КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ “ДОСТУК” БЕКЕТИ АЧЫЛДЫ

Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын чек арасындагы “Достук” көзөмөл-өткөрүү бекети ачылды. Ачылуу аземи 6-сентябрда эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн жана 1000ге чукул жарандын катышуусунда өттү. Иш-чарага кыргыз тараптан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, ал эми өзбек тараптын да бир топ аткаминерлери катышкан.

“Достук” көзөмөл-өткөрүү бекети Ош облусу менен Өзбекстандын Андижан облусунун ортосуна курулган. Буга чейин эки өлкөнүн жарандарынын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өтүүсү үчүн бир тараптан телеграмма талап кылынып келген. Мындан улам көпчүлүк жарандар Казакстан аркылуу эки мамлекетке каттап жаткан. Эми мындай талаптар жоюлуп, 24 саат бою “Достук” бекети иш алып барууну баштады.

Аталган иштер эки өлкөнүн президенттеринин эки тарапка болгон иш сапарларынан кийин аткарылган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан