Окурмандардан келген ден соолук, интимдик жашоо багытындагы суроолорлорго Бишкектеги «Грация» медициналык борборунун уролог-андрологу, сексологу Мирлан Айбашов жооп берет.
– 24 жаштамын. «Алигим» аябай эле кыска, 8 сантиметр. «Алигини» чоңойтуучу атайын гелдердин, дарылардын бар экенин угуп, пайдаланып көрсөмбү дегем. Бул каражаттардын зыяны жокпу? Алдын ала рахмат.
Садыр, Жалал-Абад шаары
Бекзат, Москва шаары
– Албетте, зыяны бар. Турмуш куруп, жыныстык жашоодо жашап жаткандарда жыныстык катнаш регулярдуу түрдө болуп турбаса, гормоналдык бузулууга учурап, жыйынтыгында, конгестивдүү простатит, аденома ооруларынын жаралышына, жыныстык мүчөдөгү кан тамырлардын ичкерип кетишине өбөлгө болот. Сезгенүү процесстерине кабылып, бел талыкшып ооруйт. Мындай илдетке кабылбайын деген мырзалар эбин таап жумасына 3-5 жолу, айына 21-22 жолу жыныстык катнашка баруулары керек.
«КОШ БОЙЛУУ КЕЗДЕ КОШУЛУУНУН ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?»
– Учурда 2 айлык боюмда бар. Сурайын дегеним, кош бойлуу кезде кошулуунун зыяны жокпу? Айрымдар «түйүлдүккө 8 ай болгондон кийин кошулганга болбойт» дешсе, кээ бирөөлөр тескерисинче, «төрөгөнчө ыңгайлуу ыкмада кошулуп турса төрөт жеңил өтөт» деп айтышат. Мунун канчалык чындыгы бар?
Аида, Ош шаары
– Эгер ден соолугуңуз жакшы болсо, анда кошулуунун эч кандай зыяны жок. Болгону сизге да, түйүлдүккө да коркунуч жаратпаган позаны тандап алыңыздар.
«БАТ ЭЛЕ ШАЛПАЙЫП КАЛАТ»
– 35 жаштамын. Менде төшөк жаатында маселе жаралууда. Тагыраагы, бир позадан экинчи позага өткөндө бел суум түшө электе эле «алигим» жатып калууда. Буга эмне себеп? Алдын ала рахмат.
Руслан, Сокулук району
– Сүрөттөөңүзгө караганда, сизде сезгенүү бар. Өнөкөт бактериалдык же бактериалдык эмес простатитке кабылгансыз. Бул илдетке гормондор бөлүнүп чыгуусу бузулуп, ал жыныстык жашооңузга сөзсүз таасирин тийгизет. Турмуш куруп жыныстык жашоодо жашап жаткандарда жыныстык катнаш регулярдуу түрдө болуп турбаса, гормоналдык бузулууга учурап, жыйынтыгында, ар кандай оорулар менен ооруйт. Эртерээк дарыгерге кайрылыңыз. Тиешелүү анализдерди тапшырып, дарыланууну сунуштайм.
«АЛИГИМ» ҮШҮЙ БЕРЕТ»
– Саламатсызбы? Аба ырайы бузулуп, күн сууктаса эле «алигим» муздап, үшүп калат. Бат-баттан дааратканага каттап калам. Бул эмнеси? Мурун мындай адаты жок эле...
Султан, Москва шаары
– Сиз простатитке же цистит оорусуна кабылган окшойсуз. Дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, жакшылап дарыланыңыз. Мындан сырткары бутуңузду жылуу кармап, иммунитетти көтөрүңүз.
«МАСТУРБАЦИЯНЫН ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?»
– Жашым 19да. Эмнеге экенин билбейм, төшөк кумарына баткым келе берет. Көчөдөн ачык, кыска кийинген кыздарды көрсөм деле дүүлүгүп чыгам. Жумасына 2-3 жолу мастурбация жолу менен бел суумду түшүрүп турам. Ушул адатымды кантип таштасам болот? Мастурбациянын зыяны жокпу? Кийин, үйлөнгөндө зыяны тийбейби?
Нурсейит,
Бишкек шаары
– Мастурбация жасоо, албетте, зыян. Бул ыкма кийин бел суунун эрте түшүшүнө алып келип, өзүңүздү да, өнөктөшүңүздү да убайымга салышы мүмкүн. Тилекке каршы, бел сууну көпкө чыгарбай жүрүү да конгестивдүү простатит, аденома ооруларына себепкер болот. Андыктан мен сизге эртерээк үйлөнүп же бирөөгө нике кыйып жашоону сунуштайм, башка жолу жок.
«ТӨШӨК КУМАРЫН СЕЗБЕЙ КАЛДЫМ»
– 27 жаштамын. Эки баланын энесимин. Менин суроом төмөндөгүчө: экинчи баламды төрөгөндөн кийин, 2 жылдай болду, такыр оргазмды сезбейм, төшөк оюнун көп каалабайм. Күйөөм массаж да жасап көрдү. Бирок такыр жыйынтык жок. Бул нерсени кантип чечсем болот?
Шайыргүл,
Бишкек шаары
– Урматтуу Шайыргүл, айтууңузга караганда, сиздин организм гормоналдык бузулууларга дуушар болгон. Негизи гормондордон улам адамдын сырткы келбети, активдүүлүгү жана сезимталдыгы өзгөрүп турат. Гормондор бир органдан экинчи органга маалымат ташып, аларды бири-бири менен байланыштырып турат. Бул процесс организмди тең салмакта кармайт. Кээ бир гормондор организмдеги бардык системге таасирин тийгизсе, айрымдары өзүнө тиешелүү жерге гана жоопкерчиликтүү. Сиз гинеколог-эндокринологго кайрылып тиешелүү анализдерди тапшырып, дарыланыңыз.
Эч кимге ооз барып айта албаган, олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге, 0557 75 63 19 WhatsApp номерине же erotika@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринен жооп алып беребиз.
Венера Камалова