“ЖАШ КЫЯЛ” тобу

«ЖАШ КЫЯЛДЫН» СЫЙЛЫКТАРЫ

  • Россия, КМШ, Индия, Түркия, Белорусияда өткөн фестивалдардын жеңүүчүсү.
  • 1995-жылы Кыргызстанда өткөн «Жаш таланттар» фестивалынын Гран-Присинин ээси.
  • 2002-жылы Казакстанда өткөн «Боз торгай» чыгармачыл балдардын эл аралык фестивалынын жеңүүчүсү.
  • 2005-жылы «Эл ичи – өнөр кенчи» аттуу эл аралык улуттук чыгармачыл балдар фестивалында бий боюнча биринчи даражадагы диплом, алтын медаль менен сыйланган.
  • 2006-жылы Белорусияда өткөн «Алтын аары» эл аралык фестивалында 10 жашка чейинки балдардын арасында биринчи орунга ээ болгон. Мындан сырткары, дагы көптөгөн конкурс, фестивалдардын лауреаты, дипломаты.

«Жаш кыял» бий ансамбли тү­зүлгөндөн баштап Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги Чилитеров Жаныбек жубайы Анара Сартбаева менен бирге жетектеп келет. “Жаш кыял” алгач 1994-жылы №68-орто мектебинде бий ийрими катары ачылган болсо, андан бери “Элдик ансамбль” деген даражага жетишти.

ГҮЛНАЗ БАЯЛИЕВА, 19 ЖАШТА.
Бишкек Гуманитардык Университетинин чыгыш таануу факультетинде 1-курста окуйт. Сегиз жашынан бери «Жаш кыялда» бийлеп келет.

– Гүлназ, учурда популярдуу болуп жаткан Ирлан Таалайбековдун аткаруусундагы «Окуучу кыз» аттуу ырды коштогон окуучу бийкечтин ролун кандайча аткарып калгансың?
– Биз продюсер Асыл Аппасова менен көптөн бери иштешип келебиз. Асыл эже «жаңы окуучум бар, ошонун ырына бийлеп бергиле» деп калды. Биз ар дайым жаш ырчыларга колдоо көрсөтөбүз. Ошондуктан, башкачараак бий менен коштоп берүүнү ойлодук. Акыры кыздардын сунушу менен мен окуучу кыз болуп калдым. Мектепте жакшы окугандыктанбы, айтор, жакшы эле окуучу кыз болуп бердим окшойт.
– Ушул окуучу кызга тартылгандан кийин тийишкендер көбөйсө керек?
– Ооба, элдер көчөдө таанып, айрыкча жигиттер көп тийишип калышчу болду. Кээде «Окуучу кыз, окуучу кыз» деп артымдан кыйкырып калышат. Ал эми тааныштарым болсо «жакшы окуу­чу кыз болот экенсиң» деп жылуу сөздө­рүн айтышты.

НАДИРА САРТБАЕВА, 16 ЖАШТА.
И.Арабаев атындагы университеттин алдында түзүлгөн лицейдин гуманитардык бөлүмүндө окуйт. «Ар дайым алдыга» деген ураан менен жашайт. Төрт жашынан бери бийлеп келет. Келечекте мыкты ырчы болууну самайт.

Надира, «Жаш кыялдын» башка бий ансаблдеринен айырмасы эмнеде деп ойлойсуң?
– Биздин ансамбль бийлөө менен эле чектелбестен, ырдагандарга да колдоо көрсөтөт. Андан сырткары, артисттик чеберчиликти да үйрөнсө болот. Ар бир майрамдарда балдарга арнап спектаклдерди коёбуз. Азыр ансамблде 3 жаштан 18 жашка чейинки 260тан ашык улан-кыз бар. «Жаш кыял» он үч жылдын ичин­де 1000ден ашуун кыз-балдарды тарбиялап, уядан учургандыгынан маалымдармын.

АСЫЛА САРТБАЕВА, 19 ЖАШТА.
Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык бөлүмүндө 2-курста окуйт. «Жаш кыялда» бийлеп калганына бактылуу.

– Асыла, бийсиз турмушуңду элестете аласыңбы?
– Жок. Тескерисинче, келечекте «Жаш кыял» сыяктуу бир чоң ансамблди жетектегим келет. Анткени, кичинемден бийлеп жүргөндүктөн, бийге өтө жакынмын. «Жаш кыялдын» жетекчиси Анара Сартбаева менин бир тууган таежем болот. Таежемдин жолун жолдосом деген максатым бар.

АСЕЛ КОЙЧУЕВА, 18 ЖАШТА.
Кыргыз-Орус Славян университетинин 1-курсунда окуйт. «Жаш кыялга» 7 жашында апасы ээрчитип келген. Келечекте мыкты теле алпаруучу болгусу келет.

– Асел, концерттен сырткары тойлорго да барасыңарбы?
– Жок, тойлорго чыкпайбыз. Көбүнчө биз Динара, Сыймык, Асель, Айчүрөк, «Кыз-Бурак» өңдүү чоң ырчылар менен иштешебиз. Ошондой эле продюсерлерден Ассоль, Динара Эсенгулова, Асыл Аппасовалардын окуучулары менен иш алып баруудабыз. Кошумчалай кетсем, биз улуттук бийлерге жана улуттук костюмдарга өзгөчө көңүл бурабыз. Мисалы: Урмат Усеновдун «Тумар кызынын» клибинде он кыз он түрлүү улуттук кийимдерди кийип бийлеген элек.

МЭЭРИМ АЛИЕВА,20 жашта.
Улуттук университеттин экономика бөлүмүндө 3-курста окуйт. Хоббиси: ырдоо жана сканворд толтуруу. Ошондой эле «Супер-Инфо» гезитинин активдүү окурманы.

– Мээрим, чет өлкөгө көп чыгат турбайсыңарбы, кандай өзгөчө­лүк­­төрдү байкайсыңар?
– Чет өлкөлөргө чыккан сайын ар кандай окуяларга туш болобуз. Башка улуттун адамдары менен таанышабыз. Чет жакка чыкканда өз ара жалаң кыргыз тилинде сүйлөгөнгө аракет кылабыз. Көп чет өлкөлүктөр биздин капкара узун чачтарыбызга, улуттук кийимибизге, анан албетте, талантыбызга суктанышат.

САБИНА ЖАЛАЛДИНОВА – УЙГУР КЫЗЫ, 18 ЖАШТА.
Б.Бейшеналиева атындагы искусство инститтунун 1-курсунда окуйт.

Бош убактысын бийден сырткары, тамак жасоо менен өткөргөндү жакшы көрөт. Келечекте бий тобун түзгүсү келет.

– Сабина, жакынкы пландарыңар жөнүндө айта кетсең ?
– 1-мартта «Сейтек» борборунда «Жаш кыялдын» түзүлгөн күнүнө кара­та концертибизди өткөргөндөн кийин Татарстандын борбору Казанда өтө турган фестивалга даярдануудабыз. Андан соң апрель айында Түркияга барышыбыз күтүлүүдө. Россияда өтүүчү «Биринчи айым» аттуу президенттердин аялдарынын жолугуусуна Путинанын чакыруусу менен октябрда бармакчыбыз.

Маектешкен Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан