МЕН АСКЕРДЕГИ КЕЗИМДЕ...

Урматтуу окурман, атактуулар аскердик милдетин кантип өтөгөнүн, азыркы армия жөнүндө ойлору кандай экендигин билгиңиз келеби? Анда биздин 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата даярдаган макала назарыңыздарда.

Турусбек Жумалиев:
– Мен 1985-1987-жылдары Алматыда бир жарым жыл аскердик милдетимди өтөп, улуу лейтенант наамын алып кайткам. Аскерде жүргөндө мекениңдин баркын билип, жериңди, элиңди сагынасың дегендей. Биздин казарма алма бакка жакын жайгашкан эле. Ошондуктан, бош убактыбызда деле, курсак ачса деле алма жей берип, алмадан көңүлүм абдан калса керек, ошондон бери такыр алмага жокмун. «А-Студио» тобунун биринчи солисти Батырхан Шукенов менен бир жерде аскер кызматын өтөгөн элек. Азыр ал экөөбүз жакын достордонбуз. Анда Батырхан Алматыда жашачу. Кечинде үйүнө барып куртка, шым сыяктуу граждандык кийимдерди алып келчү. Аларды кийип алып, элге окшоп кечкисин Алматыны кыдырып кетчүбүз. Ал кезде бизди тамак жагынан да, кийим жагынан да жакшы карачу. Азыр угуп жүрөм аскерге баргандарды жакшы карашпайт экен деп.

Юрий Бобков:
– Мен аскердик милдетимди Москвада 1974-1976-жылдары өтөгөм. Институтта окугандыгыма байланыштуу аскерге кеч бардым. Аскерде ар улуттун эр жигиттери кызмат өтөгөн­дүк­төн, бири-бирибиздин сөзүбүзгө жакшы түшүнчү эмеспиз. Улутум орус болсо да эч ким мени орус деп ойлочу эмес, анткени, чачым кара болчу. Орус экениме карабай орусча билбеген адам болуп да койчумун. Чачымдын каралыгынын пайдасын аскерде жакшы эле пайдаландым. Батальондогу «деддер» кээде ашыкча эле кыйнап коюшчу. Ошентсе да аскерге барганымдын тарбиялык пайдасы мен үчүн зор болгон.

Абдылда Иманкулов:
– Ал кезде Союз өкүм сүргөн­дүктөн, аскерге чакырылган балдар Союздун ар тарабына бөлүн­чү. Мен Россиянын Свердловск шаарына, танк полкуна туш болуп, 2 жыл кызмат өтөгөм. Тартип бекем болуп, аскердик машыгуулар абдан катуу өткөрүлчү. Бир жолу аскердик машыгуу учурунда мен айдаган “МТ” маркасындагы аскердик танк бузулуп калбаспы. Ошентип, жанымдагы шеригим экөөбүз үч күн ак кар чүмкөнгөн ай талаада калдык. Ошондо ачкачылык эмне экендигин башыбыздан өткөргөнбүз. Уктасак да түшүбүздө, ойлосок да оюбузда нан, анан «эмне кылабыз?» деген ой болуп калды. Айла кеткенде кар жеп коёбуз. Командирибиз үчүнчү күн дегенде гана издеп келгенде атабызды көргөндөй сүйүнгөн элек. Азыр балдар аскердик милдетин бир гана жыл, болгондо да Мекенинде өтөшөт. Биздин учурдагыдай катуу машыгууларды, катуу тартипти көрө беришпейт.

Кубик Калыков:
– Мен 1987-жылдары Москва шаарында аскердик милдетимди өтөп келгем. Салмагым жетпей калгандыктан, эки жыл калып калгам. Андан кийин эле семизин, кулагы укпаганын да, көзү кылыйын деле аскерге айдап, ошолор менен кошо мен да кеткем. Жаңы барганда көнө албай бир топ эле кыйынчылыктарды башымдан кечирдим. Айрыкча, бир окуя эсимден кетпейт. Бир күнү командир кирип келип: «Баарыңар катарга тизилип, өтүгүңөрдү чечип, оң бутуңарды көтөргүлө» деп буйрук берип калды. Баарыбыз оң бутубузду көтөрүп туруп калдык. Командир буттарыбызды текшерип келе жатып, мага келгенде менин өскөн тырмактарымды көрүп: «Аа, сен даракка чыгасыңбы?» десе коркконумдан «ооба» деп жооп бериптирмин. Баары күлүп жиберишти. Көрсө, ал «маймылсыңбы?» деп мыскылдаганы экен да.
Аскерге музыкалык билимге ээ болгондон кийин баргандыктан, ал жакта оркестрде музыкалык аспаптардын түрлөрүн ойноп жүрдүм. Айрыкча, парадга чыкканда барабанды көтөрө албай эңкейип калчумун.

Кутман Жолдошов:
– Мен аскердик милдетимди Германияда өтөгөм. Балалык кезде ата-энемдин кашында эрке өссөм да, аскерде кийимимди өзүм жууп, үтүктөп, жыртылган жерин жамаганды үй­рөн­гөм. Катуу режимге да көнгөм. Немисчени эмес, орусчаны жанымдагы казак балдардан 6 ай дегенде үйрөнгөм. Командирден бир жакка барып келейин дегенди орусча айта албай, казак балдардан сурап жаттап алып, анан барып суранчумун. Германияда бир жолу шаар аралап жүрүп, бир жерден эшек көрүп аябай сүйүнгөм. Анткени, эки жыл бою эшек көрбөй жүрүп көрсөң, айылыңды , балалыгыңды эстеп жыргап алат экенсиң да.
Азыр кээ бир балдар аскердик милдетти өтөөнү милдеттүү деп санабай калышты. Ушунун өзү туура эмес көрүнүш деп эсептейм.

Ынак Осмоналиев:
– 1995-1997-жылдары Ички иштер министрлигине караштуу Жогорку Бишкек Мектебинде окуу менен бирге аскердик милдетимди өтөгөм. Тактап айтканда, кадимки аскердегидей болуп, бир жыл казарма турмушунда жашаганбыз. «Дедовщина» деген бар болчу. Машыгуу учурунда мээ кайнаткан ысыктан кээ бир балдар эстен танып жыгылып калган учурлар кездешкен. Мен музыкалык оркестрдин командири болчумун. Ички иштер министрлигине карагандыктан, тамак-ашыбыз жакшы болчу. Кыскасы, катуу тартип менен түрлүү машыгуулардан өтүп машыкканбыз.
Азыр аскердин кадыр-баркы жоголуп бараткансыйт. Мурда менин байкелерим аскерден келишсе той менен тосуп алышчу. Аскерге барбаган жигиттерди кыздар карачу эмес, азыр андай болбой калган.

Жамбыл Камчиев:
– Мен аскердик милдетимди Белорусияда 1972-1974-жылдары өтөп келгем. Менин аскерге барганымдын өзү кызык, анткени, барып эле Минск шаарына түш­көнү­бүздө менин документим Фрунзеде калып калыптыр. Ошентип, документим жок талаада калгам. Аскер бөлүмүнө арызданып атып араң аскерге кабыл алынганмын. Башында 6 ай аябай кыйналдым, арыктап кеттим, анан экинчи 6 айда араң семирдим. Анан үйдөн ата-энем берип жиберген акчаны кайра өздөрүнө жөнөтө баштадым. Аскерден мен көп нерсени үйрөнүп келдим. Мисалы, орусча сүй­лөш­­көндү да орус кыздарынан үйрөндүм. Ошондой эле кыз-жигит болуп сүйүш­көндү да орус кыздарынан үйрө­нүп, аларды сүй­гөм дагы. Кыскасы, мен орустардан көп нерсе үй­рө­нүп келгем.


Бир собол

АСКЕРГЕ БАРБАГАНЫҢДЫН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

УРМАТ УСЕНОВ:
– Мен окууга аябай зээндүү болгондуктан, окууга көбүрөөк басым жасап алыпмын. Окуу деп жүрүп жашым да өтүп кетиптир. Негизи, аскерге баруу ар бир кыргыз жигитинин ыйык милдети болуп саналат эмеспи.

МИРБЕК АТАБЕКОВ:
– Аскерге баруудан коркпоймун. Болгону, ата-энемдин сөзүн кыя албай гана барбай калгам. Бирок, курал колдонгонду эң жакшы билбесем да, кыргыз элимдин башына кыйынчылык түшсө, жоодон коргогонго аттанмакмын.

МИРБЕК ИМАНБЕКОВ:
– Мен болгону окуума байланыштуу аскерге барбай калгам. Чакырса, балким, барып ка­лышым да мүмкүн. Бирок, курал колдонгонду жакшы эле билем. Кичинекейимде атам менен аңчылыкка чыгып жүрүп мылтык атууну үйрөнгөм.

АКБАР СҮЙҮНБАЕВ:
– А мен болсо окуу деп, андан кийин ырдайм деп жүрүп аскерге барбай калгам. Бирок, барууга аябай аракет кылганмын. Ошентсе деле курал кармап элимди коргогонго жараймын.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан