ФУТБОЛЧУ БОЛУУНУ КЫЯЛДАНГАН АЗИЗ

12 жашар Азиз дени сак айрым адамдарга караганда алда канча күчтүү экенине күбө болдук. “Эң жаман көргөнүм – кайгылуу болуп жүрүү” дейт каарманым. Баарлашуу учурунда эч бир наалып, тагдырына нааразычылыгын көрсөткөн жок. Ар дайым маңдайы жарык, маанайы ачык жүргөн Азиз тууралуу кепти улайбыз.

Венера Довранова, Азиз Доврановдун апасы: “БУТУ ЖОК БОЛСО ДА, БАЛАМДЫН АМАН КАЛГАНЫНА СҮЙҮНДҮМ”

– Жолдошум экөөбүз эки балам менен 2012-жылы Бишкекке көчүп келип, балдарымды мектепке киргизгем. Анда экинчи уулум Азиздин мектеп босогосун аттаганына 20 гана күн болгон. Ал күнү эки балам менен маршруттук такси күтүп аялдамада турганбыз. Маршруттук таксинин тормозу иштебей калган экен, айдап келип эле күтүп турган жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти. Баламды сүзүп, анан сүйрөп кетти. Карасам, уулум арыктын боюна түшүп калыптыр. Бир буту үзүлүп эле калган экен, эти эле кармап турду. Ооруканага алып барсак, врачтар “операция жасап, бутун кесип салбасак өмүрүн сактап кала албайбыз, тамырлары үзүлүп кетиптир” дешти. Ага да макул болдук. 12 врач операция жасашты. Ошентип балам бир бутунан айрылды. Эки жолу операциядан өттү. Баламдын аман калганына сүйүндүм. Минтип мени менен сүйлөшүп жанымда отурганына, буту жок болсо да, башы аман экендигине шүгүр кылабыз. Уулумдун тагдыры ушундай экен, баарыбыз ага баш ийип бердик. Өзүм да 3-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адаммын. Мен дагы кичине кезимде жол кырсыгына кабылып, бутум чыгып кеткен. Анда апамдар кыргызчылык менен эле салдырып коюшкан. Жакшы салынбай калганбы, айтор, төрөгөндөн кийин кайрадан оору козголуп, аксап басып калдым. Азиз экөөбүз кабылган кырсыктан кийин дагы бутум көбүрөөк ооруп калды. Жанымды кейиткени, баламдын да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген деген статус алып, менин катарыма кошулуп калганы болду. Уулум күчтүү. Бар мүмкүнчүлүктөрү менен жакшы жашаганга аракет кылат, менин да анчалыкка эрким жетпейт. Футболго кызыгат. Башка балдарга аралашып ойноп, окуп жүргөнүнө ичим жылыйт. Негизгиси балам өкүнүп, ыйлап отуруп алган жок. Дайыма көңүлү көтөрүңкү болуп күлүп жүрөт. Кейисек бизди урушат. Бул окуядан кийин 3 жылдай үйдө жатып калды. Балам “сынып” калбасын деп аны эркелетип бактык. Кийин протез жасатып, аны менен мектепке бара баштады. Башында уялып, коомдук транспорттон эл карап койсо ыңгайсыз боло берчү, азыр көнүп калды. Азыр агасы менен мектепке барат, балдар түртүп кетпесин деп балдак карматып жиберебиз. Өзүбүздүн турмуш-шартыбыз боюнча айтсам, мен минтип 3 балам менен үйдөмүн, кичинекей уулум бир жашта. Анан Азизди жалгыз үйгө калтыра албайм, ал өзү чайнек көтөрө албайт, ага дайыма жардам керек. Үйлөнгөнчө эле жөлөп-таяп жанында жүрөм деп ойлойм. Атасы курулушта иштеп айына азыр 12-15 миң сом алып келет. Балам экөөбүздүн пенсиябызды кошуп ары-бери эптеп жеткирип жашайбыз. Батирге 4 миң сом беребиз, калганы балдардын кийими, тамак-ашына кетет. Өзүбүздүн үйүбүздө жашоо – баарыбыздын кыялыбыз. Жашообуз мындай болуп калып, мен жаңы иштеп баштаганда кайра үйдө отурууга туура келди. Жолдошум тапкан акчаны чогултууга мүмкүн эмес. Ал күнүмдүк муктаждыктарга да жетпейт.

Азиз Довранов: “ЭҢ ЖАМАН КӨРГӨНҮМ – КАЙГЫЛУУ БОЛУП ЖҮРҮҮ”

– Ал күнү апамдар болуп бир маршруткадан түшүп башка маршрутканы күтүп турганбыз. Башкалар маршрутканы тоскондо ал токтой албай биз жакка бурулуп сүзүп кетти. Бат эле болуп кетти, мен түшүнгөнгө да жетишкен жокмун. Ойгонсом арыкта жаткан экенмин, кийин кайра эле көзүмдү ачып-жумгуча ооруканадан ойгондум. Эч нерсе сезген жокмун, бутум башында ооруган эмес. Операциядан чыккандан кийин ооруп баштады. Бутумдан ажырап калганымды жандандыруу бөлүмүнөн чыкканда түшүнгөм. Андан кийин үйдө жатып калдым. Башында жаман болуп, бутумдун жок экендигин кабыл алуу оор болду, бирок ага да көнө баштадым. Ата-энем протез тууралуу айтышты. Алар “бутка окшош протездер жасалат экен. Аны бутуңа кийгизсек башка балдардай эле ойноп, чуркай аласың” деп сооротушту. Протезди кийип мектепке барып калдым. Азыр башка балдардай эле окуп, футбол ойнойм. Кичине кезимден эле футболго кызыгуум күч. Кырсыктан кийин ойной албай калгам, кийин байкемдин ойногонун көрүп кайрадан аралашып калдым. Балдак менен эле кадимкидей ойнойм. Чоңойгондо футболчу болгум келет. Бирок мени балдак менен топко алышпайт да, ошондуктан режиссёр болууну кыялданып калдым, ата-энеме там алып бергим келет. “Реал Мадриддин” күйөрманымын. Кыргыз футболчуларынан Антон Землянухиндин, дүйнөлүк спорттон Криштиану Роналдунун фанатымын. Эң эле жаман көргөнүм – кайгылуу болуп жүрүү, дайыма көңүлүмдү көтөрүп жүрүүгө аракет кылам.

Эльдар Бакыт уулу, Азиз Доврановдун агасы: “МЕН УЛУУМУН, БАРДЫК ЖҮКТҮ ӨЗ МОЮНУМА АЛЫШЫМ КЕРЕК”

Биз баргандан тарта инисине улам жардам берип, кичинекей бөбөгүн карашып, тыпылдап апасынын колунан жумушту ала калган Эльдар Азизден бир жаш гана улуу. Ал ушул үйдүн улуусу болгондугун түшүнүп, инисинин жөлөк-таягы, апасынын жардамчысы.
– Эртең менен турганда иниме чай даярдап берем, сабактарын жасап берем. Мектепке кетип жатканда кийимин кийгенге жардам берем, бут кийимин кийгизем. Маршруткадан түшүрүп, классына киргизип коём. Көп сабактары болуп калса, кетпей күтүп отуруп ээрчитип келем. Экөөбүз футбол ойнойбуз. Мындан башка үйдө апама жардам берем, апам жумуш кылып жатканда кичүү инимди карап турам. Улуу болгондон кийин бардык бир туугандарымды, бул үйдөгү иштерди өз моюнума алышым керек да. Ата-энем азыртадан эле боорукер, мээримдүү болгонго үйрөтүшөт. Мен чоңойгондо ашпозчу болом. Дүйнө кыдырып рецепттерди чогултуп, мыкты ашпозчу болгум келет. Азыр көп тамак жасай албайм, кээде картошка кууруйм, апама салат жасашам.

Агасы Эльдар Азиздин таянар тоосу, жардам берип дайым жанында жүрөт.

«Протез кийип мектепке барам, балдар түртүп кетпесин деп балдак көтөрүп алам».


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бир бутунан ажырап, балдак менен футбол ойногон Азиз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
bermet104
2017-09-19 14:32:36
Көрүп алып, көзүмө жаш айланды! Ата энеси балдарына жакшы тарбия берип атыптыр! Аллах таалам өзү колдосун! Бактысына ата энеси, бир туугандары аман болсун! Кээ бир дени соо адам да мындай эмес. Азаматсың иним!
+4
Ibanurkb
2017-09-19 16:58:52
Кандай молодец бала !!!соз жок !ыйлагым келип кетти !!!улгу алса болчудай экен !кичинекей болсо да акылына баа бердим !
+3
aipo89
2017-09-22 13:50:10
Мына ата-энесинин акчасына кооп,тайрандаган балдарга,жигитим таштап кетти деп ыйлактаган жаш кыздарга,арактан колу бошобой иш жок деп жаткан айрым эркектерге улгу болчу бала экен!Тилеген максатына жет!Жаш болсо да акылынын тетиктигине баа бердим.
+2
janka7
2017-09-26 08:55:21
Ойлогон ой максатына жет, ар дайым ден соолугун чын болсун!
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан