ОТЛИЧНИКТИН МЕНЮСУ ЖЕ ОКУУЧУ ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ АЗЫКТАР

Диетологдор "окуучунун ийгилиги, акыл-эсинин, дене түзүлүшүнүн өсүшү жеген тамагынан көз каранды. Рациондун туура тандалышы чарчоо, шалдыроо, көңүл коштук сыяктуу терс адаттардан арылтат. Курамында А, Е, D, С витаминдери жана В витаминдер тобу бар азыктар көрүүнү жакшыртып, сөөктөрдүн туура калыптанып өсүшүнө, нерв системин чыңдоого өбөлгө болот" дешет.

ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ ТАМАК

  • Эртең мененки тамак баланын организмин ойготуп, бир күндүк энергия тартуулайт. Мындан баш тарткан бала түшкү тамакты өлчөмүнөн көп жеп, семирүүгө өзү себепкер болот.
  • Ачкарын курма, помидор сыяктуу курамында пектин жана дубиль кычкылы көп жашылча, мөмө-жемиштерди бербеңиз. Булар ичке жел толушуна, ашказанда таштын пайда болушуна өбөлгө болушат.
  • Кычкыл сүт азыктарын тамактануудан 30 мүнөт өткөндөн кийин пайдалануу туура.
  • Сосиска, ышталган колбаса берүүдөн абайлаңыз. Алардын курамында пайдалуу белоктор аз, пайдасыз майлар, ар кандай консерванттар, боёктор бар.
  • Баланын табити ачылышы үчүн кеминде 20-30 мүнөт убакыт керек. Андыктан балаңызды эртерээк ойготуңуз.


БАНАН КУЙМАГЫ

Керектелүүчү азыктар:
Ун –
250 грамм
Сүт – 1 стакан (200 мл.)
Жумуртка – 1 даана
Көбүрткүч – 1 чай кашык
Каймак май – 1 аш кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Банан – 1 даана
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

  1. Жумуртканы көбүргөнчө чалып, андан соң сүттү кошобуз.
  2. Эми жумуртка менен сүттүн аралашмасына майды эритип кошуп, унду, көбүрткүчтү, кумшекерди жана тузду салып жакшылап аралаштырабыз.
  3. Бананды ичке кесип, камырга малып, табага эки тарабын кактап бышырабыз.
  4. Кесилген мөмө-жемиштерди эритилген шоколадга малып, куймак менен бирге таякчага тизиңиз. Болбосо куймакты тарелкага салып, үстүнө балдан же эритилген шоколаддан куюп, жемиштер менен кооздоп коюуга болот.

Мындай куймак жасоодо алма, алмуруттун кабыгын аарчып колдонууга болот.

ТЕЗ ДАЯРДАЛУУЧУ МАННА БОТКОСУ

Керектелүүчү азыктар:
Манна акшагы –
2 аш кашык
Сүт – 1 стакан (200 мл.)
Каймак май – 1 чай кашык
Кумшекер – 2 чай кашык
Туз – бир чымчым

Даярдоо ыкмасы:

  1. Ичи чуңкур тарелкага манна акшагын, кумшекерди, тузду салып, үстүнө сүттү куюп аралаштырабыз
  2. Эми муну микротолкундуу мешке салып 2 мүнөткө коёбуз.
  3. Тарелканы алып чыгып, каймак майды салып аралаштырып, кайра дагы 2 мүнөткө коёбуз. Манна боткобуз даяр. Үстүн жаңгак, мөмө-жемиш менен кооздоп коюңуз.


ТҮШКҮ ТАМАК

  • Түшкүгө балага биринчи, экинчи тамак жана десерт керек. Биринчи тамакка эт, балык шорполору, борщ, солянка сыяктуу ысык суюк тамактар, ал эми экинчиге демделип бышырылган эт, жашылчалар пайдалуу.
  • Балдардын түшкү тамактануусу учурунда ата-энелердин көпчүлүгү жумушта болушат. Андыктан даамдарды алдын ала бышырып, порцияларга бөлүп муздаткычка салып камдап кетиңиз.


ФРИКАДЕЛЬКИ ШОРПОСУ

Керектелүүчү азыктар:
Эт –
400 грамм
Картошка – 2-3 даана
Сабиз – 1 даана
Пияз – 2 баш
Жумуртка – 1 даана
Томат пастасы – 1 аш кашык
Сарымсак – 2 тишче
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

  1. Эт менен 1 баш пиязды эт туурагычтан өткөрүп, ага чийки жумуртканы жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Бул массадан аз-аздан алып тоголоктоп, унга оонатып майга бир сыйра кууруйбуз.
  2. Эми шорпо даярдайбыз. Жашылчаларды аарчып, жууйбуз.
  3. Пияз менен сабизди майда туурап, алгач пиязды, анан сабизди салып кууруйбуз. Кийин томат пастасын салып дагы 5 мүнөттөй кууруп, сууну куябыз.
  4. Кайнап чыккандан кийин тууралган картошканы жана фрикаделькини салып, жай отто 20 мүнөттөй кайнатабыз. Аягында майда тууралган сарымсак менен укропту себелейбиз.


НАНҮШТӨ

Эртең мененки, түшкү менен кечки тамактануулардын ортосунда балаңызга нанүштө даярдап бериңиз. Мисалы, йогурт менен печенье, мөмө-жемиш кактары, мөмө-жемиштер жана жашылчалар көбүрөөк кошулган бутерброддор. Буларды атайын идишке салып бериңиз, сумкага салып кеткенге ыңгайлуу болот.

ТООК ЭТИНЕН БУТЕРБРОД

Керектелүүчү азыктар:
Бөлкө нан –
3 кесим
Тоок эти – 100 грамм
Помидор – 1 даана
Сыр – 50 грамм
Салат жалбырагы – 3 даана
Каймак май – 2 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

  1. Тоок этин кайнатып бышырып алабыз.
  2. Табанын ичин каймак май менен майлап, ысыган кезде бөлкө нандын кесимдерин кактап кызартып алабыз.
  3. Сыр, помидорду жана тоок этин жука кесебиз.
  4. Эми нандын бетине каймак майдан сүртүп, үстүнө таза жуулган салат жалбырагын,тоок этин, помидор, сыр, нан кылып ирети менен тизип чыгабыз. Бутерброд даяр.


КЕЧКИ ТАМАК

  • Кечки тамакка жеңил, бат сиңүүчү тамактар туура келет. Мисалы, омлет, күрүч, гречка, сулу ботколору, дымдалып бышырылган балык, тоок эти жана жашылчалар салаты. Баланы уктаарга 2 саат калганда тамактантуу шарт.


ДЫМДАЛГАН ЖАШЫЛЧАЛАР

Керектелүүчү азыктар:
Уй эти –
500 грамм
Сабиз – 2 даана
Капуста – 500 грамм
Баклажан – 1 даана
Картошка – 4-5 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 1 баш
Помидор – 2даана
Болгар калемпири – 2 даана
Өсүмдүк майы – жарым стакан (100 мл.)
Татымына жараша туз, мурч


Даярдоо ыкмасы:

  1. Өсүмдүк майына кесек тууралган этти салып туздан бир аз себелеп, кууруйбуз.
  2. Эт бир аз куурулган соң шакекче түрүндө тууралган пиязды кошобуз.
  3. Кийин тегерек тууралган сабизди, чоң-чоң тууралган картошканы, баклажанды, төрткө бөлүнгөн помидорду, араларына жуулуп, тазаланган сарымсакты, шакекче тууралган болгар калемпирин салабыз.
  4. Эң үстүнө капустанын жалбырактарын тизип, бир аз туз, кара мурч себелеп, казандын капкагын жабабыз. Капкак жабылгандан кийин отту кичирейтип 30-40 мүнөт кармайбыз. Ширелүү тамагыбыз даяр!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
vavilon.
2017-09-12 10:51:22
Негизи окумуштуулар туура тамактануу өмүрдүн узактыгы жана ден соолук жакшыруусуна өбөлгө болоорун айтып, кенештерди беришсе деле баарыбир копчулук адамдар эрежеге карабай эле уруп согуп тамактанып журо беребизда.
+8
Adelka
2017-09-12 16:32:40
Мясная солянканын рецебин билгендер болсо жазып койгулачы сураныч?!
+6
airada
2017-09-13 09:05:56
Жакшы рецепттер
+4
deva
2017-09-13 11:04:54
Панкейкти бышырдым, бат, оңой жасала турган нерсе экен. Даамы вообще сонун
+3
malika14
2017-09-14 13:52:54
Кызым уч жашта мектепке баратта ошого жегенге Бир нерсе кылыш керек , бутерброду кылып беретэкем. Ошол жакты.
0
nurperi8981
2017-09-15 18:21:54
malika14,бала бакчага эмеспи?
0
malika14
2017-09-17 03:50:35
nurperi8981,испанияда бала бакчага торт айлык бобоктон баштап уч жашка чейин бала бакчага барышат. Мен кыздарымды бербедим . Бул жакда уч жашынан мектепке барышат.
+1
elif
2017-09-15 19:10:43
Панкейк билинчиктин эле кичинеси да,ортосуна кыям же эритилген шоколад суйкоп каалагандай кооздор алсан болот,камырды 1 аш кашыктан тогуп кактап эки бетин бышырасын
+1
deva
2017-09-18 18:33:45
elif,камыры блинчиктикинен коюураак болот бир аз
0
talas0707
2017-09-16 17:46:42
ертен менен нан чай жылытма тушто нан чай май кечинде бир тамак. Кыргыздыкы ушундай.
+2
deva
2017-09-18 18:33:02
Үйдө отурсам кызыма түрлөп жасап берет элем го, айла жок, иштеш да керек. Байкушум жылытма ичип кетет((
0
gulzat91
2017-09-18 21:11:37
нануштосу кыйын го орусча полдник го
0
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан