«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


Ошентип айтканы менен, Алибектин жүрөгү зырылдап кетти. Жанындагы Данияр аттуу жигит өз алдынча кобурай берди.
– Анан биздин кыздарды көрсө эле түрктөрдүн шилекейи агып калат. Негизи эле деңиз боюндагы эркектердин темпераменти күчтүү болот дешет го. Укмуш сүйлөшөт, комплименттерди жаадырат деп кой. Бул жакка келген ар бир кыз өзүн супсулуу сезип эле болбой калышат. Бирок биздин кыздар чындап эле сулуу көрүнүп калат ал жакка барганда.
– Сиз да иштегени баратасызбы?
– Жок, мурун иштеп кеткем. Бул жолу апам ооруп Түркияга дарылатканга эжем алып кеткен. Эми аны алып кетейин деп баратам. Бирок Стамбулда көп жыл жашап кеткем. Жакын тааныштар да бар.
Ошону менен сөз үзүлдү. Ар ким өз ою менен алек болуп кетип бара жатышты. Жүктөрүн алып аэропорттон чыга берерде Алибек эмне кыларын билбей калганын байкады.
– Жигит, сен бул шаарды Бишкек деп ойлобо. Эч кимиң жок болсо кыйналып каласың. Мени менен жүр. Эжем Стамбулда жашайт. Бир нече күн жашап турсаң, ары жагын дагы көрөрсүң. Алибек ичинен сүйүнүп кетти. Даниярдын артынан жөнөдү.
Алибек Стамбулга келгени катуу кыйналды. Жамиляны табууга такыр эле мүмкүн эместей. Зина эженин телефон номерин алып келгени менен, алмашып кеткен окшойт, таба албады. Тил билбесе эркектерге иш оңою менен табыла койбойт экен, кечке жумуш издеп жүрүп күнү өтөт. Кыйналып кеткени менен, көкүрөгүндө Жамиляны табам деп көшөрөт. Эгер үмүтүн үзүп кете турган болсо эле Жамиля андан баш тартып кетчүдөй болот. Дагы жакшы Данияр байкеси менен таанышып калып далай жардам берди.
– Алибек, сен акылдуу жигитсиң. Сенин ал кызды табам дегениң кумдан ийне издегендей эле кеп болуп жатат же дарегин билбесең.
– Эмне кылайын, байке? Мен баарына бел байлап келгем. Ансыз кете албайм.
Алибек көзүн көтөрүп тиктеп калды. Оюнан кайта турган кебетеси жок.
– Мен кетип жатам. Бул жерде көпкө тура албайсың. Жумушуң да жок. Эмне кыласың, баатыр?
– Бардык жакшылыгыңызга рахмат, Данияр байке. Мен жумуш издеп жатам, анан Жамиляны табам. Мурунку СССРден келген улуттар иштей турган базар бар дебедиңиз беле, ошол жакка барып көрөм. Иш табылып калар.
Айныткысы келген. Жигит оюнан кайта турган кебетеси жок. Аргасыз жайына койду Данияр.


ххх


Керем Жамиляны ооруканадан дээрлик күч менен алып кетти. Жаралуу куштай алсыз болчу. Башы туман, эмне кылып жатканын деле билбейт. Ал ортодо Керем менен энесинин ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп жатты.
– Ал сенин каның. Сенин неберең. Көчөгө таштап коёсуңбу?
– Ал Ахмеддин баласы болушу мүмкүн эмес. Сен мага эмне жомок айтып жатасың?
– Эне, азыр карындагы балага ДНК тест жасап, баланын атасын билип ала турган заман. Кааласаң текшертели. Ошону каалайсыңбы?
Керем бетпактыкка салды. Эптеп эле энесин ийге келтирсе, калганы өзү каалагандай ишке ашарын сезип турат. Алдындагы эң чоң күч – энеси. Өкүрүп-бакырып үй-бүлө үчүн күйгөн адам болуп ролун келиштире ойноп жатты. Артист болсо «Оскарды» жөн эле алмак экен.
– Болуптур, сен кайдан таптың, сен кайдан билдиң боюнда бар экенин?
– Мен бул үйдө ким эмне кылат, кандай басып, кандай дем алат билип турам, эне. Мага ишеничтүү кишилер айтышты.
– Ахмеддин баласы экенине ишенбейм мен.
– Эне, бул кызды карасаңыз. Алдай турган кызбы бул? Анан калса өзүң көрдүң Ахмед анын бөлмөсүндө эмне иш кылганын.
– Жамиля кетип жатканда эмне үчүн мага айткан жок анда?
– Коркуптур кыз. Ошон үчүн кетип калыптыр. Мен иштин жайын билгенден кийин таап алып келдим. Ахмед экөөнү үйлөнтөлү. Бала бизде калсын. Сенин каның. Сенин неберең.
– Билбейм, эч нерсе түшүнбөй калдым.
– Болуптур, мен аралашпайын анда. Бирок сен өмүр бою «неберемди өз колум менен өлүмгө узаттым» деп кейип жашайсың, эне. Мен Шерифеден балалуу болбойм, аны жакшы билесиң. Бирок ажырашып да кете албайм. Бул биздин тукум уланышына бирден-бир мүмкүнчүлүк. Мен ошол үчүн жанталашып жатам. Бул бала биздин келечегибиз.
Керем акыры энесин көндүрдү. Бирок баары бир энесинин көкүрөгүндөгү шектенүүнү кетире алган жок. Энесинин бөлмөсүнөн чыгып Эгеге катуу тапшырды.
– Жамилядан көзүңдү алба. Өзү үчүн дагы, карындагы бала үчүн дагы сен керт башың менен жооп бересиң. Эч кандай жумуш кылбасын, эс алсын. Бардык ыңгайлуулукту түзүп бергиле, болгону колуна телефон бербе. Кайда барам десе, эмне кылам десе барсын, бирок сен жанынан чыкпа же ишеничтүү адамдардан кой.
– Керем мырза...
– Эмне болду?
– Шерифе айым келатыптыр. Кабар берди.
– Ошол эле жетишпей жатты эле мага.
Аялынын чет өлкөгө саякаттап кеткенине 3 ай болгон. Эми келатат деген кабар Керемдин тынчын алды. Шерифе акылдуу аял, бир нерсени билип калышы мүмкүн эле. Эгерде ал билип кала турган болсо, болгон планы ойрон болору турган кеп. Керем мырзанын эки бутун бир кончко киргизе турган бир адам болсо ошол – Шерифе.
– Баса, Жамиляны Ахмедге азырынча жолотпогула,- деди кетип баратып. Бул сөздү эмнеге айтты Эге түшүнбөй турду. Ахмедден боюнда бар болсо кантип экөөнү жолуктурбай коюуга болот? Деги эмне болуп жатат? Акылына эч нерсе сыйбады.
Жамиля өз бөлмөсүнө кирип сулк жыгылды. Эне болууга таптакыр даяр эмес эле. Эми өзү наристелүү болгону жатат. Болгондо да Керемдин баласы. Өзүн-өзү жек көрүп ичи туйлап кетти. Качып кеткенге да болбойт, машинада келатып паспортун Керем сумкадан алып чөнтөгүнө салып алган. Компьютер, телефон деген нерселерге муну жолотушпайт. Тирүүнүн тозогу. Керемдин түрмөсү. Бул абалда бир ай өтүп кетти. Бала чоңоюп жатат. Акыры Эсма ханым аны өзүнө чакырды.
– Угуп тур, кандай максат менен бул ишти кылганыңды билбейм. Бирок мени алдадым деп ойлобо. Неберемди төрөйсүң, андан кийин Ахмедди тааныбайсың да, билбейсиң.
– Мен эч кимди тааныгым келбейт. Азыр да, кийин да. Мени түрмөдөгү адамдай камап койгон силер. Анан мен силерди алдаган боломбу? Мени коё бергиле, акчаңардын да, фамилияңардын да, даражаңардын да мага кереги жок. Мени тек жайыма койгула. Суранам силерден, мени жайыма койгула, паспортумду бергиле. Мен бул баланы төрөгүм келбейт.
Эсма таң кала тиктеп турду. Артист болуп жатат деп ойлоюн десе ага да окшободу.
– Чыныңды айтчы, карыныңдагы бала Ахмеддикиби же?..
“Керемдикиби?” деп сурайт эле, бирок такыр оозу барбады. Оюна келсе да кууп, жолотпой жаткан нерсеси ушул.
– Эгерде Ахмеддики болбосо мен сага бул баладан кутулганга жардам берем. Болгону мага чыныңды айт.
– Жок, Ахмеддин баласы эмес!
Эсма ханым бүкүрөйө түштү. Билген, жүрөгү сезип жаткан...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Gulnyr19
2017-09-19 09:17:35
Биринчи
-2
Aitun
2017-09-19 09:22:24
Торосо экен кимдин баласы болсода.
0
Snejana
2017-09-19 09:24:05
Шумдук! Озунчо эле кино го
0
originalkgz96
2017-09-19 09:48:03
Керем олду го
+2
azusha2017
2017-09-19 09:59:14
Алибек чыныгы эркек экен, миллиондон бири ганаго ушундай жигит азыркы убакта
+2
asdef
2017-09-19 13:22:24
azusha2017,Эркек болсо кызды Туркияга кетирбей алып калат эле,мисалы уйлонуп болсо да
+3
mirana9395
2017-09-19 10:48:01
Байкуш кыз:(
+2
sara90
2017-09-19 12:03:30
kino je seriyal kulup tartpaisynarby bizdegi kuiun degen rejiserlor? azyrky zamanga ulaiuktyy tarbiya alchy film bolmok ...
0
Han1
2017-09-20 00:29:41
sara90,мындан кызыктуу же ушундай болгон турецкиц сериалдар тоолтура
0
Upol11
2017-09-19 12:56:31
Дагы Бир жума кутобуз
0
nurhan2702
2017-09-19 13:48:09
аябай кызыктуу жеринен токтотупсунар
+2
Mimi9495
2017-09-19 14:26:34
Туретцский сериалдан да ашып кеттиго кыргыздар тартса болот
+3
Kanykei-meerimka
2017-09-20 22:48:29
Ээ сонун жерине келгендее
+1
AKCAHAT
2017-09-22 12:01:12
Керемди Бурак Озчивит беле ошол деп элестетип алдымго чиркин)) кино болду го кино
+1
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан