Кинорежиссёр Таалайбек Кулмендеевдин «Мунабия» тасмасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтө турган 20-эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Тасмада Мээрим Атантаева, Назым Мендебаиров, Улан Султангазиев, Сакен Карабаев, Гүлзинат Суранчиева жана башкалар роль аткарышкан. Режиссёр тасма тууралуу буларга токтолду: «Тасма Казат Акматовдун «Мунабия» чыгармасынын негизинде тартылды. Бул чыгарманын жаралуу тарыхы жөнүндө агай менен көзү тирүүсүндө сүйлөшкөн болчумун. Агай «СССР учурунда карачай улутундагыларды Көлгө көчүрүп барышкан. Бир канча убакыттан кийин алар кайра көчүп кетишет. Бирок арасынан бир кыз көчпөй жашап калат. Анын үй-бүлөсү бар кишини сүйүп кетпей калганын кийин түшүндүм. Чыгарманы ошол окуянын негизинде жаздым» деген эле. Жазуучу ал каарманын Мунабия деп атаган. Кийин өзүнүн кызынын атын да Мунабия койгон болчу. Тилекке каршы, кызы 17 жашында жол кырсыгына кабылып каза болуп калбадыбы.
Кино чыгармадан бир аз башкачараак. «Мунабия» фильминин дүйнөлүк бет ачары 13-19-20-сентябрь күндөрү Пусан шаарында өтөт. Бул кыргыз киносунун атын чыгаруу максатында жасаган иш-аракетибиз».