ДҮЙНӨГӨ БЕЛГИЛҮҮ МУЗЫКАНТ ЛЕО РОХАС КОМУЗДУН КОШТООСУНДА АТАКТУУ ХИТТИ АТКАРДЫ

Дүйнөгө Лео Рохас деген ысым менен таанылган пан-флейтачы толук аты-жөнү Хуан Леонардо Сантильиа Рохас. Лео Рохас Кыргызстанга «Ыйман, адеп жана маданият жылына» ошондой эле улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата дүйнө элдеринин эпосторунун 4-фестивалына катышуу үчүн келген. Леону дүйнө эли «Einsamer Hirte» («Одинокий пастух» же «Жалгыз койчу») чыгармасы аркылуу тааныган.

4-сентябрда Улуттук филармонияда өткөн концертте Лео сахнага дүйнөлүк хит чыгармаларды аткарып, индейлерче кыйкырып, белинен ашкан узун кара чачын ары-бери силкип, секирип бийлеп жатты. Рохастын күйөрмандары мекенибизде да көп экендиги ал сахнага чыгып чыгарма аткарып жатканда ордуларынан туруп кол чаап, бийлеп жаткандыгынан билинди. Мейманыбыздын ашып-ташкан энергиясы көрүүчүлөргө өзгөчө маанай гана жаратпастан, мыкты энергия да тартуулады.
Немис тилинде сүйлөгөн каарманыбыз менен биз котормочу аркылуу баарлаштык. Маек учурунда ал дайыма жылмайып, баш ийкеп жатты. «Мүнөзүңүздү сүрөттөп берсеңиз» деген сурообузга «силер менен баарлашып жатпаймынбы, өзүңөр байкагыла» деп күлдү. «Сүрөткө тартып алалы» десек ыгыбызга көнүп илгиртпей ар кандай түрдө түшүп берди. Маегибиз анын балачагы менен башталды.

- Мен 1984-жылы Эквадордо (Түштүк Америкадагы Эквадор Республикасы) туулгам жана бала чагым ошондо өттү. Атам музыкант, гитарачы. Эс тартканы атамдын музыкалык аспаптарына кызыгып кармалай коюп жүрүп мени да музыка дүйнөсү өзүнө тартып алды. Устатым атам эмес, музыкалык аспаптарда ойноону өз алдымча үйрөндүм. Бирок биринчи флейтамды атам жасап берген, ал азыр да сакталуу. Музыка жаатында билимим жок, бирок дайыма музыка сырларын, күчүн терең изилдеп, изденип келем. 15 жашымда туулуп-өскөн жерим Эква­­­­­­­­­­­­­­­дордон Европага аттанган элем. Менин Германияга жол тартышыма экономикалык кыйынчылыктар себеп болду. Акча таап, үй-бүлөмдү багышым керек эле. Ошентип алгач Испанияга, андан кийин Германияга барып, Берлинде чакан батирде жашап калдым. Мен Эквадордо деле көчө музыканты катары элдин көңүлүн бура алгам. Бирок Германияда менин күйөрмандарымдын саны андагыдан да көбөйдү. Флейтанын күчүн мен Германиядан сезе алдым. Анткени ал жакта өтүп бара жаткан адам флейтанын үнүн укканда эч качан кайдыгер басып кетпейт. Шашып бара жатса да сөзсүз бир аз убактысын күү угууга арнайт. Берлинге барганда максатым орундалып, башка кесиптештерим тапкан каражатты мен деле таап жаттым. Ал жактын эли мага жакшы мамиле жасады. Жакшы мамиле дегеним аздык кылат, чынында мени бактылуу кылышты.

Кадимки күндөрдүн биринде жаш жигиттин күүсүн тыңшап калган күйөрмандарынын бири ага атактуулуктун ачкычын карматкан. Башкача айтканда, ал адамдын сунушу менен ал айткан долбоорго катышууга бел байлаган. Долбоордо немис композитору, аранжировкачы, дирижёр Жеймс Ласттын «Жалгыз койчу» композициясын ойноп, көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган. Учурунда аталган күүнү Георге Замфир аткарып, 1977-жылы хит кылган эле.

- Германияга барганыма бир жыл болгондон кийин бир жакшы адам «Das Supertalent» долбооруна катышуумду сунуштады. Барып кастингден өтүп кеттим. Аталган долбоордун 5-сезонунун катышуучусу катары финалга чыктым. Андан соң «Жалгыз койчу» күүсүн аткаруу менен миллиондогон күйөрмандардын сүйүктүү музыкантына айландым. Атымдын таралышына себеп болгон сынак 2011-жылдын 17-декабрында аяктаса, 2012-жылдын алгачкы айында эле «Карчыганын духу» аталышындагы алгачкы альбомум жарык көрдү. Альбомдун чыгышына белгилүү немис поп-музыканты, «Modern Talking» тобунун негиздөөчүсү Дитер Болен продюсерлик кылган. Дитер Болендин мен жөнүндөгү ою мен үчүн өтө маанилүү болчу. Мен аны ага чейин дүйнөгө таанымал улуу музыкант катары таанычумун жана «Modern Talking» тобунун ашынган фанаты элем. Топтун бир да ырын көңүл сыртында калтырчу эмесмин. Менин Германияга келишимдин негизги себеби – акча табуу жана топтун ырларын жакындан угуу эле. Акча чогултуп топтун ырлары камтылган дискти сатып алганымды унутпайм. Ошондон кийин Дитер Болендин немис экенин билдим. Ага чейин мен аны америкалык деп ойлочумун.

Жеке жашоосу тууралуу атактуу жылдыз анча ачыла бербеди. Интернетте дагы анын жубайы польшалык экени гана айтылып, ашыкча маалымат жок экен.

- Жеке жашоомду маалымдоо каражаттарына жар салып, элге көп жарыя кыла бергим келбейт. Үй-бүлөмдүн коргоочусумун. Уулум бар, бактылуумун.

Кыргызстанга биринчи жолу келген Лео Рохас, элибиздин меймандостугун баса белгиледи. Жаратылышыбыз эч качан унутулбасын айтып өттү.

- Мен Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Мага абдан жакты. Маданияты бай, үрп-адат, каада-салты менен өзүнө тарткан эли меймандос экен. Бир нече иш-чаранын алкагында өтүп жаткан эл аралык фестивалдын коногу болгонума кубанычтамын. Тамак-аштарынын даамы да таңдайыман көпкө кетпесе керек. Бул жактын тамак-ашы өтө таттуу, сөз менен айтып жеткис даамдуу экен.

Ошентип филармонияда өткөн концертте Лео дүйнөлүк хиттерден аткарды. Өзү жалгыз бир нече күү ойногон соң «Мурас» комузчулар тобу менен биргеликте «El Condor Pasa» («Кондордун учушу») күүсүн биргеликте аткарышты. Залда отургандардын дээрлик бардыгы «Жалгыз койчу» композициясын күтүп отурушканы анык. Бирок Лео Рохас ал күнү күйөрмандардын сурангандарына болбой, жүгүнүп сахнадан чыгып кетти.

"Жалгыз койчу" композициясынын популярдуулугун дүйнөгө таанымал кинорежиссёр Квентин Тарантино "Биллди өлтүрүү" тасмасынын саундтреги катары колдонуу менен дагы бир жолу арттырган.

Пан-флейтачы мекенибиздеги күйөрмандарынын алдына ушундай формада чыкты. Сахнада тердегенче күү ойноп, бийлеп да жатты.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Asyl10
2017-09-12 14:11:16
Озгочо стили,колоритти сактаганына, укмуш талантына,чеберчилигине тан калам,абдан жагат. Кыргызстанга келгенин билбептирмин,негизи интернеттен коп коруп тан калып журчумун бул адамга.
+3
Dembele84
2017-09-13 00:20:40
El condor pasa-деген музыкасын уксанар укмуштай эс аласынар
+2
Nazaroff1974
2017-09-13 02:22:07
Аябай жан дуйнону эргиткен музыкалар.Суперрелакс.Чиркин,уккандан тажабайсын го...
+2
Siren90
2017-09-17 21:44:37
Жалгыз койчу англисче аталышы кандай
0
Siren90
2017-09-17 21:46:28
Жогоруда бар экен го
0
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан