Имамидин Ташов, «KG ГРУПП» курулуш компаниясынын президенти: «МЕКЕНИМЕ КЫЗМАТ КЫЛУУГА АНТ БЕРГЕНДЕРДИ КОЛДООГО МЕН ДА АНТ БЕРЕМ»

2017-жылдын 25-августунда Республикалык жоокерлердин энелер комитети Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы менен бирдикте жарыялаган «Мыкты аскердик бөлүк – энелердин көзү менен» жана «Республиканын мыкты аскердик комиссариаты» аттуу республикалык сынактарды жыйынтыктоо салтанаттуу мааракеси Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында болуп өттү.

Жоокерлердин энелери өлкөбүздүн жети дубанындагы аскер түзүмдөрүн, ар бир аскердик комиссариаттарды кыдырып, сынактын негизги критерийлери боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп, «Мыкты аскердик бөлүк», «Мыкты аскердик комиссариат» наамына татыктууларды сынактын эрежесине ылайык аныкташты.

Бул иш-чарага жылда «KG ГРУПП» курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов демөөрчү болуп келет. Үстүбүздөгү жылдын эсебинен 500 миң сом берген болсо, келерки жылы анын үстүнө дагы 200 миң кошуп, 700 миң сом берерин айтты.

Эскерте кетсек, былтыр 714-аскер бөлүгүнө барчу жолду толугу менен жасап берген. Имамидин Ташов мындай колдоосунун себебин «Менин мекениме кызмат кылууга ант бергендерди колдоого мен да ант берем» деген сөзү менен түшүндүрдү.

Аскердик жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов Имамидин Ташовду медаль менен сыйлады.


Аман Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
adi.anara
2017-09-05 10:48:43
Имамадин агайдай мырзалар коп болсо экен.Мен сыйлаган агай ,ишинизге ийгиликтерди каалайм.
+1
Patriot7
2017-09-05 12:17:20
Имаш, болду эми мактанганынды токтот, соопчулук кылсан элге жарыялап дардандаба...
+1
baktybek90
2017-09-06 00:57:34
алга имаш брат
-1
Arlenchik
2017-09-06 13:31:03
Колунардан ошондой иш кылыш келбейт анан кылгандарды мактанат деп сындайсынар, жазаган нерсесине мактана берсин.
+1
biznes
2017-09-06 16:50:09
Ушу кишинин эмгегин баалайм. Жакшы иштерди жасайт. Анан да крассавчик
+1
Bema74
2017-09-06 21:22:08
Имаш, жоокерлерди коюп туруп, алгач бир тууган Азиз укан Бишкекте журот, ушуга жардам берип кой, озунду пиар кыла бербе, жети атанды, айрыкча Асамидинди жакшы билебиз, шоуну токтот эми. Сени Полот хандын небереси дешкени чынбы? Полот ханга кайнаса канын кошулбайт, жалганды азыраак суйлогулочу, ата-бала
+1
Fidel
2017-09-07 13:32:56
Молодец бала дайыма элге жардам берип келет!
-1
Naziw
2017-09-12 00:48:08
Озун пиарлап сыягы депутат болгусу бар
0
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан