Изги ишти улантып: СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДУН ТУШУНДА АЛГА ЖЫЛГАН БИЛИМ ТАРМАГЫ

БИЛЕКТҮҮ БИРДИ, БИЛИМДҮҮ МИҢДИ ЖЫГАТ

Быйылкы Билим күнү (1-сентябрь) ыйык Курман айт майрамы менен бир келди. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында Сүймөнкул Чокморов атындагы мектептин жаңы имаратын ачуу аземине катышкан президент Алмазбек Атамбаев элибизди кош майрамы менен куттуктап, бул жаатта аткарылып жаткан иштерге учкай токтолду. Агартуу тармагындагы жетишкендиктерге Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү да чоң салым кошконун эске салабыз.
Баланы билим алууга тарбиялоо, ага туура багыт берүү – ата-эненин милдети. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Чоң-Таш апасынын туулган айылы экендигин, анын инсан катары калыптанышына энеси көп эмгек жумшаганын билдирди. «Менин окуп, жакшы билим алышыма апамдын эмгеги зор»,- деди Алмазбек Атамбаев.
Президенттин эскеришинче, атасы 60 жашында көргөн кенже уулун жанынан чыгаргысы келбесе керек, «эң кичинекейибиз Алмазбек окубай эле жаныбызда калсынчы» десе апасы ага көнбөй окутуптур. «Мен чөп чапканды, багбанчылыкты, эгин сугарганды жакшы көрчүмүн, эгер апам окутпаганда сугатчы болмокмун»,- дейт А.Атамбаев. Андан ары мектепте окуп жүргөндө штанга көтөрүүгө, күрөшкө, бокско кызыгып кетсе керек, апасы «билектүү бирди жыгат, билимдүү миңди жыгат» деп билим алууга үндөгөнүн эскерди. Билгенге бул сөздөрдүн чоң тарбиялык мааниси бар.
Чоң-Таш айылындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы мектеп 1929-жылы курулган. Айылдын жашоочулары өткөн жылдын сентябрь айында президент барганда спорт залы, бардык шарты бар мектептин жаңы имаратын куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Мамлекет башчысынын өкмөткө берген тапшырмасы аткарылды.
Алмазбек Атамбаев мектептин жаңы имараты менен таанышып, окуу кабинеттерин жана спорт залды көрүп чыкты. Ошондой эле мектепке интерактивдүү доска менен жаңы окуу китептерин белекке тапшырды.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДУН ӨКМӨТҮ МЕКТЕП РЕФОРМАСЫН АЛДЫГА ЖЫЛДЫРДЫ

XXI кылым – илимдин, инновациялык технологиянын, интернеттин кылымы. Ага жараша дүйнө өтө тездик менен өзгөрүүдө. Бүгүн көргөнүң эртеңкиге окшобогон мындай учкул заманда мамлекеттин өсүп-өнүгүшү жогорку технологияларга байланышып калган. Мындай шарттарда Кыргызстандын бүгүнкүсү жана эртеңки келечеги илим-билимсиз бир кадам да алдыга жыла албайт. Ушул жагынан алганда Кыргызстан билим берүүгө бюджеттин 24 пайызын бөлгөн дүйнөдөгү 11 өлкөнүн бири.
Мектептерге көңүл буруу, жаңы мектеп имараттарын салуу, базасын чыңдоо, компьютерлештирүү сындуу алгылыктуу иштер Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө жүзөгө ашырылды. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү бул тармакка өзгөчө көңүл буруп, мектеп реформасын алдыга жылдырганы менен эсте калды. Буга Сооронбай Жээнбеков баштаган министрлер кабинетинин 1,5 жылга чукул аралыкта 134 мектептин, 100 бала бакчанын курулушун бүтүрүп, пайдаланууга бергени далил.
Мугалимдердин маянасы орточо айлык акынын деңгээлине Сооронбай Жээнбековдун тушунда жетти. Бул абдан курч социалдык көйгөй болчу. Натыйжада убагында мектепти таштап кеткен мугалимдер сүйүктүү кесибине кайрылып келе башташты. Маселен, беш жыл мурда мектептерде 3800 мугалим жетишпесе, бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 401 мугалим тартыш. Бүгүнкү күндө агартуучулардын орточо айлык акысы 13 800 сомду түзсө, 2010-жылы бул көрсөткүч 3500 сомго барабар эле.

МЕКТЕПТЕРДЕГИ ИНТЕРНЕТ БАЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ САПАТЫН ЖОГОРУЛАТАТ

Азыр интернеттин арааны жүрүп турган мезгилде мектептер да четте калбашы керек. Анткени интернеттин өзү билим булагына айланганы качан. Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеп турган кезинде өткөргөн жумушчу кеңешмеде мектептерди интернетке кошуу боюнча иштер тынбай жүрүп жатканын билдирип, ишти тездетүү талабын койгон. «Жаңы окуу жылынын башталышы менен өлкөбүздө дагы 775 мектеп интернетке туташтырылат. Мунун ичиндеги 27 мектеп өлкөнүн алыскы чек ара райондорунда жайгашкан. Буга чейин 400дөн ашык мектеп интернетке кошулган. Ошону менен өлкөдөгү мектептердин 60 пайызы интернетке кошулуп, калгандары 2018-жылы «Таза коом» долбоорунун алкагында туташат. Буга катар билим берүү тармагына мамлекеттик казынадан тиешелүү каражаттар бөлүнүп жатат. Өкмөттүн бул тармакка камкордугу токтобойт»,- деген Сооронбай Жээнбеков бул максатта
112 миллион сом бюджеттен каралганын баса белгилеген.
Мектептердин дагы бир көйгөйү – окуу китептеринин тартыштыгы. Ал эми мектептерди интернетке кошуу менен бул көйгөйдү дээрлик жоюу мүмкүнчүлүгү бар. Учурда 360 окуу китептеринин электрондук варианты киргизилген. Ошондой эле Кыргызстандын мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери интернеттен 566 диссертация жана 794 сейрек цифралаштырылган китептер менен таанышып, керек болсо, аларды көчүрө алышат. Ошону менен учурда мектептердин базасында ар бир райондо жана шаарларда 60 электрондук китепканалар түзүлдү.

ДЕН СООЛУККА КАМКОРДУК – МУГАЛИМДЕРГЕ ШАРТ

Өз кесибин мугалимдиктен баштаган Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматта турганда мугалимдердин түйшүгүн жакшы билерин көрсөттү. Келечек муундарды тарбиялап жаткан мугалимдердин ийгиликтүү иштеши үчүн мамлекет алардын ден соолугу үчүн да кам көрүү зарылдыгын эске алып, 2017-жылдын июнь айында Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Асыл» пансионатын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүү боюнча өкмөттүн чечимине кол койду. Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарында «Асыл» пансионатынын имаратын ремонттоону тез арада баштоону жана анын аймагында 400 орунга ылайыкталган беш кабаттуу ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы имаратынын курулушун баштоо тапшырмасын берген. Ал үчүн республикалык бюджеттен
377 миллион сом бөлгөн. Көз карандысыздыкка ээ болгон
26 жылдан бери бир да эс алуу борбору жок мугалимдер мындан ары жыл бою кезек-кезеги менен Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып, ден соолугун чыңдай алышат.

ТОК ЭТЕРИН АЙТКАНДА...

2017-жылдын 1-сентябрында Кыргызстан боюнча 140 миң бала мектеп босогосун алгачкы ирет атташты. Жалпысынан жаңы окуу жылында мектептерде
1 миллиондон ашуун окуучу билим алып, 79 миңден ашуун мугалим иштеп жатышат.
Расмий статистикага кайрылсак, 2005-2009-жылдарда болгону 127 билим берүү мекемелери (бала бакча, мектеп баары биригип) курулса, акыркы алты жылда бул көрсөткүч 2,5 эсе көбөйүп, 309 жаңы мектеп бүтүрүлүп, пайдаланууга берилген. Ал эми 2016-жылы 98 мектепте капиталдык оңдоо жасалып, бул максатта бюджеттен 1 миллиард 39 миллион сом жумшалган. Булар дагы бардык шарты бар жаңы мектептердин катарына кирет.
Мектеп окуучуларынын жол коопсуздугу да олуттуу маселеге айланды. Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеген кезинде жолго жакын мектептерге светофорлорду орнотуу, жол полициясын, жол белгилерин тез арада коюуну талап кылган. Учурда 1232 жол белгиси, 218 жол полицейлери жаткырылып, 215 чийүү белгилери жасалды. Ошондой эле Нарын, Ош шаарларында мектептердин тушуна 7 светофор орнотулуп, иштеп жатат.
Чоң-Таш айылындагы мектептин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө: «Айрымдар өздөрүн мусулман деп эсептегени менен, жадакалса исламдын негиздерин билишпейт. Мухаммед пайгамбарга жөнөтүлгөн биринчи аяттын биринчи сөзүндө «Оку!» деп айтылат»,- деген президент Алмазбек Атамбаев илимге арналган бир саат түнү менен намаз окуганга барабар экендигин айтты. Ошондой эле ал динди эч качан Жараткандан жогору коюуга болбостугун, ар дайым билимге умтулуп, маданиятты дин менен чаташтырбаш керектигин баса белгиледи.

Ибрагим Жусуев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан