Бекназаров: “МЕН БИЙЛИККЕ ТАБАКТАШ БОЛБОГОНУМ ҮЧҮН КЫЛМЫШ ИШИН КОЗГОШТУ»

Мурдагы башкы прокурор, учурда президенттикке талапкер Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, өзүнө каршы кылмыш иши алдыдагы шайлоого карата козголгонун билдирди. Ташиев экөөбүздүн сүйлөшүүбүз катары интернетке таратылган аудиожазуу монтаж. Менин мурунку бир окуядан “калп айттым» деген сөзүмдү кыркып алып жасашкандыр, балким. Ташиев менен акыркы 3 жылдан бери бет маңдай отуруп сүйлөшө элекмин»,- деди Бекназаров. Андан сырткары өзүнө карата козголгон кылмыш ишинин артында 7 жылдан бери “Мегакомдун» маселесин чечпей жаткан адамдар турганын айтты. Эгер ал камалса, аксылыктарды митингге чыкпоого чакырып, 2002-жылдагы Аксы трагедиясы жетиштүү болгонун кошумчалады. “Мурдагы бийликтин колтугунда ким отурган болсо, азыркы бийликтин колтугунда деле ошолор отурат. Мен аларга табакташ болбогонум үчүн мага иш козгоп жатышат. Талапкер кылып каттап туруп, анан кылмыш ишин козгоп шылдыңдап жатышат»,- деди Бекназаров. Андан сырткары Үңкүр-Тоо Өзбекстанга өтүп кетсе, ал айта турган көп сөз бар экенин кошумчалады.
Азимбек Бекназаровго УКМК тарабынан Өмүрбек Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө берген» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ага интернетке тараган аудиожазуу себеп болгон. УКМКнын билдирүүсүндө Бекназаров Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө берген» деп айтылат. Ал эми Азимбек Бекназаров 12-сентябрда Текебаевдин сотунда мурда берген көрсөтмөсүн кайталап, аудиожазуу монтаждалганын эскертти.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан