Тагдыр
Ак халатчандардын өз жумушуна жасаган кайдыгерлиги тууралуу маалымат каражаттары көп эле жазып келишет. Тилекке каршы, бул фактылардан эч кандай жыйынтык чыкпай келет. Бул жолу дарыгерлердин жоопкерсиздигинен улам 5 айдан бери эс-учуна келе албай жаткан аравандык 41 жаштагы Майрам Момунова тууралуу жолдошу Өмүрзак ага буларды айтып берди.
“КЕЛИНЧЕГИМ ҮН-СӨЗДӨН КАЛДЫ”
– Жубайым Майрам 6 баланы төрөдү. Тилекке каршы, улуу кызымдан кийинки 3 уулум тең 1 жашка чыгып чарчап калышкан. Учурда 2 кыз, 1 уулубуз бар. Көр тириликтин айынан Бишкекке келгенибизге 6-7 ай боло элек болчу. Майрам 7-автобазада ашпозчу болуп иштечү.
Каргашалуу 2-январь күнү “ооруп жатам” дегенинен №6-төрөт үйүнө алып келдим. Дарыгерлер карап көрүшүп “жатындан тышкары бойго бүтүү” деп диагноз коюшуп, “операция кылабыз” дешти. Операцияга кирип баратканда Майрам “эч нерсе болбоймунбу?.. Бир нерсе болуп кетсем балдарды жакшы кара” дегенинен, “койчу, ай, кайдагыны айтпай” деп кагып койгон элем.
Дарыгерлер “операция ийгиликтүү болду, 1 литрдей кан кетти” дешкен. Жакшы чыккан адам кантип мындай абалга келсин?! 3 литрдей кан кетирген айымдар деле бутуна туруп кетип жатышыптыр. Майрам болсо 5 айдан бери минтип үн-сөздөн калып, көзүн ирмеп гана жатат. Угушумча, келинчегимди карап жаткан анестезиологду бөлүм башчысы чогулушка киргизип жиберген экен. Ошол учурда Майрам кароосуз калып, комага түшүп калыптыр. Кийин сураштырсам, кома эмес эле, инсульт болуптур. Баарынан кызыгы, эки айдан кийин ошол анестезиологду Орусияга качырып жиберишиптир.
“ЭЧ БИР ООРУКАНА КАБЫЛ АЛБАЙ...”
– Төрөт үйүнөн бизди Воронцовкадагы реабилитациялык борборго жөнөтүштү. Ал жерде иштеген Кулов деген профессор, невропатолог “эч нерсени сезбей жатпайбы! Муну бизге эмес, реанимацияга алып баргыла” деп кабыл албай койду. Андан чыгарып, Жалдагы реанимация бөлүмүнө алып барышты. Ал жердегилер да “бирөөнүн кылган ишине жооп бере албайбыз” деп коюшту.
Ал жактан кайра төрөт үйүнө келсек, лифттин кире беришинен тосуп алышып: “Болду, бул жакта дарыланбайсыңар! Ахунбаев көчөсүндөгү жалпы реанимациялык бөлүмгө баргыла”,- деп киргизбей коюшту. Бул жерде жакшы карашпай, жата бергенден эти эзилип, шылынып арыктап кетти. Ошондо Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысы Анара Эшкожоевага кирип, ачуум менен “тааныш-билиштеримди чогултуп, келинчегимди Саламаттыкты сактоо министрлигинин астына алып барам да, аялымды бутуна тургузуп бергиле деп кыйкырам” дедим. Эшкожоева Жалдагы оорукананын башкы дарыгери Узакбаевге телефон чалды эле, ал да: “Бирөөнүн оорулуусун бирөө карабайт. Өзүңөр карагыла. Бир нерсе болсо жооп бересиңер! Өзүнчө бөлмө берип, карагыла”,- деди.
Ушундан кийин бизге бир бөлмө беришти. Анда бир айдай жаттык. Бирок эч кандай жылыш болгон жок. Көп жаткан адам пневмания оорусуна да кабылат экен. Анан “инфекция чыкты” деп ушул бөлмөгө которушту. Майрамдын салмагы 70 килограммдан ашык эле. Азыр 40 килограмм араң чыкса керек. Апам тандырга нан жаап, кургатып берип жиберүүдө. Ошону майдалап, кайнак сууга чылап, шприц менен ичирип жатам.
Саламаттыкты сактоо министрлигине барсам, министрдин өзүнө киргизбей коюшту. Эми Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева өзү келип, келинчегимдин абалын бир көрүп кетсе болор эле. Анткени менин аялым эле эмес, канчалаган айымдар дал ушул дарыгерлерге келип көрүнүшөт эмеспи.
“БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ ТУШ-ТУШКА ЧАЧЫРАП...”
– “Эне – үйдүн куту” деген чын экен. Колубузда 4-класста окуган кызым, анан 5-класста окуган уулум бар эле. Экөө эптеп тамак жасап, бизге ташып жатышкан. Үй-бүлөдө эненин орду өзгөчө тура. Балдар кароосуз калгандыктан, аябай жүдөп кетишти. Айла жок, 85 жаштагы апамдын колуна бердим. Азыр күн сайын телефон чалып: “Апам жакшы болуп калдыбы? Качан келесиңер? Сагындык, кыйналып жатабыз”,- деп жатышат.
Улуу кызым жаңы эле турмушка чыккан. “Бат эле чыгабыз” деп тоюн 10-январга белгилегенбиз. Бирок элден бата алып, той берерде минтип оорукананын муздак дубалдарын тиктеп жатабыз.
Дары-дармекке, тамак-ашка баш-аягы 300 миңден ашык акча кетти. Колумда болгон мал-жандыгымды, мүлкүмдү, жадакалса балдарым менен сүйлөшүп жүргөн телефонумду да сатууга аргасыз болдум. Баш аман болсо, дүнүйө табылат дечи. Эң негизгиси, көз ачып көргөн келинчегим бутуна туруп, балдарымдын маңдайына барса болду эле.
ДАРЫГЕРЛЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Майрам Момунованын абалы тууралуу дарыгерлерге кайрылганыбызда өзүн “Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысынын орун басарымын” деп, бирок атын атагысы келбеген эже буларды айтып өттү:
– Эми биз колдон келген жардамыбызды берип жатабыз. Реабилитациялык борборго жөнөттүк, алар кабыл албай коюшту. Минтип атайын бөлмө да бөлүп бердик. 10 миң сомдук “массажный матрац” заказ кылдык. Дары-дармектерди берип жатабыз. Бирок эч кандай жылыш жок.
Ал эми Майрамга операция жасаган дарыгер ШАХЛО АБДЫЖАПАРОВА:
– Ооба, операцияны мен жасагам. Операциядан ийгиликтүү өткөн. Эмне болгонун өзүбүз да түшүнө албай турабыз,- деп жооп берди.
Чындыгында, адам кыйналып, жаны көзүнө көрүнгөндө дүйнөнүн баары бир тең, чымындай жаныңды аман алып калуучу дарыгериң бир тең болот эмеспи. Ошондуктан ар дарыгер элине халатынын өңүндөй ак кызмат кылса экен деген ниеттебиз.
ДАРЫГЕРЛЕР КАЙДЫГЕРЛИГИ ҮЧҮН ЖООПКО ТАРТЫЛЫШАБЫ?
Бул суроого “Статут” юридикалык компаниясынын президенти, профессор Назаркул Бопоев мындайча жооп берди:
– Эгерде дарыгерлер профессионалдык милдетине кайдыгер мамиле жасап, анын кесепетинен адамдын ден соолугуна орчундуу зыян келтирилсе, сот жообуна тартылат. Ал үчүн төмөнкүдөй жагдайлар болушу шарт:
Ушул далилдер болгондон кийин дарыгерди сотко берип, кеткен моралдык, материалдык чыгымдарды өндүрүп алууга болот.
Дамира Арстанова
koom@super.kg