Улуттук банктын төрагасы кызматына Бишкектин мурунку мэри, учурда Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондун жетектеп жаткан Кубанычбек Кулматов сунушталууда. Мындай маалыматты өлкөнүн айрым маалымат каражаттары Президенттик аппаратка шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Улуттук банктын төрагасын президенттин сунуштоосу менен Жогорку Кеңеш шайлайт. 25-августка чейин төрагалык кызматты учурдагы биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов аркалап турган.
Ал эми Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жаткан Кубанычбек Кулматов 2016-жылдын мартынан бери Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондун жетектеп келет.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg