2018-жылы Түштүк Кореянын Пёнчан шаарында өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндары башка өлкөгө жылдырылышы мүмкүн. Буга Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын ортосундагы кооптуу мамиле себеп болууда.
Учурда 2018-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарына аз гана убакыт калса да, иш-чаранын билеттери өтө эле аз сатылган. Кышкы Олимпиаданы көргүсү келгендер Түндүк Кореянын акыркы учурдагы сынап жаткан өзөктүк куралдарынан чочулашууда. Эл аралык Олимпиада комитетинин маалыматына караганда, учурда билеттин 22,7 пайызы гана сатылган. Бул Олимпиада тарыхындагы эң аз көрсөткүч болуп калууда. Айта кетсек, XXIII Кышкы Олимпиада оюндары 2018-жылдын 9-13-февралында өтөрү күтүлүүдө.
Бектур Токтоноев
sport@super.kg