ДҮЙНӨЛҮК ШОУ-БИЗНЕС ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

БУЛЛОКТУН 5 АЙЛЫК БАЛАСЫ БАР ЭКЕН
Эсиңизде болсо керек, гезитибиздин өткөн сандарынын биринде “Оскар-2010дун” жеңүүчүсү болгон актриса Сандра Буллок тууралуу макала жарыяланган. Анда таланттуу актриса жолдошунун балдарына бакма эне экени, өзүнүн баласы жоктугу жазылган. 45 жашында төрөгөнгө көзү жетпегенби, айтор, актриса кара терилүү Луис Бардо аттуу уулду багып алыптыр. Бирок бул кабарды “Оскар” сыйлыгынан кийин айтууга камынып жүргөн. Сыйлык тапшыруу аземи бүткөн соң жолдошу Жесс Жеймс ала жипти аттаганы тууралуу билип калып, бул маалыматты айтууну кийинкиге калтырган. Эми актриса “жакшылыктын эрте-кечи жок” деп жагымдуу кабарды көпчүлүккө жарыялады. Ал эми көзүнө чөп салган жолдошун кечире албасын билдирүүдө. Сыягы, Сандра 5 айлык уулун эми жалгыз тарбиялайт көрүнөт.

ПЛЮЩЕНКО ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН
ТАКЫР БИЙЛЕБЕЙ КАЛЫШЫ МҮМКҮНБҮ?
Муз үстүндө бийлөө боюнча жылдыз Евгений Плющенко учурда ооруканада, операцияга даярданып жатат. Орусияда эмес, Германиянын Мюнхен шаарындагы мыкты ооруканалардын биринде. Бийчинин тизеси катуу ооруганынан улам дарыгерлерге көрсөткөн эле. Врачтар Плющенкону кылдаттык менен текшерүүдөн өткөрүп, операция жасатыш керектигин билдиришти. Операция качан болору азырынча белгисиз. Көпчүлүктү “Евгений мындан кийин такыр бийлебей калышы мүмкүнбү?” деген суроо тынчсыздантат. Дарыгерлер бул суроого операциядан кийин жооп бермекчи. Ал эми учурда спорт жылдызынын жанында сүйүктүү жубайы Яна Рудковская колдоп, жубайлык милдетин аткарып жүрөт.

АНАСТЕЙША ТӨРӨБӨЙМ ДЕП АЖЫРАШТЫБЫ?
Поп жылдыз Анастейша 4 жылдан бери турмуш жолунда бирге келаткан жансакчы жолдошу Уэйн Ньютон менен ажырашууда. Буга себеп баягы эле ортодогу пикир келишпестик делинет. Бирок кээ бир такталбаган маалыматтарга караганда, ырчы кыздын төрөгүсү келбегенинен деп айтылат. Ырчы кайсы бир журналга “Ньютондун эки баласына экинчи апа болуп жатканым жетиштүү” деп интервью берген. Анастейшанын бул сөзүнүн ажырашууга тиешеси бардай көрүнөт.

ТОЛКУНОВАНЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛЫП КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ
7-апрель күнү улуу ырчы Валентина Толкунованын дүйнө салганына 40 күн болду. Валентинанын жолдошу Юрий Папоров жубайын жерге бергенден бери ден соолугу начарлап, дале ооруканада. Толкунованын канчалаган жылдан бери курган ансамблиндегилер мындан кийин эмне кыларын билбей “таркап кетсекпи же ишибизди улантсакпы?” деп арсар болуп турган чагы. Мындай оор учурда маркум Валентинанын достору жакындарынын көңүлүн алып, көзү өтүп кеткен улуу ырчыга арнап атайын көргөзмө ачышты. Ага Толкунованын сахнада кийген кийимдери, ар түрдүү кызыктуу сүрөттөрү, жакшы көргөн буюмдары жана дисктери коюлган.

РОБЕРТС 4-ЖОЛУ “ГОЛЛИВУДДУН СУЛУУ АЙЫМЫ” АТАЛДЫ
Американын популярдуу “People” журналынын жүргүзгөн сурамжылоосу боюнча актриса Жулия Робертс 4-жолу “Голливуддун сулуу айымы” деп табылды. 42 жаштагы үч баланын энеси Жулия төрт жыл катары менен сулуулугу боюнча канчалаган жаштарды артта калтырып, алдыңкы баскычтан түшпөй келет. Андан кийинки орундагылар: Холли Берри, Кристен Стюарт, Женнифер Энистон, Женнифер Гарнер, Женнифер Лопес, Зои Салдана, Скарлетт Йоханнсон.

ТУРЧИНСКИЙДИН АКЫРКЫ КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ
46 жаш курагында белгилүү шоумен, актёр, бизнесмен жана үлгүлүү үй-бүлө кожоюну Владимир Турчинскийдин дүйнө салганы көпчүлүктү капа кылган. Андан бери беш айдын жүзү өттү. Турчинский бир гана спортту сүйгөн инсан катары таанылбастан жазуучу катары да белгилүү эле. Мисалы, “Жарылма философия” аттуу китебин окубаган мырза болбосо керек. Мырзалар дегенибиз аталган китеп жалаң эркектерге арналган. Ал көзү тирүүсүндө мырзаларга китеп жазган соң “эми айымдарга да фитнес тууралуу китеп жазышым керек” деп ишке киришип, негизги бөлүгүн бүтүрүп койгон. Бир гана үстүнөн иштеп чыгуу калган эле. Бул жоопкерчиликти шоумендин жубайы Ирина Турчинская моюнуна алып, китепти жарыкка чыгарды. Китеп “Айымдар үчүн фитнес” деп аталат. Анда психологиядан баштап түрдүү көнүгүүлөргө чейин кылдаттык менен жеткиликтүү жазылган.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 392, 7-13-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан