«ТӨРТИЛТИК» ЧАЧЫРАДЫ

Президенттик шайлоо алдында «Ата Журттун» лидерлери Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаев жана «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров түзгөн тандем ыдырады. Мындан улам президенттик шайлоого бирдиктүү талапкерди чыгаруу жана «Кайра жаралуу» деген аталыш алган жаңы саясий партияны түзүү аракети токтоду. Бул тууралуу Адахан Мадумаров менен Бакыт Төрөбаев маалымат таратышты.
Буга чейин Камчыбек Ташиевдин Сооронбай Жээнбековду колдой турганын «Ата Журт» партиясынан билдиришкен. Азырынча Ахматбек Келдибеков ак же көк дебей турат. Буга чейин Келдибеков «соттолгон» деп талапкер кылып каттоодон баш тартканы үчүн БШКны сотко берген. Сот Ахматбек Келдибековго карата БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан