«Тамашоунун" "Универсал" командасынын оюнчусу Таирбек Исманалиев колуна нике шакегин тагынды. Берекелүү күздө өзүнүн чакан мамлекетин түптөгөн Таирбек апасынын туулган күнүнө унутулгус белек жасаганын айтат: «4-сентябрь күнү үйүбүздө кош майрам болду. Бул күн апамдын туулган күнү эле. Ага өзгөчө белек кылдым – келин алып келдим. Жубайымдын аты Бермет, Кадамжайдын ак куусу. Экөөбүз 1 жылдан бери кыз-жигит болуп жүргөнбүз». Түгөйлөргө бакыт каалап, куш боосу бек болсун демекчибиз.