Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн XI эл аралык «Шарк Тароналари» салттуу музыка фестивалында кыргызстандык «Мурас» фольклордук ансамбли экинчи орунга ээ болушту. Аталган фестивалга 58 мамлекеттен 280 өнөрпоз катышкан. Сынакка катышкан «Мурас» ансамблинин мүчөсү, атактуу музыканттар Ишенбек Календаров менен Гүлзат Байзакованын уулу Эмилбек Ишенбек уулу буларга токтолду:
«Сынакта биз «Койчулардын коңур күүсү», «Эсимдесиң», «Чайкама» жана «Жаңылык» деген күүлөрдү темир, жыгач, ооз комузда аткардык. Калыстар тобунун айрым мүчөлөрү ордунан туруп кол чаап, жылуу кабыл алышты. Сынактын жыйынтыгында 2-орунду багындырып Ардак грамота жана 5000 доллар акчалай байге алдык. Буга чейин аталган фестивалга Кыргыз жергесинен барган өнөрпоздор байгелүү орундарга илинбеген экен. Биздин жеңишибиз эң алгачкысы болду. Бул жеңишибизди биз арабыздан өтүп кеткен досубуз, комузчу Канат Токтобек уулуна арнайбыз».