УЛУТТУК БАНК КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН КӨЗӨМӨЛДӨЙТ

Банк тутумундагы айрым өзгөчөлүк жана айырмачылыктарды толук билбегендиктен, көпчүлүк адамдар банк десе эле – «кредит берет», «акча алмашат» же «акча которууларды жүргүзөт» деп ойлошот. Албетте, жогоруда айтылган кызмат көрсөтүүлөр банк тутумунун ишмердүүлүгүнө түздөн түз таандык. Бирок ал Улуттук банктын ишмердүүлүгү эмес. Улуттук банк финансы-кредиттик мекемелердин үстүнөн көзөмөл жүргүзүү менен бирге мыйзам чегинде өз ишин алып барат. Ал эми бул көзөмөлдөө иши кандайча ишке ашырылат жана ал эмне үчүн керектиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын Банктарга тышкы көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн инспектору ЖАКЫПБАЕВ БАКТИЯР САЛАМАТОВИЧ айтып берди.

– Саламатсызбы? Бактияр Саламатович, алгач өлкөбүздүн финансы рыногунда банк системасы кантип түзүлгөндүгү тууралуу айтып берсеңиз.

– Саламатчылык. Өлкөбүздө эки баскычтуу даражада банк системасы түптөлгөн, биринчи даражада – Улуттук банк, ал эми экинчи даражада – финансы-кредиттик мекемелер. Экинчи даражадагынын катарына коммерциялык банктар да кирет. Банк көзөмөлү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөгү» мыйзамынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде ишке ашырылат.

– Банктардын ишин жөнгө салуунун канчалык зарылчылыгы бар? Коммерциялык банк болгондуктан аларды өз эркине коюп койсо болбойбу?

– Көзөмөл жана жөнгө салуу иштери банк системасынын туруктуулугун, анын өнүгүшүн колдоо жана банктардын керектөөчүлөрү болуп саналган аманатчылар менен кредиторлордун кызыкчылыгын коргоо максатында жүргүзүлөт. Ошондуктан Улуттук банк коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде банктык көзөмөлдөө иштерин жүзөгө ашырат.

– Улуттук банк тарабынан банктык көзөмөл иштери кандай түзүлгөн?

– Улуттук банктын уюштуруу түзүмүндө үч башкармалык көзөмөл ишин жүргүзөт. Алар: Инспекциялоо башкармалыгы, Тышкы көзөмөл башкармалыгы, ошондой эле Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы. Булардын негизги куралы болуп финансы-кредиттик мекемелерге тышкы (аралыктан) көзөмөлдөө ишин комплекстүү жана максаттуу (керек учурда) текшерүү иштери менен айкалыштырып алып баруу саналат.
Банк көзөмөлүнүн толук цикли коммерциялык банктын бардык этаптагы абалын камтыйт. Анда лицензия берүүдөн баштап, андан аркы тийиштүү тышкы көзөмөл текшерүүлөр менен бирге коштолуп, өзгөчө режимдерди киргизүү жана лицензияны тартып алууга чейин каралат. Анын ичинде банктын кызмат адамдарынын макулдашуусу, кошумча лицензиянын берилүүсү, аманат кассаларын жана филиалдарын ачуусуна уруксат берүү жана башка көптөгөн маселелер бар.

– Банк системасынын учурдагы абалы кандай бааланып жатат?

– 2017-жылдын 30-июнуна карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында (Пакистан улуттук банкынын Бишкектеги филиалын кошо алганда) 25 коммерциялык банк жана бул банктардын 319 филиалы иштеп жатат.
2017-жылдын 1-июлуна карата банк секторунда таза пайданын көлөмү 633 миллион 100 миң сомду түзгөн. Банк секторунун суммардык активдери 183 миллиард 800 миллион сомду түзсө, кредиттик портфелдин көлөмү 102 миллиард сомду, суммардык милдеттенмелердин көлөмү – 154 миллиард 200 миллион сомду жана жалпы депозиттик база – 113 миллиард 300 миллион сомду түзгөн. Жалпылап алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн колдонулган банк тутумунун таза суммардык капиталынын көрсөткүчү 30 миллиард 800 миллион сомду түзгөн (2016-жылдын аягына карата таза суммардык капитал – 29 миллиард 700 миллион сом). Жалпы банк сектору боюнча таза суммардык капиталдын жетиштүүлүк көрсөткүчү (12 пайыз ченеми боюнча) 24 пайыз чегинде катталган (2016-жылдын акырына карата – 24,8 пайыз). Банк секторунун активдеринин кирешелүүлүгү (ROA) 0,7 пайызды (2016-жылдын жыйынтыгы боюнча – 0,5 пайыз), ал эми салынган капиталдын кирешелүүлүгү (ROЕ) 4,5 пайызды (2016-жылдын жыйынтыгы боюнча – 3,3 пайыз) түзгөн. 2017-жылдын 30-июнуна карата абал боюнча финансылык ортомчулуктун (активдер/ИДӨ) жалпы деңгээли 39 пайызды түзгөн.

– Улуттук банк кандай жолдор менен коммерциялык банктардын ишин жөнгө салышы мүмкүн?

– Улуттук банк ченем актыларын жаратуучу орган болуп саналгандыгына байланыштуу, анын ар бир чечими коммерциялык банктын иш жүргүзүүсүнө жана ошондой эле жалпы банк системасына тигил же бул деңгээлде таасир этет. Айтсак, жыл бою банктык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жана анын сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Анын ичинде финансы-кредиттик мекемелердин ишинде орун алган тобокелдиктерди азайтуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары иштелип чыгып, өркүндөтүлдү.
Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, 2017-жылдын 22-июнунан тартып «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөгү» мыйзамы күчүнө кирди. Бул мыйзамдын кабыл алынышы Улуттук банктын коммерциялык банктарга карата банктык кызматтарды көрсөтүүдө жана маалыматтарды ачыкка чыгарууда, ошондой эле кардарлардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча көз карандысыз чечимдерди, талаптарды кабыл алууда Улуттук банктын позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берилди.
Ошондой эле 2017-жылдын 1-июлуна чейин коммерциялык банктардын уставдык капиталы 500 миллион сом, 2018-жылдын 1-июлуна чейин 600 миллион сом өлчөмүндө болушу керек деген талаптын киргизилгендигин белгилей кетсек болот. Жогоруда аталган иш-чаралар бүтүндөй банк тутумунун туруктуулугун бекемдейт.

– Эгер мыйзам бузса коммерциялык банктарга карата кандай чаралар көрүлөт?

– «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 149-беренесине ылайык, Улуттук банк таасир этүү чараларын банкка, анын акционерлерине жана кызмат адамдарына, ошондой эле банктык топко карата колдонот. Улуттук банк банктарга карата таасир этүү чараларын колдонууда банктык тажрыйбанын жогорку стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын финансы, банк тутумдарынын туруктуулугун сактоо зарылчылыгын жетекчиликке алууга тийиш.
Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары ушул мыйзамда каралган негиздер боюнча анда белгиленген учурларда жана тартипте колдонулат. Банкка карата таасир этүү чараларын колдонуунун максатка ылайыктуулугун, түрүн жана тартибин Улуттук банк өз алдынча аныктайт.
Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларынын колдонулушунун максаты – Кыргыз Республикасынын банктарынын жана банк тутумунун туруктуулугун колдоо үчүн көйгөйлөрдү алдын ала ыкчам аныктоо, оңдоолорду киргизүү жана четтетүү, аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн таламдарын коргоо болуп саналат.
Таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет: жазма буйруктар, айыптык төлөмдөр, талаптар, экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу жөнүндө, төмөнкүлөргө чек коюу же тыюу салуу, кызмат адамдарын иштен четтетүүгө же бошотууга, башкаруу органдарын алмаштырууга, атайын режимди киргизүүгө жана лицензияларды кайра чакыртып алуу.

– Улуттук банк тарабынан банк кызматын мыйзам талаптарына шайкеш келтирүү максатында дагы кандай кошумча иш-чаралар жүргүзүлөт?

– Комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрдөн тышкары, «жашыруун керектөөчү» иш-чарасы каралган, бул керектөөчүлөрдү тейлөө үчүн бөлүнгөн жумуш убактысында, коммерциялык банктын кеңсесине баруусу. Бул иш-чара финансылык кызматтарды сунуштоо тартибинин жана сапатынын абалын текшерүү максатында жүргүзүлөт. Мындай иш-чара Улуттук банк тарабынан бир жыл ичинде коммерциялык банктардын бир кеңсесинде бир нече жолу өткөрүлүшү мүмкүн.

– Коммерциялык банктардын ишин жөнгө салууда өзгөчө учурлар кездешеби?

– Белгилүү болгондой, ар бир банк жеке өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, ислам каржылоонун талаптарынын негизинде иштеген банктар, консолидацияланган топтун ичинде башкы банк же туунду банк тарабында иштеген банктар, атайын режимде жайгашкан банктар болот. Анын ар бир учурунда коммерциялык банктардын ишин жөнгө салган тиешелүү жоболор бар.
Мындан тышкары, азыркы учурда Улуттук банк тобокелдиктерге басым жасаган көзөмөлгө этап-этабы менен өтүүнү жүзөгө ашырып жатат. Бул иш чараларга банк системасындагы тобокелдиктерди талдоо, тобокелдиктерди башкаруу сапатын баалоо, ошондой эле тобокелдиктерди алдын ала эскертүү механизмдерин өркүндөтүү кирет.
Маектин жыйынтыгында айта кетчү нерсе, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк секторунун туруктуулугун камсыз кылууга багытталган, банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин тобокелдиктерин төмөндөтүү, калктын финансы-кредит мекемелеринин кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уланта берет.

– Кызыктуу маалымат бергениңиз үчүн рахмат!


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан