«Өнөр менен достукту жаратабыз» деген кыргыздын төкмө акыны Идрис Айитбаев өзбек ажосунун сыйлуу белегине ээ болду. Тактап айтканда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Идрис мырзага автоунаа жана үй белек кыларын айтты.
«5-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзийоев мамлекеттик иш сапар менен Кыргыз жергесине келгенде мени ырдап бер деп чакырышкан. Эки өлкөнүн президенттеринин чай маегинде чек ара маселеси тез арада чечилип, эч кандай тоскоолдуксуз каттап калалы деген таризде ырдагам. Ошондо өзбек ажосу ордунан туруп кол чаап, Андижандан үй жана Chevrolet Malibu автоунаасын белек кыларын айтты. Азырынча айтылган белек колума тие элек. Белек деген бүгүн бар да, эртең жок. Менин ыраазы болгонум, узак жылдар бою чечилбей жаткан чек ара маселесинин оң жагына чечилгени болду. Буюрса, Андижанда жашаган ата-энемди Кыргызстанга алып келем» дейт Идрис Айитбаев.