Социалдык тармактардан кандай адамдар таанышып, сүйүшүп калышат деп ойлочумун. Ал тургай аларды "жеңил ойлуу, жашоого олуттуу көз карашта эмес" деп сындачумун. "Бирөөгө сын таксаң өз башыңа келет" дейт го, менин да виртуалдуу сүйүүнүн ырахатын сезип жашап келатканыма быйыл 5 жылдын жүзү болду. Интернетке бир күн кирбей калсам мен жокто бир нерсе өзгөрүп кетчүдөй болуп дайыма онлайн болгонго аракет кылам. Досторум көп, алардын 50-60тайын эле жакындан билбесем, калган 2-3 миңин тааныбайм деле.
Бир жолу социалдык тармакка жүктөп койгон сүрөтүмө бирөө “эргежээл” деп комментарий калтырып кетиптир. Унчукпай өчүрүп койсом, ал улам ушуга окшогон шылдың сөздөрдү жаза берди. Сырткы келбетимди, кызыкчылыктарымды мазактаганына кыжырым кайнап, мен да өзүнө жеке кат түрүндө “Өзүң эргежээл. Моюну жок эле бирөө экенсиң го” деп жазып койдум. Ошентип экөөбүздүн урушубуз башталды. Кайым айтышуубуз көбүнчө “сенин акылың кыска, семизсиң же боюң кичинекей” деген тариздеги шылдың сөздөр болчу. Негедир бул айтышуу көнүмүш адатка айландыбы же мага жагып жаттыбы, айтор, ушундай кемсинтишүү менен ортодо 3-4 ай өтүп кетти. Көрсө, ал тийишип таанышуунун ушундай жолун тандаптыр. Кийин анын чет өлкөдө иштеп жүргөнүн, жакынкы жылдары мекенге келе албасын билдим. Келечекти аны менен көрбөгөндөн кийин башында келер-келбеси маанилүү деле эмес болчу. Болгону анын акылдуулугуна эле кызыгып, билим алуучу булактай көрүп, колдонуп жүрдүм. Ушул кызыкчылыгым кийинчерээк билинбей сезимдерди ойготуп, кандайдыр бир көз карандылыкка жетелеп кетти. Эрким менен акылымдын күчү жүрөктү жеңе албай, акыры экран артындагы адамга сезимдерим багынып берди. Ошентип “моюну жогум” жарым жылда көзүмдү караңгылатып, башканы капарга илбес кылып койду.
Экөөбүз ушул бактысыз бактылуулукта жашап, кеңеш беришип, жакшы сөз айтышып, эч кимге айтпас сырлар менен бөлүшүп келе жатабыз. Көрүшө элегибиз эле болбосо, кадимки сүйүшкөндөрдөн айырмабыз деле жок. Ар бир таңда, кечте кабарлашып турмайынча күн өтпөйт. Бизде деле талашып-тартышуу, таарынышуу болуп турат. Бирок көңүл муздатышпайбыз. 5 жылдын ар бир күнүн махабат менен толтуруп, сүйүүнү өчүрбөстүн аракетинде күн сайын сезимди жаңылайбыз, бапестейбиз, баалайбыз, барктайбыз. Таарынышканда көздөр аркылуу түшүнүшүп жазылып кетчүдөй жакын эмеспиз да. Бириң компромисске барбай, чалбай койсоң интернет аркылуу байланып турган сүйүүң үзүлөт да калат. Муну жакшы түшүнгөндүктөн, капалантышууга жол бербей, андай учурда сабырдуулукка салабыз. Экөөбүз тең сүйүү деген сонун сезим экенин, бул махабатты зарлап тапканыбызды билип, майда-барат маселелерге көз жумуп коёбуз. Бири-бирибизди жоготуп алуудан коркконубуз үчүн сезимдерибиз дале жаңыдай, дале ысык бойдон. Көпчүлүк кыздар сыяктуу эле мен да уктаар алдында кыялга сүңгүп кирип кетем. Аны менен бирге жашоонун кандай болорун элестетем. Тамактын, баланын жыты чыгып турган үйгө жумуштан шашып келсе... Ал балка кармаса, мен мыгын даярдап, футбол көрсө, жанында чогуу сүрөп... Айтор, чексиздик ааламында бакытка бөлөнүп жатып кантип уктап калганымды билбей калам. Ичимдеги көпөлөктөй канат жайып талпынып жаткан сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайм. Сүйүктүүмдү эстеп койсом эле жан дүйнөм элеп-желеп, телегейим тегиз болуп, жүрөгүм кабынан чыгып кетейин дейт. Кудум биринчи сүйүүгө кабылган окуучу кыздай акылымды башкара албай калам.
Курбуларым 28 жашка келип калганымды эскертишип: “Жаштыгыңдын эң сонун жылдарын өмүрү көрбөгөн бирөөгө арнап койдуң. Болду эми, жыйыштыр. Мынча ишенчээк болбой, кеч боло элегинде реалдуу жашоого кайт, келбейт аның”,- дешет. Бул ойго сиз деле кошулсаңыз керек. Бирок кызыкчылыгым дал келген, мени жарым сөздөн түшүнгөн, артыкчылык-кемчилигиме карабай сүйүп, баалаган адам менен экран артында болсо да өткөргөн жылдарыма өкүнбөйм. Мен бирөөгө бир нерсени далилдебей тургандай, пикирин да, кеңешин да укпагандай катуу сүйөм. Жашоодо мен издеген адам ушул болчу. Аны көрүп, сезип, үнүн угар күнүм бар болсо, бир өмүр күткөнгө да даярмын.
Узун бойлуу “эргежээлим”, “моюну жогум”, дүйнөмдү өзгөрткөнүңө, мага жолукканыңа ыраазымын. Үмүт, кыял менен жашасак да, таалайга бирге талпынып жатканыбыз – сен экөөбүздүн чоң жеңишибиз. Сен келер күн жакындаган сайын чыдамым кетип күтүүдөмүн.
Карлыгач