ТООК ЭТИН ТҮРЛӨП БЫШЫР

Бүгүнкү күндө “McDonald’s”, KFC сыяктуу тез даярдалуучу тамактар тармактары тоок этин түрлөп бышырып сатып дүйнө жүзү боюнча ишкердиктерин жүргүзүшүүдө. Бул жайларда кардарлардын көптүгүнөн кезек күтүүгө туура келет. Андыктан аларды үй шартында андан даамдуу, пайдалуу кылып жасасаңыз болот. Ал үчүн сизден каалоо жана ачык маанай гана керектелет.

Наггет, стрипс, кардон блю сыяктуу тоок этинен жасалган даамдарга гарнир катары куурулган картошка, сууга бышырылган күрүч, гречка, жашылча салаттарын, соус катары кетчуп, каймак, тартар, айран берүүгө болот.


БАЛ ДААМДАНГАН КАНАТТАР

Даярдоо убактысы 60 мүнөт, 6 порция

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

Тооктун канаттары – 18 даана
Бал – 100 грамм
Чили соусу – 50 грамм
Соя соусу – 120 грамм
Зайтун майы – 1 аш кашык
Жүгөрү крахмалы – 1 аш кашык


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Тооктун канаттарын жууп, тазалап, кургатып, туздан себелеп, тыныктырып коёбуз.
  2. Бул аралыкта маринад даярдайбыз: ал үчүн мискейге балды, чили, соя соустарын, зайтун майын куюп, үстүнө жүгөрү крахмалын салып аралаштырып, жай отто 5 мүнөттөй кайнатабыз.
  3. Даяр болгон маринадды канаттардын үстүнө куюп аралаштырабыз.
  4. Эми электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, канаттарды тизебиз да, 200 градуста 45 мүнөт бышырып алабыз. Бышарга 15 мүнөт калганда арткан соустан дагы бир жолу сүртүп коюңуз. Бышкан канаттарды жашылчалар менен кооздоп дасторконго берсеңиз болот.


ЭСКЕРТҮҮ:
Тооктун шыйрактарын деле ушундай рецепт менен жасасаңыз болот.


НАГГЕТ

Наггетти эң алгач 1950-жылы Америкадагы университеттердин биринде иштеген, тамак-аш технологиясы боюнча профессор Роберт Бейкер жасап көрүп, тоок этин сактоо, тоңдуруу, ар кандай ыкмада бышыруу боюнча академиялык ишин жактап, өз рецептине патент алган.

Даярдоо убактысы 30 мүнөт, 4 порция


КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Тооктун төш эти –
500-600 грамм
Ун – 150 грамм
Сарымсак – 3 тишче
Кургатылган орегано – 1 чай кашык
Кургатылган райкан – 1 чай кашык
Калемпир – 2 чай кашык
Кургатылган нандын күкүмү же жүгөрү үлпүлдөгү (хлопья)1 стакан
Өсүмдүк майы – 0,5 литр
Татымына жараша туз


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Тооктун төш этин жууп, суусун сарыктырып, узун-туурасын 4-5 сантиметрден, калыңдыгын 2-3 сантиметр кылып кесип алабыз.
  2. Чоңураак идишке унду, орегано, райкан, калемпирди салып аралаштырабыз.
  3. Башка бир идишке жумуртканы чагып, ага татымына жараша туз, мурч же калемпир, майда тууралган сарымсакты кошуп чалабыз.
  4. Катыган нанды же жүгөрү үлпүлдөгүн майдалап, өзүнчө бир тарелкага салабыз.
  5. Тоок этинин кесимин алып, алгач аны унга оонатып, андан соң жумурткага малып, кийин нандын же жүгөрү үлпүлдөгүнүн майдаланган күкүмүнө оонатып ысып турган майга салып эки тарабын кызартып кууруп алабыз. Наггеттер даяр.

Стрипсти жасоо жолу наггеттин рецептине окшош. Болгону стрипстин эти 1,5-2 сантиметр калыңдыкта жана 8 сантиметр узундукта тууралат.

КОРДОН БЛЮ

Даярдоо убактысы 60 мүнөт, 6 порция

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Тооктун төш эти –
500-600 грамм
Колбаса (бууга бышырылган) – 150 грамм
Сыр – 100 грамм
Кургатылган орегано – 1 чай кашык
Калемпир – 1 чай кашык
Кургатылган нандын күкүмү – 1 стакан
Каймак май – 2 аш кашык
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Каймак майды эритип, ага майда тууралган сарымсакты салып аралаштырабыз.
  2. Дагы бир башка идишке нандын майдаланган күкүмүн жана калемпирди салып аралаштырып даярдап алабыз.
  3. Тоок этин жууп, калыңдыгы 1 сантиметр болгончо ашкана балкасы менен чапкылап жукартабыз. Эми мунун эки тарабына тең туз, мурч, ореганодон себелейбиз.
  4. Колбаса менен сырды жука кесип, жайылган эттин ичине салып ороп, аяк жагын тиш чукугуч менен бекитебиз.
  5. Оролгон этти алгач каймак майга малып, андан соң нандын күкүмүнө оонатып, 180 градуста ысып турган электр мешинде кызарганча бышырып алабыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Наггетти үй шартында даярдоону үйрөнөбүз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Asyl10
2017-09-19 13:00:00
Кургатылган орегано деген эмне? кайсы жерде сатылат ал?
+1
Tatynakay
2017-09-19 13:32:12
Asyl10,приправа райхан сыяктуу жытту чөп.
0
deva
2017-09-19 14:49:15
Asyl10,,базарда эле лавровый лист, лагмандын татымалдары сатылат го ошол жерде, търъ бар охоо тандай бересин чарчабай
0
belka
2017-09-19 18:00:55
Asyl10,жашыл райканды базилик, кырмызысын орегано дешет го базардагылар.
+2
Kaninaiman
2017-09-19 14:14:02
Супер инфо тороттон кийинки растяжкаларды кетируу ыкмаларын жазгылачы суранам
+3
admin_portal
2017-09-20 11:19:19
Kaninaiman, саламатсызбы! Төмөнкү шилтемелер аркылуу өтсөңүз:
http://www.super.kg/article/show/30635
http://www.super.kg/article/show/14513
0
tomara
2017-09-19 22:50:05
сонун!
0
nur72
2017-09-21 00:42:10
жакшы экен уй шартында жасаганга рахмат
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан