ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (18-сентябрдан 24-сентябрга чейин)



КОЙ (21.03-20.04)
Чөнтөккө күч келбеши үчүн кымбат нерсени сатып алуудан карманыңыз. Иштерди план боюнча алып баруу кажет, болбосо баары кийинки күндөргө топтолуп кыйналасыз. Ичимдиктин арты кылдатсыздыктан улам жаракатка кабылтышы мүмкүн экендигин эске алыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бир пикирлеш достор менен баарлашуу рахат тартуулайт. Жаңы тааныштардын арасында чет элдик же чыгармачыл адамдар чыгат. Юридикалык мүнөздөгү маселени жаратуучу ишке, долбоорго аралашпоо кажет. Сүйүктүүңүз кыялын карматып, чырланат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Курулуш менен алектенүүгө, үй буюмдарын сатып алууга жакшы мезгил. Күнүмдүк тириликтен чарчагандарга алыстагы жакындарынын жанына баруу сунушталат. Аба ырайынын өйдө-төмөн болушунан улам өнөкөт оорусу барлар өздөрүнө кароосу кажет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Алыстагы тууганыңызды тосуп алып, кайра узатасыз. Белектүү болосуз. Сезимин билдирген жаңы тааныш чыгат. Анын эмне ою бар экенин анализдеп, анан мамиле куруу же курбоону чечүү оң. Каржылык жаат түйшүк жаратпайт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жакшы мүмкүнчүлүк чыгат, аны кармап калып материалдык абалды чыңдап алууга үлгүрүңүз. Жумуш ордуңузду алмаштырбай туруңуз, ийгиликтүү болбойт. Кокустан угуп калган жаңылыкты чөйрөгө таратпай туруңуз, абал өзгөрүлүп сиз бөөдө калпычы болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Күмөндөнүүнү жыйыштырып, оюңуздагы планды ишке ашырууга кезек келди. Бирөөлөрдүн ишин моюнуңузга үйүп албай, кеңеш берүү менен кутулуңуз. Оору жугузуп албоо үчүн көпчүлүк чогулган жерге барбай коюу акылдуулук. Көңүл ачарлык компаниянын коногу болосуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Абайлабасаңыз чөйрөдөгү душмандарыңыз аңдып, жаманатты кылууга даяр турушат. Кетирген кемчиликти үйдөгүлөрдөн жашыруунун кереги жок, алар аны оңдоого кол сунушат. Жакшы кеңешчинин арты менен үйгө же өзүңүзгө ылайыктуу буюм тандайсыз жана аласыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Ооруп калган же эмгек өргүүсүнө чыккан коллегаңыздын ордуна да иштеп, айлыгыңыз көбөйөт. Тапкан-ташыганыңызды көтөрүнүп туугандардыкына барасыз. Жакпаган адамдар менен урушуп кетпей, сөз менен акырын ордуна коюп коюңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жаңы жумуш жана жан шерик издегендердин тилеги орундалат. Тапканыңыз сиздин талаптарга жооп бергидей болот. Чыккан маселелерди токтоолук менен чечиңиз. Кыймылсыз мүлк боюнча юристке кайрылып, суроолоруңузга жооп алууңуз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чөйрөдөгүлөрдүн демилгесине кошулбасаңыз бөөдө жаман көрүнүп каласыз. Чоң нерсеге деп сактаган акчаңызды азырынча кереги жок нерсеге коротпоңуз дешет жылдыздар. Үйдөгүлөр чогуу эс алууну талап кылат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ак көңүлдүгүңүздөн пайдаланып алдап кетүүгө ниет кылгандар болот, абайлаңыз. Чала тааныштарды үйгө чакырбаңыз. Акча жаатындагы иштерди элге жар салбай, жеке бүтүрүү талап кылынат. Жакшы санаалаштар кечеге чакырат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Боткодой жабышып, бир нерселерге көндүрүүгө аракет кылган адамдарга жок деп жооп бериңиз. Убактыңыз да, акчаңыз да үнөмдөлөт. Мамилелерди териштирүүгө ылайыктуу мезгил эмес, андыктан карманыңыз. Апта аягы жаңылык алып келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ZHaziko
2017-09-19 19:31:51
Жакшы Супердин гороскоп пун жакшы чыгат Бир аз туура
0
ZHaziko
2017-09-19 19:32:48
Парапсихология нында гороскоп пун барго Бир гещтке чыкчы азыр жок ошондой гороскоп хочу
0
Baatirbek81
2017-09-20 15:29:32
Супердин гороскобун дайыма окуйбуз
0
AKCAHAT
2017-09-20 19:53:07
Как раз 2 адам боткодой жармашып кондурумуш этип атышат, жообум даяр.
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан