«КАЛЫҢ БЕРИШСЕ ДА СЕПТИ ТАЛАШУУГА УКУКТАРЫ ЖОКПУ?»

«КАЛЫҢ БЕРИШСЕ ДА СЕПТИ ТАЛАШУУГА УКУКТАРЫ ЖОКПУ?»
Окурмандардан келген суроолорго «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи Айнура Мамашова жооп берет.

- Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Эки ай жашагандан кийин жылдызыбыз келишпей калдыбы же башкалардын жашообузга киришкени себеп болдубу, айтор ажырашып кеттик. Нике күбөлүгүн алган эмеспиз. Кетеримде «себимди алып кетейин» десем, кайненем «биздин да акча кеткен» деп талашып бербей койду. Эч кандай калың деле беришкен эмес, болгону айылга тойчук өткөрүшкөн. Анын кылганы туурабы? Угушумча калың берген күндө деле септи талашууга жигит тараптын укугу жок экен го. Чынбы?

Шаттыгүл, Баткен району


- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде көрсөтүлгөндөй, никелешкенге чейинки мүлк кыз-жигиттин өз-өзүнө гана таандык болуп саналат. Ошондой эле никеге тургандан кийин берилген белектер да өздөрүнө гана тиешелүү. Сеп бул – кызга ата-энеси тараптан берилген белек. Андыктан аны кайненеңиздин талашууга укугу жок. Эгер бербей жатса сепке эмнелер берилди эле, ошонун баарын тизмелеп жазып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылсаңыз болот.

Айта кетчү нерсе, калың баш мыйзамда каралган эмес, андыктан калыңды доолай алышпайт.

МУГАЛИМ ОКУУЧУНУ КЛАССТАН ЧЫГАРЫП САЛУУГА УКУГУ БАРБЫ?»

- 2017-жылы 4-чейректе физика мугалими 9-класста окуган уулумду «тентектик кылдың, экинчи сабагыма кирбе» деп класстан чыгарып салган экен. Биз мындан кабардар болгон эмеспиз. Эжейине өчөшкөн уулум сабакка кирбей жүрө берип жыйынтыгында, чейрегинен «2» чыгыптыр. Мугалим окуучуну класстан чыгарып салууга укугу барбы?

Фарида, Чүй району

- Билим берүү министрлигинин мугалимдер боюнча атайын жобосу бар. Анда көрсөтүлгөндөй, мугалим окуучуну окутуп-тарбиялоого гана укуктуу, класстан чыгарып салууга укугу жок. Эгер окуучу чындыгында тартип бузса, анда мектеп администрациясы жана ата-эне сөзсүз кабардар болушу керек.

«ТӨРӨТ ҮЙҮНДӨ МААЛЫМДАМА ЖАЗЫП БЕРҮҮ ҮЧҮН АКЧА СУРАШТЫ...»

- Жакында уулдуу болдум. Келинчегим кесарево жолу менен төрөдү. Сурайын дегеним, дарыгерлер төрөт үйүнөн балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда берилчү маалымдаманы жазып берүү үчүн акча сурашты. Келинчегимди караган дарыгер да акча талап кылды. Алардын бул жоругу мыйзамга туура келеби? Өз укугумду билгим келет, сураныч, жооп берип койсоңуз.

Бакыт, Бишкек шаары


- Жогоруда сиз санап өткөн нерселер Баш мыйзамда каралган эмес. Нормативдик укуктук актылардын негизинде түзүлүшү мүмкүн. Негизи ар бир тейлөө мекемелеринде прейскурант болушу шарт, акча талап кылган кезде аны көрсөтүүнү талап кылыңыз. Ал жерде бардык баалар көрсөтүлүшү керек. Мисалы, төрөт үйлөрүндөгү прейскурант Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин же сиз кайрылган мекеменин профсоюзу тарабынан бекитилип, башчысы тарабынан мөөр жана кол тамга коюлушу шарт. Прейскурантта көрсөтүлгөн суммаларды гана төлөөгө укуктуусуз.

«НИКЕГЕ ТУРГАН ЭМЕСПИЗ. АЛИМЕНТ ТӨЛӨТӨ АЛАМБЫ?»

– 6 айлык уулум бар. Жолдошум экөөбүз нике күбө­лү­­гүн ала электе ажырашып кеттик. Эми балама туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кантип алам? Колумда төрөт үйүнөн алган туулгандыгы тууралуу гана маалымдама бар. Атасынан алимент тө­лөтүп алууга укугум барбы?

Мадина, Кара-Балта шаары


- Мамлекеттик жарандык каттоо органына кайрылып, уулуңузду өз наамыңызга каттатсаңыз болот. Эгер жолдошуңуз уулуна өз фамилиясын берсе алимент төлөтө аласыз. Фамилиясын берүүдөн жана алимент төлөөдөн баш тартса, анда атасы экендигин аныктоо боюнча сотко кайрылсаңыз болот. Сот сиздин жолдошуӊуздун баланын чыныгы атасы экендигин тастыктаган далилдерге таянып чечим чыгарат. Соттун чечими чыккан соӊ никеге турбагандыктан балаӊыз 3 жашка чыкканга чейин алимент өндүрүүгө укуктуусуз.

«ТҮНКҮ КЛУБ, КАФЕЛЕРДИН ИШ ГРАФИГИНЕ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗҮҮГӨ БОЛОБУ?»

- Менин суроом төмөндөгүчө: шаардын аймагындагы түн ортосуна чейин иштеп элдин тынчын алып, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун уясы болгон спирттик ичимдиктерди сатуучу жайлардын, интернет жана бильярд клубдарынын иш графигине чектөө киргизүүгө болобу?

Данияр, Бишкек шаары


- Албетте, болот. Бул нерсе Баш мыйзамда да көрсөтүлгөн. Бул жүрүш-туруш эрежелерин бузуу, бейбаштык аракет деп саналат. Мыйзамда белгилегендей, көңүл ачуучу жайлардын иштөө графиги эртең мененки саат 8:00дөн түнкү 22:00гө чейин гана. Андан кийин элдин тынчын алса, административдик чаралар көрүлүүсү керек. Эгер мындай жайлар сиздин тынчыңызды алып жатса укук коргоо органдарына арыз менен кайрылсаңыз болот. Сөзсүз фактылар жана күбөлөр керек.


Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «АДИСТИН КЕҢЕШИ» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу мыкты адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз!
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 ватсап номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз .

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
asuman
2017-09-06 06:18:17
Мен уулумду торогондо койкага деп 600сом акушерге 500,санитаркага 400 бергем.анан санитарканын деле иши чон деп ойлойм,себеби ичинден чыккандын баарын тазалайт бечаралар.ал эми кызымды торогондо 2акушерге 500дон ал эми санитаркага 300сом бердим,торогон аялдар жакшы эле билет болуш керек эгер коргон болсо санитаркалардын иши канчалык оор экенин.анан справканы куболук алыш учун оздору жазып келип берип кеткен палатага.акча сураган эмес.койкага 600.
+4
nurhan2702
2017-09-06 09:09:00
ооба роддомдогуларга соз жок кыскасы бети деле калбаган.....
+5
nurhan2702
2017-09-07 10:37:52
nurhan2702,Россияда деле тородум бир тыйын сураган жок.Аларда совесть бар.Бирок тушуном алардын зарплатасы канааттандырарлык.А бизде аз .....
+4
nargis
2017-09-06 09:22:20
Мен деле торот уйундо ким канча акча сураса берип чыгып кеткем, себеби балдарымдын башы аман, ден соолугу чын болушун кудайдан тилеп зекет катары бергем.
-1
nurhan2702
2017-09-07 16:14:11
nargis,Зекет бергин келсе мусапырга.майыптарга бер
+4
temirov76
2017-09-10 10:07:58
nargis,аның зекет катары эсептелбейт,ал коррупция болот.
+1
Muratmipa
2017-09-06 09:46:12
Мен биринчи кыздуу болгондо сураганына эле акча бере бергенмин суйунгонумдон бир палатада жаткан келиндерге да
-2
jenamillionera
2017-09-06 10:08:05
Караколдо торогом, бир да сом берген эмесмин. эч кими бер деп да кыйнаган эмес
+2
AIZAD
2017-09-06 12:48:20
Мен улуу кызымды торогондо Бишкектен торогондо да акушерств-гинеколог кайра кайра 4000 сурап атып 2000берип калганын эртен деп бербей кеткем. Жок болсо эмнемди берем? 2004-жыл болчу . Кичуумду Атбашыдан тородум 2009ж бир тыйын сураган жок.
+2
Adeli
2017-09-06 13:05:35
Эн башкысы кыздын кыздык омуру менен барып келин деген статус алып,б.а. кыз атын берип атат,демек септи кайтарып алуу керек,шарият бул Аллаhтын пенделерине корсотуп берген жолу,анда КАТА болбойт,шариятта септи кайтарып бергиле делет,а Калынды кайтарып албайт.
+7
Jakshylykkg
2017-09-07 01:46:02
Ошто эл мыйзамга баш ийишпейт экен менда экинчи баламы Ошто тородум кирип кирбей акча сурап баштайт экен бишкекте андай эмес биринчи баламда экинчи раддомдо тородум аябай жакшы караган торогонго чейин минден берсек албай койгон аман эсен тороп алайын де акчанын кереги жок деп
+2
aika2015
2017-09-07 06:24:42
менин тайнем биринчи жолу чон эне болгондо суйунчусуно канча бергенин билбей калыптыр. Суйунчу деп келгендерге бере берипмин суйунгонумдон дейт)) карангы болчу коргон эмесмин акчаларды дейт:) кайра уйго кеткенге жаны торогон женемден жол кире сураптыр тоова,бирок "по идеи" женеме акча берем деп жургон экен. Суйунгон убакта кеткен акчаларына деле ыраазысын,главное врачтар доолабаш керек деп ойлойм мынча бересин деп. Оз конулунон чыкканды беришсе ала беришсе...
+2
GER
2017-09-07 12:31:51
Мен торогондо да биринчи неберелуу болушканына суйунушуп таенеси да таятасы да чон атасы да суйунчу беришкен. Ал эми атасынан мени карабаган врачтар деле алышыптыр. 2 де болсо 2000 берсе да моющийге салфеткага бер деп кашайтып куйоомду. Чыгарда болсо где то 1000 кетет анысына мунусуна деп. Еще вазелиновое масло менен ватаны 100 дон дешет((( а озун алсан аны 30 с эле турат экоо биригип. Эми торотуп атканына шугур. Аман эле болушсун.
0
brilliantka2016
2017-09-07 17:49:26
бала жак баш алып аткандан кийин чыгым кетет да.жогоруда айтылгандай кыз жак сеп берсе бала калын берип той да берет деп.бала жак келин алып бир баш кошулуп атат да.тойду кааласа да каалабаса да берет.
+1
Aytur
2017-09-07 23:56:33
Мен Бишкекте 4-роддомдо тородум кесарева жолу менен акча толободум 2 н кийин уул болгонго жолдошум 1500 сом бериптир унчуго башка бербедим 9 ай мурун эле!
0
Gulkaiyr.9195
2017-09-09 03:10:06
Туура
0
Gulnaz.GS
2017-09-09 23:18:36
россияда операция болгом.эми канча мин болуп кетти деп ойлоп жургом.бир тыйын алган жок эч ким.плюсь завтрак ужин.обед.Путинден ыраазы болгом ошондо
+2
Sayragul
2017-09-11 11:10:23
Ошто, Бишкекте бардык торотканалар, ооруканалар аябай эле коп суммадагы акчаны алышат.Ушул жагын козомолдогон эч ким жок. Бейтап жатайын десе орун жок болот, баарынын жообу ошондой, акча берсе орун табышат. Ар бир кыймылы санитарка, медсестра баары кыймылдап койгонуна акча талап кылышат. Ал эми РФ торогондор тескерисинче белек алып чыгышат экен, бир тыйын акча талап кылышпайт экен. Кыргызстанда абдан жаман медицина системасы.
+1
№ 774, 1-7-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан