БАБАНОВ МЕНЕН ТӨРӨБАЕВ БИРИГЕБИ?

Super.kg порталы 6-сентябрда президенттикке талапкерлер Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын өздүк булактарга таянып жазып чыкты. Маалыматты эки талапкер тең төгүндөп же ырастай элек.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров: “Сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат, жалгыз Бабанов менен эле эмес, Жээнбеков жана башка талапкерлер менен дагы. Сүйлөшүүлөрдө биригүү эле эмес, шайлоону таза өткөрүү маселеси да каралууда. Идея, максаттар дал келсе биригүү ишке ашат. Ал эми Мадумаров, Келдибеков, Ташиев жана Төрөбаевдин буга чейинки биригүүсүнүн тагдыры 11-сентябрдагы курултайда чечилет. Кандай болуп чечилери биригүүдө кол коюлган келишимдин кандай аткарылгандыгынан көз каранды”, - деп билдирди.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабынан да сүйлөшүүлөр бардык тараптар менен жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан