ТАРЫХЫЙ ОКУЯ: КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ ЧЫР-ЧАТАКТЫН ЭМЕС, ДОСТУКТУН ДАРБАЗАСЫ БОЛУШУ КЕРЕК

Кыргызстанга 17 жылдан кийин коңшу Өзбекстандын президенти мамлекеттик сапар менен келди. Өзбек президенти Шавкат Мирзийоевди 5-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев өзү жылуу тосуп алып, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кеңири курамда сүйлөшүүлөр болду.

Кыргызстан менен Өзбекстан коңшу жашаганы менен, көп жылдан бери бир пикирге келе албай, эки өлкөнүн чек ара аймактарында тынымсыз чыр-чатактар орун алып келген. Жанаша жашаган, тили, дини бир калк чек арадан каттай албай, карапайым эл эле эмес, эки өлкө тең мындай муздак мамиледен жапа чегип келген. Эми бул күндөр артта калды. Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентинин бул мамлекеттик сапары боордош эки өлкөнүн, эгемендүү эки республиканын мамилелериндеги жаңы доорду ачып жатканын белгилеп, мамиленин бекемделиши жалпы аймактагы саясый кырдаалга жакшы таасирин тийгизе турганын айтты. Өлкө башчысы бул күндү кыргыз жана өзбек эли 25 жыл күткөнүн белгилеп, өзбек президентине эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө саясый эрктүүлүгүн жана акылмандыгын көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
«Кыргыз-өзбек эли 25 жылдан бери күтүп, самап жаткан кагаздардын маанилүүсүнө кол койдук. Ушуну менен чек аранын 85 пайызы бекитилип жатат, жол ачылып жатат. Ушунчасына тил табышкандан кийин 15 пайызга дагы тил табышабыз го деп турам. Албетте, ушундай чоң тарыхый иш-чаранын, окуянын болуп жатканына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин мамлекеттик сапар менен келгени түрткү болуп жатат. Ошон үчүн Шавкат Миромоновичке, өзүмдүн досума, бир тууганыма, бурадарыма рахмат айткым келет. Башкысы, каалоо болсо, саясый эрк болсо, сүйлөшсө боло турганына ынандык. Чындыгында, биздин өлкөлөр ортосунда бир туугандык мамиле болушу керек»,- деди Атамбаев.
Президент кыргыз-өзбек чек арасы чыр-чатактын эмес, достуктун дарбазасы болушу керектигин билдирди. «Чек ара бекеттери ачык болуп, эл жакындары каза болгондо телеграмма аркылуу эмес, мурдагыдай бири-бири менен эркин катташкыдай болушу керек. Эки президенттин бир туугандык эрки бардык чек арада калыптанышы керек. Биздин чек аралар чыр-чатактын эмес, достуктун дарбазасы болушу керек»,- деди Атамбаев.

Шавкат Мирзийоев: «БУЛ ЖАКЫНДАШУУЛАРГА ПРЕЗИДЕНТ АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН САЛЫМЫ ЧОҢ»

Кыргызстан коңшу мамлекеттин президентин жогорку деңгээлде тосуп алууга күн мурунтан даярданып, тиешелүү чараларды көргөн. Өзбекстандын президенти буга өз көзү менен күбө болду жана кыргыздардын меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара кызматташуунун деңгээли жогору экендигин белгиледи. «Бул жакындашууларда менин досум, бир тууганым Алмазбек Шаршенович зор роль ойноду. Самарканддагы жолугушууда биз бардыгын ачык-айрым сүйлөштүк. Бүгүн биз эң жакын досторубуздун кучагындабыз, боордош элдин кучагындабыз. Мен телевизордон көрдүм. Эл Анжиянга жана Ошко мурдагыдай барып келерине ишенбей жатат. Жетекчи катары мен элибиздин бул каалоосун аткарууга милдеттүүбүз деп эсептейм»,- деди Шавкат Мирзийоев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев да эки тараптуу келишимдерге кол коюлгандан кийинки сөзүндө эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын 85 пайызы такталганына токтолду. «Кыргызстан менен Өзбекстан бийлиги чек ара маселелерин чечүүгө саясый эрки жетти. 25 жылдын аралыгында бир дагы чакырым чек ара чечилген эмес. Биз бир жылга жетпей эки өлкөнүн чек арасынын 85 пайызын чечтик»,- деди ал. Ошондой эле өзбек президенти чек ара маселесин толук чечүүгө болгон аракеттер токтобой турганын кошумчалады. «Мен президент Алмазбек Атамбаевди мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга чакырам. Менин оюмча, калган кыска аралыкта чек арадагы такталбай калган 15 пайыз тилке боюнча да болгон аракетибизди жумшайбыз»,- деди ал.
Шавкат Мирзийоев өз сөзүндө чек ара бекеттерин толук ачып, эки өлкөнүн жарандарынын эркин өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө умтула турганын, чек ара бекеттери достуктун бекети болушу керектигин да белгиледи.

КАМБАР-АТА ГЭСИН ЭКИ ӨЛКӨ КУРАТ

Буга чейин Камбар-Ата ГЭСин курууга өзбек тарап каршы чыгып, анын кесепети оор боло турганын жүйө кылып келген. Эки өлкөнүн президенттери бул жолку жолугушууда дал ушул маселе боюнча да орток пикирге келгени маалым болду. Өзбек президенти Шавкат Мирзийоев Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча кыргыз тараптын сунушун колдоого аларын жарыялап, андан башка да ири долбоорлор боюнча иш алып баруу пландалып жатканын айтты.
«Биз транспорттук коридор боюнча сүйлөштүк. Бул – ири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча. Ага чейин биз унаа жолун курушубуз керек. Анжияндан Ошко, андан Эркеч-Там аркылуу Кашкарга чейин жол салышыбыз керек. Бул эң кыска жол болот. Мына, саясый эрк бар. Алмазбек Атамбаев «бир дагы ГЭС Өзбекстандын катышуусусуз курулбайт» деп айтты. Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан: каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени ал бизге керек»,- деди өзбек президенти.

МАМИЛЕ МЫНДАН АРЫ ЧЫНДАП БЕКЕМДЕЛЕТ, АТАМБАЕВ ОКТЯБРДА ТАШКЕНТКЕ БАРАТ

Эки президенттин бул жолугушуусун эксперттер жогору баалоодо. Эки мамлекет тең мамилени чындап бекемдөөгө кызыкдар болуп жатканы, 25 жылдан бери чечилбей келген маселенин кыска аралыкта чечилип жатышы жакшы жышаан катары бааланып жатат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев бул сапары учурунда Алмазбек Атамбаевди Ташкентке чакырды. Өлкө башчысы октябрь айында Өзбекстанга жооптуу мамлекеттик сапар менен барганы турат.
Жылуу маанайда уланган жолугушуудан кийин Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев кыргыз-өзбек кызматташтыгы тууралуу документтерге кол коюшту. Алар:

  • «Чек ара өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө» өкмөт аралык документ;
  • Жогорку Кеңеш жана Улуу мажилис ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы салык мыйзамдарын сактоодо бири-бирине көмөк көрсөтүү;
  • Консулдук конвенциянын ратификациялык грамоталары менен алмашуу протоколу;
  • Соода өнөр жай палатасындагы кызматташтык жөнүндө келишим;
  • Ош шаардык мэриясы менен Анжиян шаарынын акимчилигинин ортосундагы келишим;
  • Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту жана Өзбекстандын президентине караштуу стратегиялык жана аймак аралык иликтөө институту ортосунда түшүнүшүү меморандуму;
  • Жогорку билим берүү тармагындагы өкмөт аралык келишим;
  • Илимий-техникалык кызматташтык тууралуу өкмөт аралык келишим;
  • Бишкек мэриясы жана Ташкент акимчилиги ортосундагы келишим.
"Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен."

"Эки өлкөнүн канайымдары Раиса Атамбаева менен Зироатхон Хошимова."

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан