унаанын тетиктерине жашырып героин жүктөп Орусияга жөнөп кетти. Кармалсам чыгарып алар киши бар деп ишенимдүү эле. Себеби бул учурда Арсендин жер тилкелери сатылып бүтүп зор акча сейфке келип түшкөн болчу.


ххх


Санжар менен Нурдин Москвада 2 айдай жүрүп калышты. Бул аралыкта ал бирде Чыңгыздын, бирде Арсендин наамына жума сайын көп суммадагы акча которуп турду. Лизанын болсо эч нерсеге башы оорубай калды. Ал мурда келечеги үчүн тынчсызданар эле. Азыр болсо каалаган кийимин кийип, каалаганын ичип-жеп жүрөт. Келечекте ал эч эле болбоду дегенде үйлүү, унаалуу болот. Эгер эч кандай кырсык же дагы бир тоскоолдуктар болбосо Лиза ханышадай жашай берери бышык.


ххх


– Буларды ойготпо. Таңга жуук келишти, уктап алышсын,- Арсен капыл-тапыл өз бөлмөсүнөн уйкусурап чыгып, конок бөлмөдө уктап жаткан Санжарды көрүп кыйкырып жиберейин деген Лизага карап сүйлөдү.

– Биз учакта уктап алганбыз,- көзүн жумуп жаткан Санжар «кел» дегенсип Лизага кучак жайды. «Санжа-ар» кыз анын кучагына жыгылды.

– Таак, иштериңер кандай? Эми сүйлөгүлөчү.

– Балким, тамак үстүндө сүйлөшөбүз.

– Жок, жок. Арсен, мен алып кеткен товардын акчасы канча болду?

– Бардыгы сиз экөөбүз ойлогондон да мыкты.

– Мен жаңы тааныштарды күтүп келдим. Жакында дагы товар жөнөтөбүз.

– Сиз мыктысыз. Баарыбыз сизге ишенип жүрөбүз да,- Лиза Санжарды чоп эттире өөп койду.


ххх


Акчасы бар адам башкалардын көзүнө бөлөкчө сыйлуу болуп көрүнөрүн Арсен жон териси менен сезип баштады. Кайда барбасын аны кучак жайып тосуп алган адамдар. Алтын, доллар, баңги заттар менен соода кылган тааныштары көбөйдү. Тааныштардын тааныштары мамлекеттик кызматкерлер, укук коргоо кызматкерлери, кылмыш дүйнөнүн барандуу өкүлдөрү болуп чыгып жатты. Бара-бара Санжар менен Арсен жөнөкөй жигит, жөнөкөй эле каракчы эмес, жогорку катмардын өкүлдөрүнө айланып баратышты. Кылмыш дүйнөсү менен да, жөнөкөй ишкерлер менен да мыкты иш алып бара алган, адамдын тилин таап, кирешенин көзүн буйдалбай көрүп турган Арсен сындуу жигиттер жогорку катмарда деле саналуу болчу. Санжар ар убак дал ушул жигит менен кез келишип, иш баштап калганына ыраазы болуп кетет. Ананчы, бул жигит бир дагы долларын бекерге коротпойт...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
legion-arbat
2017-09-05 09:20:10
Толук эле жазып салса гана жинденип туруп.
+16
Munar8625
2017-09-05 09:38:21
legion-arbat,аода
+1
maka_090596
2017-09-05 09:23:57
мен биринчи деп койчу беле
+1
Aitun
2017-09-05 09:29:26
Арсен молодец. Эми эптеп Болуштун байлыгын тартып алса болду
+8
aitowa11
2017-09-05 09:32:49
Мыкты чыгармада, автор калеминиз курчуй берсин
-1
Snejana
2017-09-05 09:48:45
ааныштардын тааныштары мамлекеттик кызматкерлер, укук коргоо кызматкерлери, кылмыш дүйнөнүн барандуу өкүлдөрү болуп чыгып жатты
+1
adiletik
2017-09-05 09:58:28
Кудай берип салдыго МЕ деп элечи!
+4
Kaprizka97
2017-09-05 10:12:26
Арсен эркек экен!
+4
OMURBEK.
2017-09-05 12:09:40
Kaprizka97,
Аты Арсен болуп атбайбы эркек да
+3
Syn4y
2017-09-05 10:39:13
bandit da jakwy adam bol4u bele
+3
Beks0207
2017-09-05 13:53:12
Лизаны суйуп калдым еле санжарды опкондон кийин суйбой калдым
0
Nurik99
2017-09-05 23:30:47
Арсен моладес еми Болуш менен Бегимайдан өч алуу мезгил келди
0
sulaimanov.ulan
2017-09-06 00:09:13
Кийинкиси качан чыгат достор каждый вторникпи
0
aytkulova
2017-09-06 00:39:18
sulaimanov.ulan, Ооба, ар жума вторник куну чыгат жаны саны
0
Aziyat
2017-09-06 22:12:29
sulaimanov.ulan,Экинчи эмес,үчүнчү күнү чыгат.
0
aytkulova
2017-09-06 00:39:59
Арсен оч алууга мезгил келди!
0
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан