КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Баш-оту менен жумушка кирип кеткен адам убакыттын кандай өткөнүн сезбей калат экен. Дагы болсо, дагы көбөйсө деп отуруп Арсен бир нече жылды жашабай эле акча көбөйтүү менен өткөрүп жибергенин эми сезип отурат. Бирок бул жылдар бекерге кеткен жок. Тажрыйба, курчтук, бардык нерсени анализдөө, сактык, анан чоң акча – жоголгон жылдар үчүн алынган олжо болчу.
Телефон бетине бадырая Лиза деп жазылып чыкты.
– Оу, сары кыз.
– Кандай, Арсен? Биз жакка качан келесиңер?
– Тынччылыкпы?
– Ооба. Болгону түндө Жамкенин досторубуз деп бирөөлөр келип кетишти.
– Эмне дейт?
"Салык төлөгүлө, бул биздин аймак" дешти.
– Сауна Санжардыкы деп айттыңбы?
– Ооба. Мас немелер экен, сөзгө деле келишкен жок. Эмеректердин бир-экөөнү талкалап жиберишти.
– Сага тийишкен жокпу?
– Жок.
– Азыр...
Телефонун коё салып эле башка бир номурду тере калды.
– Алло, Эркин байке, кандайсыз?
– Жакшы, Арсенчик. Өзүңчү?
– Жакшы. Эркин байке, өткөндө белек берип жибердим эле, алдыңызбы?
– Аа, ооба. Рахмат.
– Байкадыңыз да, оригиналдуу Ulysse Nardin. Атайын сиз үчүн чет мамлекеттен алдырдым эле.
– Аа, рахмат. Мен аны карап коюп эле отурам, мунун баасы канча болду экен деп.
– Кам санабаңыз, Эркин байке. Андай саатты азыр ханзаадабыз эле тагынып жүрөт. Тагыраак айтканда, сиз, анан ханзаада.
– Оо...
– Эркин байке, түндө Лизага Жамке дегендин балдары барышыптыр. "Салык, биздин аймак..." дешиптир кыскасы.
– Ой, энеңди урайындар десе! Арсенчик, кам санаба. Мен азыр балдарды жиберем. Андан көрө Ош жакка качан келесиң?
– Буюрса, эртеңдерден го.
– Аа, келе бер, укам. Тигинден кам санаба. Беймарал. Келгенде чалып кой, чайлашалы.
Маселелер мына ушинтип чечиле турган болуп калган. Арсен Лизанын тынчын алган балдар эми ал саунаны, саунанын кожойкеси болгон сулуу орус кызын алыстан айланып өтүп каларына бөркүндөй ишенет. Азыр эле аны менен сүйлөшкөн Эркин байкеси укук коргоо органдарындагы Оштогу таасирдүү адам экени анын бул ишенимин ого бетер күчөтүп турду. «Бардыгын акча, анан тааныштар чечет» бул сөздөр Арсенге жашоонун мыйзамы болуп калган.


ххх

– Эркин байке, кандайсыз?
– Жакшы, Арсенчик. Өзүң?
– Жакшы. Ошко келдим. Мен баарын даярдап коём, келип кетиңиз.
– Аа, болду, укам.
Телефонун коюп, маңдайында отурган Лизага карады. Бир кездеги жүдөңкү, бирок сулуу кыз азыр келишкен айым болгон. Астында унаасы, тынбай акча түшүп турган элиталуу саунасы бар «бизнесвумен» болуп алган.
– Лизка, азыр Эркин байке келет. Эң сулуу деген 2 кызыңды даярдап турчу.
– Эмнеге 2ни?
– Билесиң го, Эркин байкени.
– Ошентсең. Мен сени кызганып баштагам.
– Кызык. Эмнеге мени кызганасың?
– Жакшы көрөм да сени. Билесиң го.
– Мен деле сени жакшы көрөм. Эң жакын адамымсың.
– А мен сени сүйөм.
– Санжар аке муну укса таарынат.
– Арсен, биз чоң кишибиз. Мен Санжар менен сүйлөштүм. Ал мага "сен эркин адамсың, кааласаң Арсенди, кааласаң Чыңгызды сүй" деди. Мен сени сүйгүм келди.
– Хе-хе... Коноктор келет. Андан көрө ошого даярдан, Лиза.


ххх

– Ох, кандай керемет, ыя!- буу бөлмөдөн чыккан Эркин айнек идиштеги сыраны жарымдата ичип сүйлөнүп алды.
– Санжар кайда?
– Ал Дубайга кеткен.
– Эмнеге?
– Иштери менен.
– Аа, түшүндүм. Азамат экенсиң, Арсен. Тияктын да, менин да тилимди таап. Баса, бир Гелендваген келди мага, кереги жок беле?
– Эмне болгон Гелендваген?
– Литвадан уурдалган. Бул жакка сатылып кетиптир. Кечээ жакында алып келип токтотушту.
– А сиз?
– Ооба, документтерин чики-чики кылып берем алам десең.
– Баасы кандай?
– Эми экөөбүздүн соодалашканыбыз уят го. Өзүмдүн укам болсоң.
– Документтери бүткөндө кабарлап коюңуз. Чика 20 миң доллар алып барып берет.
– Келиштик. Жакшы күн болду мага. Эми жанагы ойрондордон болсо го,- Эркин семиз денесин бүлкүлдөтүп каткырып алды.
– Лиза, кыздарды алып кирчи.


ххх

Капкара Гелендвагенди Чыңгыз 3-4 күндөн кийин Эркиндин үйүнөн айдап келди. Күр-р эте короого кирип келген унааны көргөндө Арсендин денеси дүркүрөп кетти. «Гелендваген... Хм, ким ойлоптур. Мдаа... Жетпес кыял эле го» жигит болушунча Бегимайды ойлобой коюуга аракет кылды, бирок көз алдына Болуштун ак Гелендвагенине отурар замат көздөрү жайнай түшкөн назик кызды эрксизден эстеп алды.
Жигит рулга отурду. Күр-р. Арсенге бул унаа куп жарашып калгандай. Жигиттин рулда отурганы тим эле баатыр өз аргымагын таап алгандай элес калтырды Лизага. Сыртынан карап жигитке суктанып жатты. Баралына келип, булчуңдары чыңалып турган, куу десе куулугу, акыл десе акылы бар, капкара көздөрү адамды тик караган, кийген кийими да мыкты жарашкан бул жигит каалаган бийкечин бир көз карашы менен имерип алмак болуш керек. Бирок ал эмнегедир суз. Кыздарга деле кыйратып көңүл бурбайт, акчанын артынан сая түшүп алгандай. Аны киреше гана кызыктырат.


ххх

Так эле Лиза ойлогондой болду. Гелендваген Арсендин эң мыкты темир досуна айланды. Кайда болбосун ошону чаап жөнөйт. Мурда Ош – Бишкекке учак менен каттачу болсо, азыр эринбей Гелендвагенин айдап алат. Жигиттин ансыз да күчтүү харизмасы Гелендвагени менен эки эсе өскөндөй.
...Бирок бүгүн биринчи жолу ал темир тулпарынын рулунда эмес. Арткы орундукта мелтиреп ойлонуп Ошту көздөй келе жатат. 4 жыл убакыттан кийин ал капыстан Бегимайга жолугуп калды. Эч нерсе өзгөрбөптүр. Экөөндө тең бири-бирине болгон белгисиз тартылуу бар экен. Өздөрүнө ээ боло албай калышты. Ысык эриндер бири-бирине чап жабышты. Арсен эрксизден өткөнкү түндү көз алдына тартты.
«Жок, сезимдерге алдырганга болбойт!» деп өзүнчө бүтүм чыгарып алды. Анын башында бир башкача жинди идея бышып жетилди. Ооба, эми ал Болушту да, Бегимайды да сыздатат. Өзү кабылган кырдаалга аларды кептейт, ошондогу көкүрөк күйдүргөн сезимдердин баарын алар да сезгидей кылат. Өксүтүп ыйлатат. Убакыт Арсендин жарасын дарылабаптыр. Карт жарасы сыйрылып, дымып калган кек кайрадан жалындап көкүрөгүндө күйө баштады. «Аз калды...»


ххх

Апасы келгенде жуунуучу бөлмөдөгү сууга агызып жиберген алакандай кагаздагы телефон номурду Бегимай эми эч унута албаса керек. Жинди немедей башында кайра-кайра кайталап жатат...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
akus
2017-09-12 09:25:23
Укмуш аран отту бир жума,эми дагы кутмой
+3
Aitun
2017-09-12 09:34:30
Мммм ушинтип окуп чала тойгон кучуктой отуруп калдым)))
+4
zamir_kgz
2017-09-12 22:32:41
Aitun,айланайын кучугум десе, суперди антарып чыксан мындан да сонун чыгармалар бар. Бир жума окуп да бутуро албасан керек.
+3
ilgis1991
2017-09-12 10:14:40
Арсенди Бегимай чанбаганда мындай даражага жетмек эмес.Жашоодо ожорлук м.н жетет экен да.
+7
ady-88
2017-09-12 10:19:30
Арсен эми болуш менен кыздын паччагын чыгарат экендаааа
+6
aitowa11
2017-09-12 10:41:26
Кайтаар дунуйодо ошон учун эч качан эч кимге жамандык кылбаш керек
+3
Sumaya0692
2017-09-12 12:00:01
Наконец-то жетип келдик биринчи сериясында эле экообуну кайра жолккан жеринен баштап бизге бир аз тушунуксуз болду эле эмне болуп ажырашканы
+2
nur72
2017-09-12 12:46:50
Эн негизгиси акылы менен иш уласа Болушка кек сактап дагы темир торго кепиелбесе
+2
romaantik
2017-09-12 12:48:48
Бул жагы кайтар дүнүйө болот экен да
+3
Medinaa
2017-09-12 17:53:11
Кекчил экен да
+1
originalkgz96
2017-09-12 20:45:02
Эми жеттиго го окуя оз нугуна
+1
Sanjar96kgz
2017-09-13 08:55:22
Достор мен бүгүн гана коментарий жазуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум,андыктан куттуктап койсонор болот.
+2
dasta
2017-09-13 10:34:25
Куттуктайбыз санжар.кийинчерек коментарийден да конулун калат
+2
Sumaya0692
2017-09-14 18:27:38
Жаны серясы чыкпадыго четверг чыкчу беле же качан
-1
sulaimanov.ulan
2017-09-17 23:05:24
Sumaya0692,каждый вторник чыгат сулуу
0
Tawnazarova1995
2017-09-14 19:19:37
Ух окудум аа
0
said9595
2017-09-14 22:13:08
Азамат Арсен сонун чыгарма ичине кирип кетейин деп окудум
0
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан