«БАШЫМА ТИЙГЕН ЭКИ ОКТОН АМАН КАЛДЫМ»

Эр жигит эл четинде

Кыргыздын жаркын келечеги үчүн канын, жанын берген баатыр жаштарыбызды унутпай урматтап туруу – биздин парз. 7-апрель күнү башына бир эмес, эки ок тийип, аман калган Алиязбек Алымкулов менен болгон маек назарыңыздарда.

– Алиязбек мырза, башыңызга бир эмес, эки ок тийсе да, аман калганыңызды көрүп ишене албай турам...
– Кудайга тобо, эсиме келе баштаганда башыма тийген эки октон аман калганыма таң калып, өзүмдүн тирүү экениме ишене албай турдум. Мындай көрүнүш чанда кездешерин айтышып, дарыгерлер да таң калышууда. Алардын айтуусунда, бир миллион кишинин биринде гана ушундай көрүнүш болушу мүмкүн экен.
– Аман калганыңызга шүгүр дейли. Эмне себептен башыңызды өлүмгө байлап, ошол жерге бардыңыз?
– Акыркы кезде элибиздин жашоосу мени аябай ойлондурду. Өзгөчө мамлекеттик ишканалардын, ата-бабадан калган ыйык жерлерибиздин ар кайсы өлкөлөргө сатылышы жүрөгүмдү өйүп жүргөн. Мен бир күн мурда атайын кошуунда иштеген тааныш балдарга жолугуп, "элге ок атпагыла" деп айткам. Алар: “Эртең аянтка чыкпай эле коюңуз, бөөдө өлүп каласыз. Биз атпайбыз. Снайперлерди алып келишти, алар сөзсүз атышат”,- дешкен. Бул сөздөрдөн улам снайперлердин ок атышарына көзүм жеткен. 7-апрель күнү эрте туруп, эч кимге сыр билгизбей келинчегимдин, кызымдын, атамдын беттеринен өөп, тымызын коштошуп, жумушума келдим. Ал жерден бухгалтер Иманкулова Гүлмирага жолугуп, керээзимди айтып, митинг башталган тарапка жөнөдүм.
– “Ошол күнү лидерлердин камалганы жакшы болду, болбосо Бакиевди кетире албай калмакпыз” дегендер арбын. Буга сиздин оюңуз кандай?
– Бакиев өзүнө-өзү кылып алды. Эгерде оппозиция лидерлерин камабаганда, алар эртеңкисин ойлоп, элди толкутпай токтотуп, тынч гана митинг өткөрүп коюшмак. Башкарган киши болбогондуктан, көйгөйдөн тажаган эл “Форум” ишканасынын алдынан түз эле Ак үйдү көздөй кетишпедиби. Эгерде 7-апрель күнү Бакиевди кетире албаганыбызда, “баш аламандык уюштурдуңар” деп оппозиция лидерлеринин айрымдарын өлтүрүп, айрымдарын түрмөдө чиритмек. Бизди да соо коймок эмес.
– Сүрөттөн сизди алдыңкы катардагы жаштардын арасынан көрдүк...
– Мен ал жерге лидер болоюн деп барган эмесмин. Ары-бери өткөн машиналарга таш ыргытып баш аламандык кылгандарга Бекназаровдун баласы Руслан экөөбүз каршы туруп, элди биримдикке, ынтымакка чакырып, алдыда жүрдүк. Алдыда жүргөндүктөн, эң алгач окту мага атышты. Ошол учур саат 14.00дөр чамасы эле. Бир убакта оң колумдун булчуңу ысып кетти. Көрсө, үстүмөн башка мээлеп аткан экен, ок башымды жанып өтүп, булчуңума тийиптир. Анан экинчи ок мурдумдун сол жак үстүн көзөп өтүп, желкемен чыгып кетиптир.
– Азыр абалыңыз кандай? Колдоо көрсөткөндөр болуп жатабы?
– Ден соолукту сурап келгендер арбын. Учурдан пайдаланып баарына рахмат айта кетейин. Бир белгилүү бизнесмен келип: “Ооруканадан чыкканда “7-апрелде бизге ушул киши каржылык колдоо көрсөттү эле” деп менин атымды атап койчу”,- деп миңдеген доллар сунуштады. Биз 7-апрелде элди чогултууга бир тыйындан акча жыйнап жүргөндө ошол бизнесмендер кайда эле?! Анан бийлик алмашары менен артын ойлоп, акча сунушташат. Ал байкеге “менден башка киши укпасын, сыйыңыз менен чыгып кетиңиз!” десем, башка чапкандай, унчукпастан чыгып кетти. Мындайларга сатылбайм, мен элимдин эртеңин ойлоп чыгып ок жедим. Бир эмес, эки ок жеп, бактыга жараша, аман калдым. Элиме кыла турган кызматым бар окшойт деп ойлоп жатам.
– Чогуу жүргөн досторуңуз ыңкылапта тайманбай төшүн окко тоскон баатыр катары эсептеп, жаңы түзүлүп жаткан Жаштар министрлигине талапкерлигиңизди көрсөтүп жатышыптыр...
– Ооба, аны балдар айтып келишкен. Үй-бүлөм коркуп калган экен, “бийлик, байлык куруп кетсин, аман-эсен эле маңдайыбызда жүрө берчи” деп жатышат. Чынында, чоң бизнесим болбосо дагы, өзүмө жетерлик байлыгым бар. “Ал жерде иштейм, минтем-тигинтем” деп айтуу азыр эрте. Ден соолугумду чыңдап алайын, андан кийин айтылчу сөз көп. Азыр кызматтан көзү каткандар көп да, досторум “министрликти сенден эч ким талаша албаса керек” деп жатышат. Анын баарын мезгил көргөзөт.
– Маегиңизге рахмат. Эртерээк сакайып кетиңиз.

Амантур Султанкулов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Таллас
2010-05-10 16:47:07
Албетте, бул байкеге окшогондор да бар экенине ишенчүмүн..
0
safina
2010-05-11 11:12:04
Аман эсен болгулачы калганы шашпай болот биринчи ден соолук анан калганын кылып алабыз министр синистр да ден соолук жок ыйман жок министрдин кереги да жок болот
0
mikasa
2010-05-11 12:04:33
Туура биринчи абалды туздоп алалычы. татыктуун министири да башкасы да боло бересин.
0
imperator
2010-05-12 13:32:53
Ачык эле намек тащтап койгон го министирликке.Достору сенден эч ким сенден "министирликти" талаща албаса керек деп атат экен.Менин досторум болсо "ар бир ок тийген адам келип эле министирлик,бийлик талаша берсе бул олконун али коро тургандары коп деп атышат.Министир болуу стройкада ищтоо эмес да билген билбеген иштей бергендей.
0
imperator
2010-05-12 13:38:33
Менин сунушум уй-булосу айткандай "бийлик, байлык куруп кетсин, аман-эсен эле маңдайларында эле журо берсин".Эртен министр болсо,башка Чолпонбайлар да келет мага да бергиле деп.Ар ким оз жолу менен.Бийлик иштерин жогорку билимдуу,са9саттан кабардар балдар аркалашсын.Аракка,башкага тоюп алган провакаторлор эмес :)))
0
media magnat
2010-05-21 16:38:51
21-май күнү Алияс байке жаштар министри болуп дайындалды. Жаңыдан түптөлүп жаткан мекемени жетектөөдө ийгилик каалайм!
0
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан