Кыргызпочтасы” мекемеси Мамлекеттик каттоо кызматынын башкаруусуна өттү. Бул кадам “Таза коом” программасынын чегинде, калкты ыңгайсыздыктардан арылтуу максатында жасалууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин айтымында, ар бир айыл өкмөткө калкты тейлөөчү бөлүмчөлөр ачылат. Ал жерден төрөлгөндүгү, каза болгондугу, никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт алууга болот. Учурда 170 калкты тейлөө бөлүмчөсү текшерүүдөн өтүүдө. Андан сырткары “паспортту үйгө жеткирүү” кызматы да ишке кирип, “Кыргызпочтасынын” кызматкерлери көрсөтүлгөн дарекке жарандардын паспортун жеткирип берери жарыяланды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.