Апам жапкан нанды сагынам
«Апа» деген сөз айтсам, Аалам болуп угулат.
От жагылып очокко, Аппак камыр жуурулат” деген ыр саптарында айтылмакчы, ар бир адам үчүн апасы ыйык экендиги талашсыз. Биздин рубриканын мейманы «Акыйкат» республикалык партиясынын лидери, экс-Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов апасын эскерет.
“АПАМ БИЛИМДҮҮ, АКЫЛДУУ АДАМ ЭЛЕ...”
– Апам Жаниязова Сайнап 1939-жылы Кочкор районуна караштуу Туз айылында төрөлгөн. Таятам кызынын жогорку билимдүү болушун самап, орто мектептен кийин жогорку окуу жайга тапшырткан экен. Ошентип, Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинин студенти болот. Студенттик күндөрдү башынан кечире баштаган апам 1-курсунда эле мектептен бери тааныш болуп келген атам Медеркулов Жекшенкулга турмушка чыккан экен.
Мен үйдүн эң улуусумун. Эки карындашым, бир иним бар. Апам мени 1-курсунда төрөгөн. Кийинки бир туугандарым да удаа-удаа төрөлгөн. Окуусун таштабай улантып, бардыгына жетишкен апам экономист адистигине ээ болгон. Балдарынын ичинен өзгөчө мени жакшы көрөр эле. “Билимиң жетпесе дагы, таза бол” деп көп айтчу. Бакиев бийлигинин кысымы менен түрмөгө камалганда ыйлаган эмесмин, бирок апамды эстеген сайын ыйлагым келет.
“АТА-ЭНЕМ АЖЫРАШЫП КЕТИШКЕН”
– Студенттердин балдарын көбүнчө таята-таене, чоң ата-чоң энелери багат эмеспи. Анын сыңарындай, ата-энем студент болгондугуна байланыштуу мени таятамдар багып алышкан. 7 жашка чейин апамдын кичи мекени Туз айылында чоңойдум.
Турмуштан баарын күтсө болот экен. Атам менен апамдын ажырашып кетиши мага аябай сокку болду. Анда 5-класста окуп жүргөн кезим эле. Үйдө улуу бала болгондуктан, апамдын ишенген жардамчысы болуп калдым. Ошол кезде апам балык да сатып иштеди. Үйгө келгенде колу балык жыттанып турчу. Азыр балыктын жыты мурдума келсе, апамдын колу жыттанып кеткенсийт.
Апам 2002-жылы 63 жаш пайгамбар жаш курагында рак оорусунун айынан каза тапты. Апам ооруп жаткан кезде мен Австрияда элем. Врачтар “боорунда жара бар” деп дарылай беришиптир. Чынында, оорусу андай эмес экен. Боордон башталган рак туура эмес дарылоодон улам бүт органдарына өтүп кетиптир. Келип, дарылоого Австрияга алып бармакчы болдум. Бирок кеч болуп калыптыр.
“КӨЗҮ ӨТӨРДӨ “КУДАЙГА ЫРААЗЫМЫН” ДЕДИ”
– Таянарым дагы, энем дагы, сырдашым да апам эле. Жадакалса кыздар менен сүйлөшкөнүмдү жашырбай айта берчүмүн. Анда апам: “Абайла, сени жактырган кыздар көп. Жаман, ыймансыз кыздардын торуна чалынып калба”,- дечү.
1993-жылы легандарлуу парламентте депутат элем. Анан бийликтен “Токмокко мэр бол же Тышкы иштер министрине орун басар бол” деген сунуш түштү. Мен дароо эле апама чалып окуяны айтып: “Апа, Токмокко мэр болоюнбу?” десем: “Аликбек, сен шашпа. Үйгө келчи, сүйлөшөлү”,- деди. Үйгө келсем: “Сен мэр боло албайсың. Ага пара бергенди да, алганды да билген киши керек. Мен сени андай жолго үйрөткөн эмесмин. Андан көрө жанагы орун басарлыкка бар. Ал жер деген элчилик, сен элиңе кызмат кылган адам бол”,- деди.
Көзү өтөрдүн астында жанына барып жашып кеттим. Ошондо апам: “Кайраттуу бол, эми бир туугандарыңдын атасы да, апасы да сен болосуң. Мен Кудайга ыраазымын. Балдарымдын жамандыгын көрбөй кетип баратам”,- дегенде кайратына таң калдым.
Апам менен жүргөн күндөрүмдү эстеп, аябай сагынам. Көзү тирүүсүндө эч качан катуу айтпаган алтын апамдын арбагы ыраазы болуп колдоп жүргөндөй сезилет.
“МЕН АПАМДЫН СӨЗҮН СЫЙЛАЙМ”
– Мактангандык эмес, саясатта тажрыйбам бийик. Кайсы гана кызматка келбейин, апамдын “таза бол” деген сөзүн ураан тутуп, иш алып барып жүрдүм. Таза иштегеним үчүн Бакиев бийлиги моюнума тагылган айыптардын бирөөнү да далилдей алган жок. Жөн гана бийликтин тапшырмасын аткарып, шарттуу түрдө 5 жылга үй түрмөгө кесип коюшкан. Азыр мага “эмнеге кызматта жоксуз?” деген суроо менен көп кайрылышат. Айта кетчү нерсе, эч качан бийликке, байлыкка умтулган адам эмесмин. Ошол бийликке акча үчүн чуркагандар бул дүйнөгө жылаңач келип, кайра ошондой кетишерин унутпашы керек. Баарын убакыт көргөзөт, айта турган сөз көп...
Амантур Султанкулов
koom@super.kg