Ноокат районунун Калима Исраилова аттуу тургуну 9 жаштагы уулу, 3 айлык кызы менен Казакстанга алданып барып, көптөгөн кордуктарды көрүп, 12 жылдан соң кайтып келишкени маалым болду. Аларды мекендешибиз жардам берип алып келбегенде, балким, дагы деле Казакстандын талаа-түзүндө бекер иштеп жүрө беришмек. Өздөрүнүн болсо бул убакыт ичинде жардам сурап укук коргоо органдарына, Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине же тууган-уругуна кайрылуу ойлоруна да келбегенин айтышат.
“БӨЛӨМ БИЗДИ САТЫП ЖИБЕРДИ”
Калима Исраилова учурда үй-бүлөсү менен агасынын үйүндө жашап жатат. Ал бутун сүйрөп араң басып оорукчан болуп калган. Байланышканыбызда, өзү булдуруктап сүйлөп, төмөнкүлөрдү айтып бергенге араң жарады:
– Мен 1972-жылы туулгам. 2005-жылы Айгүл деген бөлөм бизди Казакстанга алып барып сатып жиберди. Ошондон кийин Казакстандын Талдыкорган облусундагы Кербулак айылында иштеп жүрдүк. Уулум мал бакса, мен үй жумуштарын кылдым.
“12 ЖЫЛ АР КИМДИН КОЛУНДА АКЫ АЛБАЙ ИШТЕДИК”
Калима Исраилованын уулу Таабалды 21 жашка келип калса да тамга тааныбайт. Ал 3-классты бүткөн кезде Казакстанга кеткен. Өзүн бекер иштетип келген адамдарды кожоюн деп атап сүйлөгөн Таабалды казак тилинде төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен Казакстанга кантип барып калганымдын бирин билсем, бирин билбейм. Ал убакта мен кичинекей болчумун. Биринчи Чилик деген жерге барып, тамекиде 3-4 ай иштедик. Андан кийин Айгүл деген бөлөбүз мени башка бирөөгө кой кайтартканы алып барып таштап, өзү жок болуп кетти. Көрсө, мени 60 миң теңгеге сатып жиберген экен. Аны мени иштеткен кожоюндар кийин айтышты. Эч кетирбей коюшканда 8-9 ай иштегенден кийин апамдын жанына качып келип алдым. Жалпысы 12 жыл Талдыкорган облусунда ар кимдин колунда иштеп жүрдүк. Мени кожоюндар кул катары көрүшчү, кээде коркутуп, уруп-сабап, сөгүп коюшчу. Ушунча жыл иштеп бир тыйын да акы алган жокпуз. Документибиз жок болгондуктан полицияга арызданмак түгүл, алардан качып жүрчүбүз. Анын үстүнө “полиция кармаса силерди террорчу деп камап коёт” деп бизди коркутуп коюшкан эле.
2009-жылы апам Мурат деген казак улутундагы дудук кишиге турмушка чыккан. Ал апам менен карындашыма жакшы эле мамиле кылды. Ошол адам карындашымды мектепке киргизип, окутту. Карындашым Казакстанда 5-класска чейин окуп, азыр бул жакта 6-класста окуп жатат. Мен болсо мектепте окуган жокмун, ошондуктан окуганды да, жазганды да билбейм.
“ООРУСАК ДА ДАРЫГЕРЛЕРГЕ КӨРҮНГӨН ЭМЕСПИЗ”
- Ушунча жыл иштеп жүрүп бир да кыргызды көргөн жокмун. Ушул жылдын башында гана Баты деген кыргызга жолугуп калып, ага арманымды айтып, жардам сурадым. Ал бизге жардам бермекчи болуп, кеңештерин айтты. Мен акыркы убакта гана мал бакканым үчүн айлык алып, ошону чогулттум. Баты ага тааныштарына айтып, ал тааныштары апам экөөбүздү кыргыз-казак чек арасынан өткөрүп койду. Биз түндөп дарыя аркылуу өттүк. Карындашымды болсо мугалимдери жөнөтпөй, каникулга чыккандан кийин келди.
Суук тийгенби, айтор, апамдын муундары бош, алсыз, буту бастырбай оорутат. Мурун жакшы эле болчу. Менин да бутумду трактор тебелеп кетип, ошондон бери ооруп жүрөт. Ооруканага да барып көрүнгөн эмеспиз. Кыргызстанга келгенден кийин гана апам дарыгерлерге көрүнүп, 3-4 күн ооруканага жатып чыкты. Мен дарыгерлерге көрүнгөн жокмун.
Эми дыйканчылык кылып же мал багып колумдан келген иш кылсамбы деп жатам. Жер тилкесин алып калсам үй салам. Атам менен апам мурда ажырашып кетишкен экен. Атам биз Кыргызстанга келгенге чейин 3 ай мурун өтүп кетиптир. Анын тууган-уругу бизге жолуккан да жок.
“АЯБАЙ КОРДУК КӨРҮШҮПТҮР”
Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылынын тургуну Шаанкүл Исраилова бул үй-бүлөнү үйүнө батырып, колунан келишинче жардам берип жатат:
– Калима менин кайын сиңдим, аны Айгүл деген бир тууган бөлөсү Казакстанга иштетем деп алдап алып барып сатып жиберип, алар ал жакта аябай кордук көрүшүптүр. Бир кыргыз киши булардын кыйналып жүргөнүн көрүп, жакшылык кылыптыр. Ал булардын айлыгын чогултуп, чек арадан өткөрүп коюптур. Эч кандай документтери жок да, айла жок кыргыз-казак чек арасынан түнү дарыя аркылуу өтүп келишкен. Жыртык кийимдери менен келишти. Апрель айында келгенден бери биздин үйдө жашап жатышат.
Кайын сиңдим жарым жан, баса албайт. Түнү менен “бутум, ичим” деп онтоп чыгат. Дагы казактарга рахмат. Өлтүрүп, ыргытып жиберсе буларды кайдан табат элек? Таабалды болсо мал менен жүрүп малдын жыты денесине сиңип калыптыр. Жуунтуп жатып ал жыт эми кетип жатат, бирок тердесе дагы деле ошондой жыт чыга берет.
Айгүлдүн үстүнөн арыз жазганбыз, аны “кармалыптыр” деп угуп жатам. Негизи, мен анын камалып кетишин деле каалабайм. Ансыз деле ага Кудайдын каргышы тийди окшойт. Өзү жыргап деле кеткен жок, балдары жок, үйү жок.
“КАНТИП БУТУНА ТУРГУЗАРЫМА БАШЫМ ЖЕТПЕЙТ”
– Өзүм 50 жаштамын, 8 кызым бар, анын төртөөсүн күйөөгө бергем. 3 кызым жана жолдошум тубаса майып. Тааныбаган бирөө көрсө буларды мас деп ойлойт. Мындай оору жолдошумдун канында бар. Кайненем да ушул оору менен ооручу.
Кайнатам жалгыз майып уулуна алып берем деп жуучу түшүп келсе, апамдын боору ооруп, сооп болот деп мени берип койгон. Жашабайм деп 7 жолу качып көрдүм, бирок акыры отуруп калгам. Бешенеме ушундай жазылыптыр да, ушинтип жалаң майыптарды багып жүрөм. Кайын сиңдимди да майыптыкка өткөрүп коёюн деп өткөрө албай жатам. Чуркап жүрүп, кайын сиңдим менен уулуна паспорт, кызына метрика алып бердим. Айыл өкмөткө барып “4 сотых жер тилкесин бер, үй салып алышсын” десем, бербей коюшту. Өздөрүнчө жашашса жакшы болот эле, ушунча кишини камсыздоо мага да оңойго турбай жатат. Учурда үйдө 16 киши жашап жатабыз. Анын алтоосу майып. Өзүм да белимди оорутуп алып 1 ай төшөктө жатып, басып калганыма 2-3 күн эле болду.
Таабалды мени “апа” дейт. Ал кээде отуруп сыгылып кетет окшойт, ыйлайт. Ошондо “башыңды өйдө көтөр. Сыгылба, өксүбө. Кудайым сага да берет. Үйлөнөсүң. Мен сени таштабайм” деп сооротом. Чыгып калса өзү кандай жумуш болбосун иштеп жатат, тапканын коротпой өзүнчө чогултуп жатам. Үйгө азык-түлүк алам десе да алдыртпай жатам. Таап келгенин өзүнүн көзүнчө санап, катып коём. Таабалды “Казакстан же башка жакка барып иштеп келейин” деп калат. “Карындашың менен апаңды бак” деп жөнөтпөй жатам. Жөнөтүп жиберсем тамга тааныбаган бала андан ары жок болуп кетеби деп корком. Кантип буларды бутуна тургузуп, кантип үй-жайлуу кыларыма өзүмдүн да башым жетпейт. Буларга жардам берейин эле дейм, бирок өзүбүз араң жашап жатабыз.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg