«СЕН БАКЫТТЫН ӨЗҮСҮҢ...»

Экөөбүз кайра урушуп жатабыз...
– Болбойт! Болбойт!
Жигитаалы, Үмөтаалы, Кымызай, Сайка бизди карап отурушат.
– Булардын баарын көтөрүп алмак белек? Экөөбүз эле барабыз.
– Жо-ок. Сайка балат.
– Сайка жалгыз барса мейли, аны көтөрүп алганга болот. Калгандарын албайбыз,- сени, Сайканы колума алып дүкөнгө жөнөдүк. Жигитаалы, Үмөтаалы, Кымызай көздөрүн жылтыраткан боюнча калышты.
– Сайканын кулагы ооруйт. Жөн көтөр,- Сайканы кулагынан кармап кетип баратканыңды көрүп айттым.
– Ы-ы?- бул сенин «ыя?» дегениң. «Кулагы ооруйт. Сайканы жөн көтөр» дедим дагы бир жолу. «Ы-ы» сенин берген жообуң. Жогорудагы сөздөрдү сага жок эле дегенде 6 жолу айттым. Сен 6 жолу «ы-ы» деп жооп бердиң. Билмексен, укмаксансың...
– Угуп эле «ы-ы» дей бересиңби?
– Ы-ы,- андан ары да кандай суроо бербейин, сенин жообуң кандай болорун билип калдым. Дүкөнгө жакындадык. Сенин маанайың көтөрүлдү. Жана эле Жигитаалы, Үмөтаалы, Кымызай, Сайканын да дүкөнгө барышын талап кылып ыйлап жаткан маанайың кайдадыр жок болду. Жүзүң толо жылмаюу. А мен сени көрүп бактылуумун. «Алтын кызым, күлүп эле жүрсөң экен. Жаратканым телегейиңди тегиз кылса экен. Кудайым бакытты сага ченебей берсе экен». Сага күндө ушинтип жалынам. Сенде жылмаюунун бир нече түрү бар. Мисалы, «гипер-жылмаюу». Ал мени "гипер бактылуу" кылып салат. Экөөбүз кээде 2-3 күн көрүшпөй калабыз. Анан бир убакта үйгө мен кирип келгенде сен мени «гипер-жылмаюуң» менен тосуп аласың. Оо, ал ушундай жагымдуу жылмаюу. Көздөрүңдө кубаныч толуп калат. Анан калса ал жылмаюу «бала-бала-бала, беле-беле-беле» деген сенин сүйүнгөнүңдү, сагынганыңды билдирген өзгөчө бий менен коштолот. Ооба, кубанганда сен бийлеп жибересиң. Биздин үйгө сенин «гипер-жылмаюуңду» жаратыш үчүн Жигитаалы, Үмөтаалы, Кымызай, Сайкалар келишкен.
Адегенде бою сени менен тең мамалакты үйгө алып келгенде «гипер жылмаюу» жумшак оюнчуктардан да пайда болорун байкап калгам. Анан ал мамалакка апаң экөөбүз Жигитаалы деп ат коюп койдук. Сенин ага азыр тилиң келе элек. «Жигита» дейсиң. Экинчи кичинекей мамалак да сени сүйүнүчкө бөлөгөн. Аны Үмөтаалы деп койдук. Сен аны «Мөта» дейсиң. Андан кийин Кымызай деп ат койгон сулуу куурчакты бир көрүп эле жактырып, дүкөндөн алып баса бергенсиң. Сайканын жөнү башка. Бул сага эң жакын болгон оюнчугуң. Жумшак коёнекти сага сатып алып келе жатканда «буга эмне деп ат койсом?» деп ойлонуп келе жаткам (сени менен кошо мен да бала болуп кетем). Бирок үйдөн апаң «карачы, атаң сага «зайка» алып келиптир» деп койду эле, сен ошону жаттап алдың. Ошентип коёнек сен атагандай Сайка аталып калды. Кайсы бир жакка чыгарда сен Жигитаалыны, Үмөтаалыны, Кымызайды, Сайканы босогого тизип даярдап коёсуң. Кээде алар биз менен кошо унаада жүрүп келишет. Кээде калгандары калышат да, Сайка жалгыз сени ээрчип жөнөйт. Ал таптакыр калбайт. Дайым жаныңда. Бир жолу таежеңдин үйүндө уктап калганыңдан сени көтөрүп кетип, Сайканы унутуп калыптырбыз. Үйгө жакындаганда ойгондуң, саат түнкү 2 болуп калган. «Кана, Сайка? Ата, Сайка кана?» биринчи сурооң ушул болду. Айла жок, артка барыш керек. Сайкасыз сен уктабайсың. А мен сенсиз тынч уктай албайм. Бышылдап Сайканы кучактап уктап калганыңды көргөндө, дүйнөм тегиз боло түшүп, санаалар, түпөйүл ойлор кайдадыр житип жок болот. Башкысы сен амансың, алтыным! Билесиңби, сен төрөлгүчө мен өзүмдү бактылуумун деп эсептечүмүн. Азыр мен чындап эле бактылуу экенимди билем! Чынында бир адамды ушунчалык жакшы көрүүгө мүмкүн экенин сезбептирмин. Сени карап алып элжиреп отуруп «мен ушундай белем?» деп өзүмө суроо берип коём. Сага болгон чексиз жакшы көрүүнү батырып алган жүрөгүмө таң калам. "Мен мындай бакыттан денем чытырап жарылып кетишим керек эле» деп ойлоном. Сенин жаныңда бакыт бар, кызым. Жок, сен деген бакыттын өзүсүң. Сени менен өтүп жаткан ар бир ирмемди эстеп, сактап калгым келет. Билем, мезгил өтөт, сен бой жетесиң. Өткөөл курак деген келет, ар түркүн маселе, көйгөйлөр, биринчи сүйүү, үлпөт той... Э-эх, мен аларды ойлогондо...
Кызым, эң башкысы мен сени жакшы көрөм. Жазда, күздө, жайда, кышта... Сен сүйүнсөң да, ыйласаң да, мага таарынсаң да, кийин, балким, мени түшүнө албай калсаң да (балким, өткөөл куракта ошондой болобу дейм да) билип кой, мен сени жакшы көрөм! Жакшы көрө берем! Кайсы бир күнү сен чачыңды күлгүн түскө боёп алып келсең да, мен сени түшүнүп, күлө карап, жакшы көрөрүмдү билдирем деп өзүмдү даярдап жүрөм. Сени берген Кудайга ыраазымын! Бактылуу болсоң экен...


Мирлан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Begimkyz.
2017-09-26 12:16:24
Биздин атабыз да кызыбызды аябайжакшы корот. Ар бир баланын ата энеси кашында болсун!
+6
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-26 12:56:28
Кайра-кайра окуйм. Тим эле соонун жазылган. Эээх кайра келбес балалык!! Ата энебиз ар дайым мандайыбызда болсо экен.
+2
stervella415
2017-09-26 13:15:07
Атамды сагындым..менида абдан жакшы корот..6 жашка чейин моюнунда которуп журду алтын атам...азыр 23 ко чыксамда атымдан эч айтпайт жалан эркелетип чакырат..эркелетип суйлойт.атам ушу жашка чейин эч катуу суйлободу урушпады...унун бийик чыгарбады.ошондуктан эркек кишилердин уну кичине катуу чыкса эле ыйлап жиберем..ыйлаак болуп чонойдум)) эркек кишилердин созун которо албайм
+2
Afgan312
2017-09-26 17:40:03
Эхх ата деген кандай ыйык
+1
Raiyan-95
2017-09-27 00:27:34
Мен атамды аябай жакшы көрөм.
"Дүйнөдө эң сонун ата бар,ал менин атам!"
Ушул сөздү көөп көп айткым келет,айта берем.
Ар кимибиздин атабыз,өзүбүзгө ушундай бир жакшы көрүнөөрү талашсыз маселе.
Ылайым аталар аман болсун,жанында коштоп жүргөн "Хюрремхан"апаларыбыз да тынч болушсун:-)))
+3
airusa
2017-09-27 14:21:54
Менин атам жонундо жазылыптыр.....Козумдо жаш... Алыста болсом да сизди жакшы кором,Ата!!! Сизди сагынып журогум сыздап журом. Аман журсонуз экен.
+4
Alleria
2017-09-28 01:52:28
Соонун жазылыптыр. Бала бакыт деп бекеринен айтылбаптыр.Дүйнөдө эн күчтүү сүйүү Ата Эненин балагы болгон сүйүүсү экен.
0
Kaprizka97
2017-09-28 16:00:22
Менда окуп аябай таасирлендим. Менин апам жок бирок кичинебизде бизде аябай каттуу жакшы корчу, ошондуктанбы энеси мээрим тогуп турган кыздарга суктанып келем. Окуп алып озумда эне болгум келип кеттиго чиркин.
0
HanTegin
2017-09-29 08:35:50
Мен да суйгонун жазган го десе ))). Сонун. Козумо жаш тегеренди. Биздин атабыз да балдарым дегенде ичкен ашын жерге коет. Бардык аталар ушундай баласаак болгондо.... Дуйнодогу баланын баары мээримге балкып чоноет эле. Бардык наристелердин телегейи тегиз болсунчу. Ата эне менен чогуу чонойсунчу.
+1
tram-lam
2017-09-30 14:37:52
Кечээ мен жумушка жонойун деп эшикке чыксам атам туруп суукта машинамды тазалап аарчып жургон экен, озунун машинасын да анчалык карабайт. Озумду ушунчалык бактылуу сезип кеттим, таянаар тоом, коргоочум бар! деп
+1
Sagidko88
2017-10-01 11:33:38
Менин атам да асыл адам! Эн сонун ата! бир да жолу атам жонундо жаман кеп укпадым.элдин баары атамды мактайт.чынында алтын киши.омуру узун болуп, апам менен бактылуу болсун.
+1
Asel33
2017-10-02 21:39:41
Мен да окуп кичине жашып алдым. Папа дейм, паа деп коём, аябай жакшы көрөм. 36га чыксам да, атыман айтпайт. "Кандай кызым, жакшысынбы? Секет кетейин" деп баштайт. Аман эсен жүрсүн,апам экөөнүн өмүрлөрү узуун болсун, оорубасын деп кудайдан тилейм.
+1
milashka_moia
2017-10-05 11:53:43
Бактыбызга ата-энелерибиз аман болушсун. Мен да атакемди сагындым. Менин биринчи суйуум атакем. Азырда кызымды да атакеси абдан жакшы корот.
+1
nurka.kg11
2017-10-16 17:11:40
Ата деген ким? Мен ушул суроого эч жооп бере албайм...
0
janna97
2017-10-23 17:19:28
эх кандай соонун балалык кез менда атама эркелеп атамын жалгыз кызы болуп чонойдумго бирок эми бой жетер убакта атам дуйно менен кош айтышты сагындым атамды атасы бар адам кандай бактылуу адам ата энененин козу барды сыйлайлы атам корбой калган жакшы кундорду апам корсо экен деп тилейм кудайдан апам омуру узун болсун
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан