ЭЙКОН

Тагдыры өзгөчө деп эсептелген популярдуу хип-хоп аткаруучусу Эйкондун учурда жылдызы жанып турган кези. Турмушунун катаал учурларын чагылдырган “Locked Up”, “Getto” аттуу ырларын ырчы түрмөдө жаратканын да көпчүлүк билбейт чыгаар. Негизи, турмуштун кыйынчылыктарын чагылдыргандыктан, Эйкондун ырлары карапайым көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап келсе керек. “Муңдуу ырлардын ээси” атка конгон Эйкондун Эминем менен жаздырган “Smack That” аттуу дуэти учурда хит ырлардын катарында.

Шок бала

Эйкон АКШда төрөлүп, Африканын Сенегал өлкө­сүндө өскөн. Болочок ырчы жети жашка толгондо анын музыкант ата-энеси кайрадан Америкага көчүп келет. Атасы ошол кездеги Мор Тиам мыкты жаз музыканттардын катарына кирген. Баласынын келечекте музыкант болуусун самаган ата өзү менен кошо концерттерге алып барып, музыка дүйнөсүнө аралашуусуна шарт түзөт. Жеймс Браун, Майкл Жексон өңдүү көрүнүктүү ырчылар менен аралашып жүрүү Эйкон үчүн жаңылык деле болгон эмес. Анткени, ал кезде Эйкон музыкага такыр кызыкчу эмес. Эйкон кичинесинен өзүнүн теңтуштарынан шоктугу менен айырмаланып келген. Мектепте өзү менен окуган классташ балдарын сабап-уруп коймой адаты болгон. Тайманбас, көңүлүнө эмне туура келсе ошону аткарган болочок жылдыз көбүнчө көчө балдары менен достошконду жакшы көрчү. Эйкон он беш жашка толгондо ата-энеси агасы экөөнө Нью-Жерси шаарынан үй алып берип, өздөрү иштерине байланыштуу Атлантада жашап калышат. Көбүнчө көчө балдарынын турмушуна кызыгып келген Эйкон тез эле алар менен достошуп, алардын катарына кошулат. Өзүн-өзү билген Эйкон мектепке барууну унутат. Мектепте окуйт деген аты эле болбосо, сабакка кээде гана катышчу болот. Өзү курактуу мектеп окуучуларына курал сатып жаткан жеринен кармалып, аны мектептен чыгарып жиберишет. Ошентип өзүнөн улуу балдардан жеңил акча табууну үйрөнүп, алар менен кошо курал-жарак сатып, кымбат баалуу маркадагы машиналарды урдоо менен бизнес жасай баштайт.

Темир тор артында жаралган ырлар

Эйкон шоктугу, айтканын аткарган көктүгү менен тез эле көчө балдарынын арасында белгилүү болуп чыга келет. Ага белгилүү бандалардын башчылары да сый мамиле жасай башташат. Алардан Эйкон көп нерсени үйрөнөт. Оңой акча табууну үйрөнүп алган болочок ырчы машина уурдоонун сазайын таанытат. Эйкон уурдаганда да жөнөкөй эмес, эң кымбат маркадагы «Ламборгини», «Мерседес», «Порше» сыяктуу машиналарга аңчылык кылат. Териштире келгенде, мындай маркадагы машиналар белгилүү спортчу, артист, ырчыныкы болуп чыга келет. Бирок, ырчынын мындай бизнеси көпкө узабай, шоктугунун аркасында милиция кызматкерлеринин колуна түшөт. Соттун чечими менен Эйкон үч жылга эркинен ажыратылып, Американын катуу көзөмөлгө алынган, бекем тартиптеги түрмөсүнө жөнөтүлөт. Дал ошол түрмөдөн анын чыгармачылык эргүүсү ойгонот да, алгачкы ырлары жаралат. Түрмө кээ бир адамдарды бузса, Эйконду ойлонтуп, туура жолго түшүүсүнө түрткү болот. Түр­мөнүн жашоо шарты, тартибинен улам Эйкон турмушта туура эмес жолду тандап алганын сезет. Ал жакта ал бир гана өзү жараткан ырлары менен алдыдагы жакшы күндөрдү элестетип күн өткөрөт. Өзүнүн жүрөгүнөн жаралган ырлары, ырчы болуу максаты Эйконду башка камактагыларга окшоп баңгизатка берилүүдөн же болбосо дагы туура эмес жолго түшүүдөн сактайт. Үч жылдын ичинде ырчы он үч кайгылуу ыр жаратат. Өзгөчө “Locked Up”, “Getto” ырлары ийгиликтүү жаралат. Ар бир жаралган ыры анын чыгармачылыгына дем кошуп, алдыга умтулууга көмөк болот. Түрмөдөн чыккандан кийин Эйкон чыгармачылыкка баш-оту менен киришет.

Муңдуу ырчы

Эркиндикке чыккандан кийин ырчы атасынын студиясында ырларына аранжировка жасатат. Көпчүлүгү кайгылуу болсо да, укканда рахат ала турган ырлар жаралат. Кайгылуу обондору үчүн Эйкон “муңдуу ырлардын ээси” деген атка конот. Атасы баласынын жаз ырчысы болуусун каалаган. Бирок, уулу хип-хоп жанрын тандап алса да, баласына каршы болбойт. Биринчи “Жалгыздык” (“Lonely”) деген ырына аранжировка жасатып радиолорго алып барса, ырын жаратпай коюшат. Буга карабай Эйкон калган ырларын да жаздырып, өзүнүн аймагындагы кечелерде ырдай баштайт. Анткени, ал ырлары адамдардын жүрөгүнөн орун алат деген ишенимде болгон. Ырын эл жакшы кабыл алып, чоң кечелерге чакыруулар түшө баштайт. Анын ырларын сүйүп уккан күйөрмандарынын саны көбөйөт. Ошентип, баягы баш тартып койгон радиолор өзүлөрү чакырышып, ырын радиого берүүсүн өтүнүшөт.

Белгилүү хип-хоп аткаруучу

Эйкондун жагымдуу ырларын П. Дидди деген продюсер угуп калат да, анын өзгөчө мукам үнүнө, ырларынын мазмунуна баа берип, аны менен чогуу иштешүү сунушун киргизет. Ырчы макулдугун берип, өз ишин мыкты аткарган продюсер менен иштеше баштайт. Ошентип, аз убакыттын ичинде эле Эйкон хип-хоп аткаруучусу болуп чыга келет. Анын 2004-жылы биринчи “Кыйынчылыктар”, “Тробел” деген альбому жарыкка чыгат. Альбом жалаң кайгылуу ырлардан тургандыктан, өзгөчө жарк эте албайт. Ошентсе да хит-параддардын экинчи, үчүнчү орундарынан бир топко чейин түшпөй келет. Ал эми 2006-жылы ырчынын “Konvicted” деген экинчи альбому чыгаары менен ал популярдуу ырчылардын көңүлүн бурдурат. Популярдуу хип-хоп аткаруучулар менен дуэт жаздыруу Эйкондун көптөн күткөн тилеги эле. Тилеп жүргөн ою орундалып, Эйкон Эминем менен биргеликте “Smack That” деген дуэт жаздырат. Аталган дуэт Америкада гана эмес, башка мамлекеттерде да хитке айланат. Учурда эки жылдыздын дуэти хит-параддардын алдыңкы орундарын багынтууда.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан