Эр жигит эл четинде
Кыргыз Республикасынын "Ала-Тоо" аянтында желбиреген желегин Улуттук Гвардиянын жоокерлери кайтарышат. 7-апрель күнү кароолдо тургандарды чогулгандар жулмалашты, тепкилешти, таш бараңга алышты. Бирок катардагы жоокерлер Сагынбек уулу Тынчтыкбек менен Адышов Тилек өз милдеттеринен тайышпады.
Тынчтыкбек: “ЭЛДИН СҮРҮ ЖАМАН ЭКЕН”
Тынчтыкбек 1990-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Баетов айылында туулган.
– Тынчтыкбек, сөз нугун 7-апрелге бурсак. Ошол сааттарды башынан айтып берсең...
– 7-апрель күнү түшкө чейин кароолдо эки саат турдук. Анан түштөнүп алып, саат 14:00дө желек кайтаруу үчүн кайра жөнөдүк. Ал учурда аянтта эл жык-жыйма болчу. Барып тургандан кийин эле бирөө таш менен жанымдагы Адышовду ичке урду. Бир убакта бизди курчаган айнектердин баары күбүлүп түштү. Анан жаныбызга жетип келип, мылтыктарыбызды (карабин) талашып алып: “Эмне турасыңар, чечингиле?! Биздин катарга кошулгула!”- деп кыйкырып киришти. Биздин милдет – кандай кырдаал болбосун, желектин жанынан кетпөө. Жулмалашып жатып мылтыгымды алдым да, кайра ордума туруп калдым. Көп өтпөй бизге ал жерден кетүү тууралуу буйрук келди, анан эс алуучу жайга кирдик.
– Эл таш менен ура баштаганда корккон жоксуңбу?
– Башында корккон деле эмесмин. Бирок элдин сүрү жаман экен, таш менен ура баштаганда кичине жүрөксүй түштүм.
Тилек: “БАШ МЭЭМ ЧАЙКАЛЫПТЫР”
Тилек 1991-жылы 31-майда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Cуу районундагы Сары-Камыш айылында туулган.
– Ошол күнү башка, ичке, бутка таш менен ургулап жатышканы менен, менде коркуу сезими болгон жок. Анткени ал адамдар өзүбүздүн эле аталарыбыз, агаларыбыз, инилерибиз болчу. Бир киши каршылык көрсөткөнүмө болбой мылтыгымды тартып алып, мени элдин ичине сүйрөп кетти. Анан тепкилешти, болушунча сөгүштү. Алардын мындай мамилелерине кол дагы, сөз дагы кайрыган жокмун.
– Окуядан кийин ден соолугуңду текшерттиңби? Ата-энең сыналгыдан көрүп сарсанаа болушса керек...
– Башыма таш тийгендиктен, дароо шишип кеткен. Дарыгерлер “баш мээң чайкалган” деген жыйынтык чыгарышты. Ата-энем болсо телевизордон көрүп эле таанышыптыр. Телефондон "жакшы элемин" деп сүйлөшкөм. Бирок ишенишпей, келип кетишти.
Тынчтыкбектин энеси Тоюн апа: “БАЛАМДЫ ЖУЛМАЛАШЫП...”
– Өзүм Ак-Талаада турам. 7-апрелге жакын балдарымдан кабар алганы борборго келгем. 7-апрель күнү балдарыма жер алып берсемби деп арыз жазып алып президенттин кабылдамасына таштап коюу үчүн Өкмөт үйүнө келдим. Келсем ызы-чуу. Анан үйгө кетип калдым. Телевизорду күйгүзсөм эле баламды жулмалап жатышат. Кайра аянтка чуркап келдим. Канчалык аракет кылбайын, элдин көптүгүнөн балама жете албай, үйгө кеттим. Барсам Калыбек деген балам: “Апа, кайда жүрөсүз? Мен жаңы эле Тынчтык байкемдин жанынан келдим. Эл Тынчтыкбек байкемди “сабайбыз” дегенде “тийбегиле” деп кыйкырып жүрдүм”,- дейт. Калыбектин айтуусуна караганда, мен курактуу аялдар элди желек кайтаргандарга каршы үндөшүптүр.
Эртеси Улуттук Гвардияга баламды билейин деп барсам, Тынчтыкбегим “баары жакшы” деп эч нерсе айтпай койду. Көрсө, аскердик мыйзамдын чегинде андай нерселер айтылбашы керек экен. “Койчу, балам, биз баарын телевизордон көрбөдүкпү?..” десем, “аа, көрдүңөрбү?” деп уялып коёт.
ИИМ жана “Жоокерлер энелеринин коомдук бирикмеси” Сагынбек уулу Тынчтыкбек менен Адышов Тилекти медаль, Ардак грамота менен сыйлашты.
Мындай эр жүрөк жигиттерибиз турганда кыргыз эли эч качан чөкпөйт, өчпөйт, бөлүнбөйт, өнүгөт жана өсөт деген үмүтүбүз чоң.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg