БУСУРМАНКУЛ АБДИБАИТ УУЛУ ММА ТУРНИРИНДЕ НАМЫС ТАЛАШАТ

Коомчулукка «Алай» каймана ысымы менен таанылган Бусурманкул Абдибаит уулу M1-Challenge 83 турниринде бразилиялык мушкер Диего Давеллага каршы беттеш өткөрөт. Аталган турнир 23-сентябрда Татарстандын Казань шаарындагы «Баскет-Холл» аренасында өтмөкчү. Бразилиянын MMA боюнча чемпиону, жиу-житсу боюнча кара кур ээси Диего Давелла орусиялык мушкер Алексей Невзоров менен беттеш өткөрмөк. Невзоровдун жаракатына байланыштуу анын ордуна мекендешибиз Бусурманкул Абдибаит уулу рингге чыкмакчы. Ал Кыргыз өлкөсүнүн грэпплинг боюнча бир нече жолку чемпиону жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Бектур Токтоноев
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nur72
2017-09-28 10:32:19
ийгилик
0
ALMAAAN
2017-09-29 20:14:53
Жендиби анан
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан