Канаданын Монреаль шаарында 24-августта старт алган эл аралык «Алтын зенит» киносыйлыгынын «Мыкты инновациялык тасма» номинациясында «Саякбай» тарыхый тасмасы жеңишке жетти. Тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров: «Тасманын сынакка катышып, байгеге ээ болушу биздин сыймык. Дүйнө боюнча 250 тасманын 18и чакыруу алган, анын ичинде «Саякбай» тасмасы да бар. Монреалга тасма жаратуучулардан эч кимибиз бара алган жокпуз. Бирок Канададагы кыргыз элчилиги бул ишти колго алып, тасма таржымалы тууралуу баяндап беришкен. Жыйынтыгында баш байгени кыргыз тасмасы жеңгенин бизге элчиликтен чалып кабарлашты»,- дейт. Кыргыз кинематографиясы жылдан-жылга өнүгүп, эл аралык сыйлыктарды багынтып жатканы ар бирибизди сыймыктантпай койбойт. "Саякбай" тасмасы дагы кыргыздын атагын алыска кетирген, дагы далай абройлуу сынактарды багынткан тасма болушуна тилектешпиз.