АРСТАН МЕНЕН КОЁН

Калың токойдун четиндеги карагандуу жерде бир коён жашап, коркоктугунан казып алган ийининен алыс чыкчу эмес. Бир күнү: «Коркуп ийинде жата берип, кантип күн көрөм?.. Атасынын көрү, баатыр болоюн»,- деп ойлоду да, ошол замат ийинден чыкты. Эки жагын каранып тиштерин арсайтып, жүндөрүн үрпөйтүп, так алдында турган арстанды көрө койду да жыгачтай катып калды. Арстан коёндун жанына келип:
– Бакыраң көзүм, колго түштүң, ээ. Эми сени жейин,- деп тиштерин кычыратты.
Коён эсин жыйып, кантип кутулуштун аргасын издеди. Акыры арстанга:
– Мейли, жесең же, бирок айта турган сырым бар,- деди.
– Анда тезирээк айт.
– Сен өтө күчтүүсүң, мунуңа толук ишенем, бирок тетигинде кудукта сенден да чоң арстан бар. Ал бая күнү «сени жейм» деп ачууланып жатканын уккам. Оболу аны менен бир беттешип көр, күчүңдү көзүм көрүп калсын, мени анан жебейсиңби... Эч кайда качпайм, сырттаным!
Арстан чындап ачууланып:
– Кана?! Кайсы жерде? Ээрчитип баргын!- деп буйрук кылды. Коён арстанды терең кудукка ээрчитип барып:
– Ушул кудукта… Өзүң карап көр,- деди. Арстан кудукту карап, өзүнүн сөлөкөтүн көрдү да:
– Мен ушундан кантип кем калайын? Күч сынашат имиш, ээ! Кана кармашып көрөлү!- деп кудукка куюндап кирди. Сууга барып шалп эткенде гана өлөрүн билди.
Ошентип коён амал менен арстанды өлтүрүп, «анык макоо тура» деп секирип жолго түштү.


Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан