ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЧОТОНОВДУН СОТУНДА КҮБӨЛӨР КАЙРАДАН СУРАК БЕРДИ

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралууда. 12-сентябрь күнү сот отурумунда мурда көрсөтмө берген күбөлөр кайрадан суралды. Тактап айтканда, Болот Шер, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев кайрадан суроолорго жооп беришти.
УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев: «Ал учурда бийликтен кеткен тараптын коомдук абалды курчутууга таасир этүү аракети күч болчу. Бул боюнча тынымсыз маалыматтарды Роза Отунбаевага берип тургам. «Мегакомдун» айланасындагы окуяларга тийиштүү адамдар да текшерилип, маалымат жеткирилип турган. Бирок Текебаев менен Чотонов алардын арасында жок болчу. Болгон болсо дароо чара көрүлмөк»,- деп билдирди. Ал эми убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаровдун билдиргенине караганда, ал учурда «Альфа Телекомдун» 49 пайызына Өмүрбек Текебаевдин эч кандай тиешеси болгон эмес. «Текебаев менен Чотоновдун бул жерде кандай тиешеси бар? 49 пайыз акцияны улутташтыруу боюнча документтин баарын мен даярдап, декретти мен чыгаргам. Андай болсо мени жоопкерчиликке тартышсын. Анткени 2010-жылы Башкы прокуратура менин көзөмөлүмдө турган»,- деди Азимбек Бекназаров.
«Мегакомдун» тегерегиндеги чуулгандуу иштерге таяп айыпталган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 8 жылдан эркинен ажыраткан. Прокуратура 8 жыл аз деп шаардык сотко арыз жазса, айыпталуучулардын жактоочулары өкүм менен макул эместик билдирип шаардык сотко кайрылышкан.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан