Мукам үнү менен көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапкан, хит ырлары менен аз убакытта жумурай журтка белгилүү боло алган Самара Каримова SUPER.KG порталында конокто болду. Ырчы Эмгек сиңирген артист наамын алгандан бери анын дарегине жөндүү да, жөнсүз да сындар жаап келет. Самара Каримова бул өңдүү талкуулар боюнча пикирин билдирип, күйөрмандары кызыккан суроолорго жооп берди.
– Самара айым, наамыңыз кут болсун! Ушундай абройлуу сыйлык алам деп күттүңүз беле?
– Чоң рахмат. Биринчиден, ушинтип мени алкаган элиме ыраазычылык. Дагы деле толкунданып жүрөм. Ырымды, клибимди кайсы убакыт болбосун эл менен бөлүшүп, күйөрмандарым менен байланыш түзүп, жалпы журтка тааныткан “Супер-Инфо” гезитинин менин чыгармачылыгымда таасири чоң. Убакыттан пайдаланып сиздерге да рахмат айтам.
– Эмнеге музей жетекчиси болбой койдуңуз? Сизден мыкты жетекчи чыкмак...
– Иштеп кетмекмин, менден мыкты жетекчи чыкмак. Бир жумушту баштасам аягына жеткирем. Бирок айрымдар “жашсың, мүмкүн сага эрте” деген сындарды, сунуштарды айткандан кийин өз каалоом менен кызматтан баш тартууну туура көрдүм. “Жаш келсе ишке, кары келсе ашка” деп коюшат эмеспи, ошондуктан баары алдыда.
– Самара, сизге сыйлыкты "бийликтеги таасирдүү таанышы алып берди" деп жатышат, буга оюңуз кандай?
– Жок, менин бийликте таанышым жок, өзүмдүн эмгегим, элимдин колдоосу менен алдым. Мен негизи талыкпай эмгектенип, жылдызы жанып турган убакта сыйлык алганды туура деп эсептейм. 60 жашта сыйлык алып, ал жөн эле үйдө турганда эмне? Азыр сыйлык берилгени мага чоң стимул болду, бул наам мага кыргыз элинен “аванс” болсун, мындан ары өмүр бою элге кызмат кылууга даярмын. Сахнага чыкканыма аз эле убакыт болгону менен, көп эмгек кылдым чынында. Наамды баалоо канча жыл ырдаганы менен эмес, иштеген тынымсыз эмгеги менен бааланса жакшы болмок. Мисалы, мен борбор шаарыбызда эле 6 концерт бердим, аймактардагы концерттеримди айтпай эле коёюн. “Бир жолу концерт бербей наам алгандар бар” деп улуу муундагы ырчылар айтып жүрүшөт.
– Наам алыш үчүн кайсы бир мекеме, ишкана же адам өзүн-өзү көрсөтөт, сизди талапкер катары ким көрсөттү?
– Мен наамга Кыргыз Республикасынын театр ишмерлеринин союзу тарабынан көрсөтүлгөм. Документтерди чогултуп, бир жыл мурун тапшырганбыз. Минтип быйыл сыйлык алдым.
– “Наам алганда ата-энем катуу сүйүндү, атамдын кан басымы көтөрүлүп, мурдунан кан кетти” дедиңиз эле, азыр элдин сын-пикирин укканда кандай абалда калышууда?
– Атам 3 жолу инсультка кабылган. 8 жылдан бери оор дарт менен алышып жүрөт. Учурда аны апам карайт. Ага мен тууралуу айтылган сындар катуу тийиши мүмкүн. Бирок атам интернетке кирбейт, гезит-журналдарды окутпай коёбуз.
– Самара, сизди үй-бүлөнү да, жумушту да бирдей алып кеткен айым катары абдан сыйлайм. Ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүшүп кетиңизчи?
– Ооба, үй-бүлөнү да, чыгармачылыгымды да чогуу алып жүрөм. Кээде балдарымды таштап алыска кеткенге туура келет. Алар ооруса кадимкидей кыйналам, жүрөгүм сыгылат. Бир окуя айтып берейин. Балдарымды көбүнчө апама таштап кетем. Бир жолу 3-4 күнгө сапарга кеткенбиз, үйдө тамак жеп отуруп балам менин клибимди сыналгыдан көрүп калып “ай, Самара Каримова, үйгө келбейсиңби, 4 күн болду. Телевизордон чык” деп кыйкырыптыр. Аны апам мага айтып берип боорумду эзди. Балалуу болгондо ата-эненин кадырын билет экенсиң. Ошон үчүн да репертуарымда ата-эне тууралуу ырларым көп. Көбү мени ата-энеси каза болуп калган деп ойлошот экен. Жок, менин атам да, апам да бар, мен бактылуумун. “Сагынганда атамды” ырын студияда жаздырып жатканбыз. Эгемберди Талипов аккордеон чертип берип жаткан, бир маалда көзү жашылданып калды. Ырдап бүткөндөн кийин “сен бактылуу экенсиң, ата-энеңдин тирүүсүндө бул ырды аткарып жатасың. Менин ата-энем тирүү кезинде ушул ырды жазсам эмне болот эле?” деп аябай ыйлаган. Ата-эне түбөлүк эмес, мен ата-энем тууралуу ырдагандан тажабайм.
– Жолдошуңуздун биринчи никесиндеги балдары менен катташасыздарбы?
– Жолдошумдун биринчи никесинен беш баласы бар. Алар менен катышуусуна мен каршы эмесмин. Жакында эле каникулда биздин үйгө келип кетишти. Мен бирөөнүн баласы, өзүмдүн балам деп эч качан бөлүп караган эмесмин.
– Жолдошуңуздун биринчи жубайы менен мамилеңиз кандай, сиздерди "урушуп кеткен" деп айтышат?
– Мындай кепти сиздерден биринчи жолу угуп жатам (күлүп). Биринчи жубайы менен эч кандай мамилем жок. Аны тааныбайм. Кайненем айтат “ал аял турмушка чыккан, өзүнчө үй-бүлөсү бар” деп. Ал дагы бактылуу, биз дагы бактылуубуз.
– Чачыңыздын узундугу жагат, ага кандай кам көрөсүз?
– Чынында чачка кам көрүш кыйын. Кээде өрүп алып эле жүрө берсем, иним Сагынбек “кечке эле өрүп жүрө бересиңби, чачыңды жасалгалачы” деп уруша берет. Инстаграмдан да окурмандарым көп сурашат. Чачым кошулган эмес, боёлгон эмес, өзүмдүкү. Бир тойдо ырдап жатсам, хирург Мамбет Мамакеев мен тарапты көздөй келе жатат. Ырым бүткөндө жаныма келип чачымды тартып көрүп жатпайбы. Анан залдагыларга “аа, өзүнүн чачы турбайбы” деп колума 100 доллар карматты. “Кана дагы кимиңердин чачыңар узун, акча берем” десе эч ким жок. Негизи мектепте окуп жүргөндө чачымды кыркып эле жүрчүмүн. Кийин Аскеге турмушка чыккандан кийин “чачыңды кырктырба” деп жүрүп эле узун болуп өсүп кетти. “Кырктырсаң, сени сүйбөй коём” дейт (күлүп).
– Тойго чакырсам 700 доллардан түшпөй койдуңуз, “ставкаңыз” эмне мынча кымбат?
– Биздин “ставка” ар кандай коюлат. Кийимдериме, ыр жаздырганга, аранжировкага, косметикага каражат кетет, жол кире деген бар. Кээде чакырылып жаткан аймакка жараша да баа чечилет. Кыскасы, тойдогу“ставкам” жасаган эмгегиме жараша.
– “Эмгек сиңирген артист” наамын алуу сизге эрте го. “Бул наамды алуу мага эрте. Мен эмес, менин атамдай болгон кишилер ала элек, кечиргиле” деп андан баш тартсаңыз замандын Жаңыл мырзасы болмоксуз.
– Бул наамдан баш тарткандай ал кресло эмес. Мен дарегиме айтылган айрым сындарды туура көрүп, пикирлерди сыйлап креслодон баш тарткам. Ал эми наам – бул үй, машина эмес, болгону кичинекей кагаз, сый, баа. Наамды мага хан берип жатат, демек, мага буюрду, андыктан баш тартпайм.
– Жолдошуңуз Ош драма театрынын алдында семичке сатып бизнесин баштаганбы?
– Ооба, бул чын. Жолдошум 8 бир тууган. Ал кезинде көптөгөн кыйынчылыктарды көргөнүн айтып “андай оор күндөрдү эч кимге каалабайм” дейт. Бул анын тарыхы, басып өткөн жолу. Ал баарын нөлдөн баштаган.
– Жолдошуңуз Асан мырза “дагы үйлөнөм, сени да кошо багам” десе макул болот белеңиз?
– Үйлөнүп, ажырашкан оюнчук эмес да. Жолдошумдун да тагдыры экен, мурунку жубайы менен ажырашып, кийин экөөбүз табыштык. Бул суроого Аскем өзү эле жооп бербесе, менде андай ой жок.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg