ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (11-сентябрдан 17-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Үйдү да, жумуштагы иштерди да тартипке келтирүү кажет. Ал үчүн графикти өзгөртүүгө туура келет. Башкалардын кеңешин укпоо кайсы бир маселени чечүүдө ката кетирүүгө жеткирерин унутпаңыз. Балдарды уруша бербеңиз, алар баарын өз каталарынан улам үйрөнөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Ден соолукка кайдыгер карабай текшерилүүдөн өтүп койсоңуз жакшы. Убактыңызды үйдөгүлөргө да бөлбөсөңүз алар нааразы болушат. Жаңы тааныштар менен байланышып туруңуз, алардын жакында кереги тиет. Үйдөгү көп колдонулбаган буюмдарды сатып, керектүүлөрүн алыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эски тааныштар бир ишти чогуу бүтүрүүнү сунушташат. Акча тапкан менен, зыяны тийбей тургандай болсо гана макул болуңуз. Виртуалдуу түрдө таанышкан адам менен жолугуп баарлашууңуз мүмкүн. Үй-бүлөлүк бюджетиңиз кайсы бир тойго белек алуу менен кемийт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Эмнеге киришсеңиз жыйынтыгы жакшы болорунан күмөн санабаңыз. Өзгөчө жарнама, юриспруденция жаатында иштегендердин ити чөп жейт. Таарынышкан досторду элдештирүү сиздин моюнуңузда. Алыстан келген коноктордон белек аласыз жана аларды сыйлайсыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Акча жетишерлик болот. Бирок туура эмес колдонуп, заматта коротуудан карманыңыз. Келишим түзүүдө юристтин жардамына таяныңыз, бул алданып калуунун алдын алат. Узак сапарга чыгуу сунушталбайт, өзүн актабайт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кызматкерлер жаңы идеялар менен иштешпесе жетекчиликке жагуу кыйындайт. Үй иштеринде жардамчылар көп болот. Жаңы тамак-ашты жегенде абайлабасаңыз ашказан-ичегиге күч келет. Достордун биринин ийгилигин чогуу белгилейсиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жеке иш баштайын деп, бирок каражат жетишпей жүрсө бул аптада жетишерлик каражат табылып калат. Кол сунган адам чыгат. Көңүл ачууга убакыт коротпой, кышка кам көрүп, отун-суу камдаганыңыз оң. Жакын адамыңыз жакшы жаңылык айтат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Башкаларга кеңеш гана бербестен, иштерин кошо бүтүрүп берүүңүзгө туура келет. Тааныштарыңыз көбөйөт жана алардын биринен кечеге чакырык аласыз. Апта акырында күтүлбөгөн жаңылык бир топ капа кылуусу күтүлүүдө.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кыймылсыз мүлк алууга, баштапкы капитал топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Керектүү адамды керектүү убакта пайдалана билүү ашыкчалык кылбайт. Чырдын алдын алып, кызганычка жол бербеңиз. Дем алышта жекече дем алууга шарт болот.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Күнүмдүк иштерди токтото туруп, өткөнгө, келечекке көз жүгүртүү сунушталат. Жашоодон эмнени алгыңыз келгенин тактаңыз жана аракетке өтүңүз. Корпоративдик иш-чарага катышып байге алууңуз ыктымал. Балдарга көбүрөөк акча сарпталат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Маалыматтарды түшүнүү, иште колдонуу оор болуп жатса чөйрөдөгүлөрдөн жардам сураңыз. Иштерди көбүнчө жөө жүрүп бүтүрүүгө туура келет. Убактылуу колдонууга бирөөлөрдөн буюм алууңуз мүмкүн. Апта акырында жагымдуу жолугушуу күтөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Көп эле активдүү боло бербей, мезгилдин агымы менен боло туруу оң. Алыстагы туугандар менен карым-катнаш жанданат. Үйдү өрттөн, уурулардан сактабасаңыз өкүнүп каласыз. Тиричилик техникасын алуу зарылчылыгы чыгат.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө: 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kushtari
2017-09-12 11:46:58
Болбогон нерсе
0
nurman
2017-09-13 00:29:59
Суукуяр менен балык окшош болуп калыптыр
0
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан