САДЫР ЖАПАРОВДУН УУЛУ 1 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун тарапташтарына сот өкүмү чыгып, алды 8 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдү 5-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, Адылбек Исаев, Жаңыбай Жеңишбеков, Айдынбек Шамшидин уулу, Байгазы Казиев, Улан Усупов, Анарбек Бейшебеков жана Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров 1 жылга шарттуу түрдө кесилди. Ал эми Орусиянын жарандары болгон Эрланбек Тагаев, Калыбек Жапаров жана Абдыманап Бегишовду сот 4 жылдан эркинен ажыратты. Мурда соттолгон Чыңгызхан Кожогелдиев 8 жылга эркинен ажыратылды. Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров акталып, сот залынан бошотулду.

Белгилеп өтсөк, Садыр Жапаров 2-августта “бийлик өкүлүн барымтага алган” деген айып менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Учурда Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровго карата чыккан өкүм боюнча апелляциялык арызды кароодо. Ал эми "барымтага алынды" деп айтылган саясатчы Эмилбек Каптагаев соттон Жапаровду актап берүүсүн суранып, ага доосу жоктугун билдирген.
                                                                                                                         Бектур Токтоноев
                                                                                                                          politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан