Жалал-Абадда 17-сентябрда сенсация күтүлөт: БАБАНОВ МЕНЕН ТӨРӨБАЕВ БИРИКТИ

Президенттикке ат салышып жаткан Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев бирикти. Маалыматты Төрөбаевдин шайлоо штабынан «Супер-Инфо» гезитине билдиришип, 17-сентябрь күнү саат 18:00дө Жалал-Абад шаарынын “Курманбек» стадионунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлер Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабанов расмий түрдө элге кайрылуу жасашарын тастыкташты. Кайрылууда үгүт иштерин бирге жүргүзүү жана президенттикке эки талапкер Бабанов жана Төрөбаевдин саясий тандемин түзүү боюнча толук маалымат берилмекчи. Президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаров дагы бул саясий тандемге кошулуусу мүмкүн.
Саясатта салмактуу орду бар, Жогорку Кеңеште фракциялары бар бул эки талапкердин биригүүсү шайлоо оюндарын бир топ өзгөртүп жибере алат. Ишке ашуусу мүмкүн болгон варианттардын бири – «Бир бол» парламенттеги көпчүлүк коалициядан чыгуу менен өкмөттү отставкага кетирет. «Республика – Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир бол» жана «Ата Мекен» фракциялары биригип көпчүлүк коалиция курашат. Спикерликке же өкмөт башчылыкка Бакыт Төрөбевди алып чыгышат. Экинчи вариантта – бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековго атаандаштык түзүү үчүн Бакыт Төрөбаев да, Өмүрбек Бабанов да шайлоого барышат. Экинчи турга өткөн соң Төрөбаев Бабановдун пайдасына талапкерлигин алат. Эгер Бабанов шайлоодон утуп чыкчу болсо, анда Төрөбаевге премьерлик же спикерликке жол ачылат. Көрүнүп тургандай, мүмкүн болуп турган варианттардын бардыгы бийликтин командасы үчүн кооптуу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан