2018-жылы Орусияда боло турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы катышуучулары аныкталды. Тайпалык тандоо турларынан ийгиликтүү өткөн 8 өлкөнүн курама командаларынын тизмеси 5-сентябрда жарыяланды. Дүйнө чемпиондугуна Азия континентинен Иран, Түштүк Корея, Япония жана Сауд Арабиясы жолдомо алса, чемпиондук өтүп жаткан Орусия да бул мүмкүнчүлүккө жетишкен. Ошондой эле Латын Америка континентинен Бразилия менен Мексика өз тайпаларынан ийгиликтүү түрдө лидерликке жетишкен. Ал эми Бельгиянын курамасы Грецияны 2:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиондугуна карай жол тарткан. Борбордук Азиядагы күчтүү эсептелген Өзбекстан курамасы чечүүчү оюнда Түштүк Корея менен тең ойноп, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо албай калды.Айта кетсек, футбол боюнча 21-Дүйнө чемпиондугу 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлуна чейин болот.
Бектур Токтоноев
sport@super.kg