“МЕН ЭМИ БААРЫН ЖЕҢГЕНГЕ ДАЯР АНЖЕЛИКАМЫН”

БАЛАЛЫККА КАЙРЫЛУУ
– Мен бир жашка чыкканда ата-энем жумушуна байланыштуу борбордон Талас шаарына которулушуптур. Таластан бала бакчага бардым. Мектеп босогосун аттаарымда кайрадан Бишкекке көчүп келдик. Окуучулук күндөрүмдү элестетсем сапсары, уялчаак, жылмайып гана турган кыз болчумун. Тартынчаактыгымдын айынан оюмдагыны эч кимге айта алчу эмесмин. Бара-бара чыйрак боло баштадым. Анткени жатак мектепте окуп, ата-энемди сагынып, ыйлап оюмду айтышым керек болду.
Андан кийинки балалыгым дөңгөлөк үстүндө уланды. Ырчылыкка шыгым кичинемден эле ойгонду. Үйгө ким келбесин качан мени “ырдап кой” деп айтат деп күтө берчүмүн. Аты чыгып калган ырчыларыбызды туурай бермей адатым бар эле. Менин чыгармачылык жолго түшүшүмө апамдын салымы чоң. Ар кандай кастингдерге жетелеп алып барып жүрүп, музыкалык мектепке берди.

ЕВРОПАГА САПАР
–Жакында Европага барып келдим. Ал жакка барганымдын максаты – өзүмө жаккан кийимдердин үлгүсүн алып келип, бутик ачуу эле. 10 күн аралыгында каалаган кийимдериңди топтоп, тигип беришет экен. Кийимдер даяр болгуча жөн отурбай көрө элек шаарларды кыдырдым. Буга чейин тынбай иштеп чарчаган күндөрүм он күндүк эс алуум менен чыгып кетти. Андан сырткары 1-2 компания менен дизайнерлик чеберчилигим, чыгармачылыгым боюнча келишим түзүүгө да жетиштим.
Чет жерде жүрсөм да ойлор, идеялар аркамдан кубалай берет экен. Көрсө, мен өзүмдү ар тараптан сыноодон адреналин алат экенмин. Ар дайым бир нерсеге умтулуп, максат коюп жашаганды жакшы көрөм. Бул материалдык абалымды гана жакшыртуу эмес болуш керек. Анткени үй-бүлөмө, өзүмө жете турган, ишкерликтен, чыгармачылыктан түшүп жаткан каражат бар. Байлыктын түбүнө эч ким жетпесин, өзүм менен кошо эч бирин алып кете албастыгымды түшүнөм. Алдыда жаш ишкерлерди, таланттууларды колдоо деген жакшы долбоорлор турат. Кайрымдуулук иштерине да басым жасоодомун. Мен үчүн бул жашоонун маңызы – жумуш.

ДЕН СООЛУК
– Жакында эле ооруканага жатып чыкпадымбы. Ошондо дарыгерлер “азыркылар иш тартибин өтө жыш кылып алып, организми чарчаганын билбей иштей беришет” деп айтышты. Мындай иш тартиби адамга өтө зыян экен. Мен акыркы күндөрү күнү-түнү иштеп, 3-4 сааттан эле уктап калгам. Ошондо организм көтөрө албай белги бериптир. Муну көптөр “акыркы ушактардын айынан ооруп калыптыр” деп чыгарышты. Андай эмес, богок оорум бар, анан да гастролдо ачка-ток жүрүп ашказанымды бир аз “таарынтып” алыптырмын. Ошол ооруларымды дарылап, ден соолугумду калыбына келтирдим.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫК
– Казактардын белгилүү продюсери Баян Максат кызы китебинин ачылышын Бишкекте өткөрүп, ал адам менен жакын дос болуп калдым. Анын жардамы менен чыгармачылыгымды эки өлкөдө улантсамбы деген пландарым бар. Июнь айында эл арасынан таланттууларды чогулттум. 200 кыздын арасынан отузун тандап, анын он бири чоң сахнага аттанды. Аларды эл аралык сынактарга даярдап жатам. Ал гана эмес, өзүм да даярдануудамын. Эки жыл аралыгында эл аралык сынактарга катышууга менин жаш курагым төп келет экен. Кыргызстандагы, Казакстандагы күчтүү мугалимдерден вокал боюнча сабак алып сынактарга барууну максат кылдым.

ВИРТУАЛДЫК ЖАШОО
– Инстаграмдагы баракчамда канча окурманым болсо, ошонун баарын жеке жашоомо киргизип алыптырмын. Андыктан баракчамдан жолдошумдун, кыздарымдын сүрөттөрүн өчүрө баштадым. Муну ар ким ар кандай жоруп жатат. Мындан нары баракчама ишиме байланыштуу гана сүрөттөр жүктөлөт. Үй-бүлөдө өйдө-төмөн болот. Бир күнү жолдошум сүрөткө түшкүсү келсе, экинчи күнү түшкүсү келбейт дегендей. Буга чейин үй-бүлөмдүн кайда эмне кылып жүргөнүн толугу менен окурмандарымдын алдына жайгандыгымдын да себеби бар. Анткени мен өзүм дагы жакшы көргөн кумирлеримдин жеке жашоосун майда-чүйдөсүнө чейин көргүм келет. Ошондуктан күйөрмандарым да биздин жашоодон кабардар болуп турушса деп ойлогом. Жашоодо үй-бүлөмө тиешелүү сыноолор көп болуп кетти, ошондуктан жеке жашоомду элден жашырып кулпулай баштадым.
Мурунку Анжелика менен азыркынын ортосунда чоң өзгөрүү болду. Мурун жашоодо кыйынчылык болорун билбеген, баёо болсом, азыр баарын жеңе билүүгө даяр Анжеликамын. Турмушка чыга элек кезде өмүр бою ырдап жыргап жүрөм деп ойлогом. Азыр өзүмдүн эле жашоомду эмес, 3 кызымдын тагдырын ойлогон, 3 адам үчүн да жашаган адам болуп калдым.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК КОЛДОО
– Ооба, акыркы учурда көп окуя болду. Мухтар Өмүракунов менен түшкөн сүрөтүм элге тарады. Ушундай бир окуя бирөөнүн башына түшсө, мен деле “күйөөсү эмне деди, аялы эмне болду экен?” деп кызыкмакмын. Өз башыма түшкөндө эч нерсе болгон жокмун. Жел жүргөндөй да болгон жок. Себеби мындай ушактар менен 10 жылдан бери күрөшүп келебиз. Ошол эле гитара кармап, ийиниме кездеме жабылып турган сүрөтүм азыр үйүмдүн дубалында чоң болуп илинип турат. Бул сүрөттөрдү жолдошум үйлөнө элегибизде эле көрүп, “кандай сонун фотосессия” деген, ошол боюнча унутулуп калган болчу. Көрсө, 10 жыл өткөндөн кийин деле таптакыр башка ойго буруп келип адамды чаап салса болот турбайбы.
Азыр ушунчалык таң калычтуу жашоодо жашап жатыптырбыз. Экөөбүздүн азыркы маекти деле бир канча убакыттан кийин башка өңүттө колдонсо болот экен. Турмуш жолуна аттангандан кийинки түшүнбөстүктөрдөн, бут тосуулардан, “хиджаб кием, намаз окуйм, ырдабайм” деп үйдө көйнөк тигип отурган күндөрдөн да өткөнбүз. Сүрөт чыгып кеткенде жолдошума “Мухтар байке менен сүрөтүм жүрөт, сенден "интервью алабыз" деп жатышат, жооп берип койбойсуңбу?” дедим. Жолдошум “жакшынакай жашап жатсак эмне деп айтам? Мен бул темага кайрылгым келбейт” деп койду. Мындай сыноону мен чыдамкайлыгым менен жеңдим. Ар бир үй-бүлөнүн жашоо тартиби болот. Мен кыздарыма бактылуу мүнөттөрүбүздү гана көрсөткүм келет.

"Улуу кызым Айыма оюн түшүндүрүп, каалоосун айтып калды. Жакында онго чыгат. Ырчылыкка кызыгып, учурда алгачкы ырларын жаздырып жатабыз".

"Биз эркин үй-бүлөбүз. Жолдошум экөөбүз тең өз алдыбызча иш алпарып, бири-бирибизге чектөө койбой жашайбыз".

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Анжелика: "Жашоонун кыйынчылыктарын түшүнгөн инсан болдум"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (98)
Samarish1216
2017-09-14 21:08:37
Түз жүрөбү, туура эмес жүрөбү, айтор кандай жүрсө дагы өтө кыйын аял! ХХХ таң калса да, суктанса да болот. Инстаграмга ар бир кыймылын жүктөгөндөн көрө өзүнүн репертуарындагы ырларын жандуу ырдап,ошол видеолорун жүктөсө, эл ошондо көбүрөөк баалайт беле?! Бирок бул байкушта кыйратарлык да үн жок болуп атпайбы...
+2
erik.ema
2017-09-15 09:39:06
Салам супер инфо!!!Анжеликанын уйуно коноко барбайстарбы?Уйун коргум келип жатат.
-3
biznes
2017-09-15 14:33:06
Интернетке кирсең саясатчылар бир тең, Самара Каримова менен Анжелика бир тең болуп калды.
+4
balzak
2017-09-15 16:03:47
Элина Абай кызы менен маек курунуздарчы, сураныч
+4
BebeU
2017-09-16 08:56:04
balzak,Элина накта жылдыз да))интервью бергиси келбейт .Элден которулуп турууну суйот болсо кк.Чынында андан таланттуу актрисаларды санасан четинен чыгарын,жакшылап билип алса дегим келет.2-3 тузук фильмдерге тартып койсо,"мен мен эле бармын"деп сезеби деген ой,сыягы жонокойлукко не жетсин?Канчалык бийиктесен ошончо ...деген кепти суйом.Не демекпиз,бар болсун!
-1
mela
2017-09-15 21:00:28
Нике шакегин чечип койгону бул ПИАР!!!!Эмки санга уютку.Интрига кылганды билет эжекебиз!!!
+1
tashbu
2017-09-15 23:36:38
Урматтуу супер инфо Гулнур Сатылганова эжекебизден интервю алгылачы
-2
azamat1978
2017-09-16 07:51:59
Аял заты баары бактылуу болсун
0
love.me.again
2017-09-16 10:47:30
Anjelika urmat ayabay synyp kalyptir.... Sen anin jashoosun syndyryp koydun... Anin da dosu bar anin da dushmany bar... Akyrky kezde toylorgo kafelerge jalgyz baryp kaldyn. Urmat dostorunan uyalip kaldi da. Janagy surottordon son...
+4
sularak76
2017-09-16 20:09:31
Азамат, Анжелика! Кичинекей периште кыздарын менен, алтындай жолдошун менен бактылуу бол! Сендеги эрк, куч баардыгын женет, Айчуроктой болгон ичи таар адам сымалдар толтура, тилекке каршы. Анын баарына конул бурбай, жашоонду уланта бер! Эмгекчил, креативный татынакай кызсын! Бактылуу бол!
-5
laboom
2017-09-17 03:00:38
Pri chem tut aichurok eje......?
0
kyzdynsyry
2017-09-16 21:08:35
Da nuu. Kazaktar ele maktanchaak bolot ko dep oilogom. Bizde dele bar turbaiby. Ujass maktanganin. Eshe ui buloomdu kulptaim deit. Anda vashe soz kilba al jonundo
+3
satiev87
2017-09-16 21:25:36
куйоонон бою узун экен
0
aika1983
2017-09-18 13:23:05
Ошол гитара менен тушкон суроту кайсыл жерден корсо болот?
0
aisu12345
2017-09-19 00:00:57
элдин конулунон гана калып жатасын сураныч жалгандарын мн чыга бербечи
+2
Gulia89
2017-09-30 23:00:38
Молодец ишине ийгилик каалайм
+1
maks123
2017-10-27 13:52:14
Анжеликанын жеке жашоосун туну ойготуп сураса да токпой айтып бермей болдукго
0
№ 775, 8-14-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан