КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


Жолдон чарчап келгенге Арсен уктап калган болчу. Ойгонсо түн бир оокум болуп калыптыр. Телефонун тиктеп, саат канча болгонун билмекчи болуп жатканда эшиктин коңгуроосу кагылды.
"Ким түндө келген?" өзүнчө сүйлөнүп алды. Оштогу бул элиталуу батирде Лиза, Санжар, Нурдин жашайт. Бирок алар түнкүсүн саунада болушчу эле. Санжар күн кур эмес ошол жакта өз маселелерин чечет. Анын үстүнө түнкү турмуш анын жумуштарына ыңгайлуу. Түн анын көп күнөөсүн жашырып келе жатат. Алардын түндө келбешин билген жигит алда нени сезгендей тапанчасын алып эшик ачканы жөнөдү.
– Ким?
– Арсе-ен...- Лизанын үнү чыкты.
– Ой, сага эмне болду?- эшикти ачкан жигит бир колуна мартининин жарымы бош бөтөлкөсүн кармап алып теңселип турган Лизага күлө карады.
– Эмнеге сен Ошко келгениңди айтпайсың?
– Санжар акеге айтпадым беле. Кир. А эмнеге сен саунада эмессиң?
– Саунада администратор деген бар, Санжар бар, Нурдин бар. Негизи сен сөздү башка жакка бурба. Мен сени сагынып жүргөнүмдү, Ошко качан келет деп күткөнүмдү билбейсиңби?
– Лиза...
– Сен кандай таш жүрөк немесиң? Мен качанкыга чейин сага жалынып-жалбарышым керек? Мен сени канчалык сүйөрүмдү сен таптакыр билбейсиң. Качан болбосун Санжар аке, Санжар аке дейсиң. Санжар менен сүйлөшкөнбүз баарын. Мен ага сени жакшы көрөрүмдү айткам. Ал түшүндү. Ал эч качан мени кармаган эмес.
– Ичкери кирчи, Лизка.
– Уф, мен чарчап бүттүм,- кыз ичкери кирип, бут кийимин чечип жатып сүйлөдү. 
 Арсен кызга эмне деп жооп берерин билбей турду. Анын жообун күтпөй эле Лиза сүйлөй берди.
– Сенин жообуң мага белгилүү. Мен сени сүйө албайм дейсиң. Толтура шылтоолоруң бар. Акыры  мен сага татыксызмын да, туурабы? Мен ким элем? Балдар үйүнөн чыккан бир шордуу орус кызмын. Сойку болчумун. Дагы жакшы мени Санжар коргоп алды. Мен ага өмүрүм өткөнчө ыраазымын. А сен? Сен бир кезде сойку болуп жүргөн кызды балээни сүймөк белең. Билип эле турам. Мен туңгуюктамын. Бирок сени сүйөм. Ушунун айынан жүрөгүм ооруп, өзүмдү коёрго жер таппай жүрөм. Мен кантем, айтчы, Арсен?
Жигит Лизаны аяп кетти. Бул байкуштун чынында көрбөгөн азабы калган эмес. Акырын өзүнө тартты да кучагына алды. Лиза шолоктоп ыйлап баштады.
– Сен менин эң жакын адамымсың, Лиза.
– Мен сенин жүрөгүңдө болгум келет.
– Жүрөгүмдөсүң, Лиза. Сенин өзгөчө ордуң бар ал жакта.
– Мен сага көп бала төрөп бермекмин, ата-энеңе эң мыкты келин болмокмун. Сенин бактылуу болушуң үчүн жан дилим менен аракет кылат элем. Чарчап келсең ысык тамак менен тосуп алып. Керек болсо бутуңду жууп берет элем.
– Оо... Мен сага үйлөнгүм келип баштады.
– Какшыктаба. Карачы, кандай таш боорсуң, менин сезимдеримди шылдыңдап жатасың.
– Лиза, алтыным. Мен эч эле сенин көңүлүңдү ооруткум келбейт. Анткени жакшы көрөм, сага ишенем. Алдыда эмне бар, эмне жок экенин эч кимибиз билбейбиз. Бирок билип кой, мен сени жакшы көрөм. Чындап.
– Бирок бул сүйүү эмес да, ээ?- Лиза үмүттөнө Арсендин көздөрүнө карады.
Жигит жооп берген жок. Кыз да такып сурабады.


***


– Мен кеттим, алтыным,- Болуш маңдайынан өөп жатканда Бегимай ойгонуп кетти.
– Жакшы барыңыз,- уйкусурап коштошту. Бирок Болуш сыртка чыгары менен кыздын көздөрү умачтай ачылды. Арсен. Мээсинде кайрадан ушул ысым жаңыра баштады. Телевизорду күйгүздү, туруп өзүнө жеңил тамак даярдап жеди, жуунду. Айтор, эптеп өзүн алаксытып жатат. Бирок Арсен оюнан эч эле кетпей койду.
Курбуларына жолугушу керек. Балким, ошондо жигит кыздын оюнан кетет. Жасанып алып сыртка жөнөдү. Ак Гелендвагендин рулуна отурду. Дагы эле Арсен ойлорунда. Курбуларынын жанында деле эч нерсе өзгөргөн жок. Калп эле аларга кошулуп күлүмүш болгону менен, жигит тууралуу ойлоно берди. Баарынан кызыгы, кыз бир-эки жолу айланасын карап, көздөрү менен Арсенди издеп жиберди. «Ал өткөндө артымдан аңдып үйгө барбады беле. Балким, азыр да артымда жүргөндүр» деди өзүнчө. Бирок жигит жок болчу. Кыздын маанайы улам чөгүп баратат. Курбулары менен коштошуп сыртка чыкты. Башында Арсендин телефон номурун кайталап жатат. Колдору өзү эле номурду терип баштады, кыз өзүнө ээ боло албай калды. Чалуу кеткени менен, телефонду эч ким көтөргөн жок. Маанайы чөгө түштү. Көңүлсүз рулга отуруп үйүнө жөнөдү. Муздаткычта бузула элек ак шарап бар болчу. Эмнегедир ошол эсине түштү. Барып ошондон татпаса көкүрөгүн өйүткөн куса тынч уктатчудай эмес.
Тынчтык проспектиси менен өйдө көздөй зуулдап баратты. Бир убакта күзгүнү карап жиберип, артынан капкара Гелендваген ээрчип келе жатканын байкап калды. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болк этти. Кара Гелендваген шашпай, ишенимдүү гана кыздын унаасын жандап келе жатыптыр. Жүзүнө кызыл жүгүрүп, өзүнчө жылмайып алды Бегимай. Газды катуураак тээп, ылдамдыгын жогорулатты. Үйү тарапка бурулган жок, түптүз эле шуулдап келип шаардын сыртына чыгып кетти. Улам күзгүнү карап коёт. Кара Гелендваген кыздын унаасы ылдамдаса кошо ылдамдап, бирок ашып кетпей артында келе берди. Кыз акыры кайсы бир убактарда Арсен менен чогуу Болуштун унаасын айдап келишкен эгин талаага келип токтоду. Унаалардын күрүлдөгөн үндөрү басылары менен айлана мемиреп тынчый түштү. Бегимай унаасынан биринчи түшө калды. Күндүз кечке башына толуп калган Арсен тууралуу ойлор, жигитке болгон тартылууну күчөтүп жиберген окшобойбу. Жигит да унаасынан түшүп кызга бет алды. Учурашкан жок. Үн-сөзсүз эле кучакташып калышты. Жанатан туйлап келе жаткан кыз жүрөгү тынчый түштү, көксөгөнүнө жеткендей.
– Мени кечирип койчу, Арсен. Мен акмактык кылгам, билем. Бирок мени кечирчи.
Жигит үндөгөн жок. Көкүрөгүндө кек алоолоп жатты. Ал сагынган кишиден бетер кызды бекем кучактап эриндеринен өөп алды. Бегимайдын көзү тумандап кетти. Өзүн-өзү башкара албай калды.


***


– Алдыңда байкуш болуп каларымды билгенимде... Билбейм, мен эмнеге үмүттөнүп жатам. Бирок экөөбүздүн акыркы жолугушуубуздан кийин сени канчалык жакшы көрөрүмдү билдим. Сагынычтан жинди болуп кетейин дедим. Мени кечирчи, суранам.
– Менде сага деген таарыныч деле жок. Болгону сен башка адамдын жубайысың.
– Каалайсыңбы, мен эртең эле кетип калам андан,- Бегимай акыркы чечимин чыгарып алгандай чечкиндүү сүйлөдү. Ал эч убакта Болуштун жанында мындай сезимдерге чөмүлбөсүн анык сезди. Арсендин жанында жашоо алда канча кызыктуу, алда канча бактылуу болорунан шек санабай калды.
– Мен сени жакшы көрөрүмдү билесиң да, ээ?- жигит кучагында жаткан кызды күлө карап койду.
– Жок. Сенден уккум келет.
– Мен сени жакшы көрөм, Бегимай. Экөөбүзгө сыноо берилген болчу. Бирок биз андан өтө албай калдык. Өтө албай калганыбыз кайсы бир деңгээлде өкүнүчтүү болгону менен, кайсы бир деңгээлде пайдалуу да болду. Ким билет, балким, сен Болушка кетпегениңде мен азыркы сен көрүп жаткандай Арсен болот белем, болбойт белем. Айтор, сага болгон сезим, мени чанганың, Болуштун тепсегени мага стимул болду. Бирок мен дале Болуштан алсызмын. Жан дилим менен сени алып башка жакка качып кетким келип жатат.
– Ошентеличи, Арсен. Качып кетеличи.
– Мен азыр Болуштан алсызыраакмын. Алсыз дегенге болбойт го, аныкынан акчам аз деген туура окшойт. Ал топтогон байлыктын, ал күткөн тааныштын мен үчтөн бирин күтө элекмин. Ал мени сындырып коёт. Түшүнүп жатасыңбы, Бегимай? Экөөбүздүн алдыбызда дагы бир сыноо турат.
Кыз көздөрүн жылтыратып жигитке карады.
– Биринчи сыноодо биз уттурдук. Бирок Кудай жалгап, ал сыноо экөөбүзгө тең пайда алып келди. Эми экинчи сыноодо биз жеңип чыгышыбыз керек. Мен сени ушунчалык жакшы көрөм, Бегимай. Сени кайра жоготуп алгым келбейт. Биз бардыгын ойлонуп жасашыбыз керек бул жолу. Эгер экөөбүз жөн гана ээрчишип башка жакка качып кетсек, бизди Болуш тынч уктатпайт. Ата-энебизге, бир туугандарыбызга залалы тийип калуусу мүмкүн. Ошондуктан...
– Болушту өлтүрүү керекпи?- кыз күтүүсүз суроо берди. Жигит саамга токтоп калды. Кыздын көздөрүнөн чечкиндүүлүк анык байкалып турду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Nargiza1987k
2017-09-26 09:59:10
Бегимайды пайдалант бош керек Болуштан оч алганы анан Бегимайды таштап кетет ушундайбы айтып койгулачыыы ушундай эле болсо экен
+10
aiba-889290
2017-09-26 11:49:59
Дагы бир жума ойлонмой,нервдеги майда тамырларды узуп бутмой болдунар!Коооооп коптон жазып салгылачы,меееее сага элеби деп.
+4
vip.aidan96
2017-09-26 16:08:33
Арсен Бегимайды кечирбеди, Бегимай аркылуу Болуштан оч алатго менимче
+1
Beks0207
2017-09-26 16:21:48
Не деп комм жазсам екен деп кооооп ойлонуп анан жазбай еле коёюнчу деп чечтим :)
+3
Afgan312
2017-09-26 17:33:52
Арсендин уй бүлөсүнөн да аз маз жазып койсонор болмок атасы байкуш кантти экен
0
Mirgul.1
2017-09-26 22:03:20
Лиза кайда калды ошондо ичип алып мас бойдон
+1
Erlaha
2017-09-27 08:28:38
Mirgul.1,Лизага сарсанаа болуп атасынбы
0
Bokonov777
2017-09-27 08:30:51
Арсен Бегимайды кечирген жок. Бул Арсендин дагы бир амалы. Чыгарманын башында бир аз жазылган "Бегимай Арсендин конулдошу болуп, Болуш Арсендин бир созун эки кылбай аткарып калат" деген сыяктуу жери.
0
Kuba-savai87
2017-09-27 08:45:36
Кино тартса болчудай экен
0
AselBaika
2017-09-27 14:32:53
Бегимай озунун оюн туура токтотуп, азыраак мээсин толуктап, иштетип, акыры Арсен экоо эле калса экен. Все ровно Арсен любит, и Бегимай всю жизнь виновная болуп козун карап отсо Арсендин, она заслужила. Бегимай куноосун всю жизнь жазаланып отсо керек
0
originalkgz96
2017-09-27 19:52:10
Жакшы кино чыкмак
0
snegurochka11
2017-09-28 08:15:54
Бегимай мынча жеңил ой кыз кыжырга тийген,чокуга эле кое турган экен!
0
said9595
2017-09-30 08:35:33
Экөө тең бирин бири сүйөт демек мындай сүйүүдө же бири өлөт же түбөлүк бирге болот.
0
sulaimanov.ulan
2017-10-03 01:11:42
Уже саат 1 болду неге чыкпай атат
0
said9595
2017-10-03 02:40:32
3 bolduuuuu
0
rtuiop
2017-11-17 22:18:54
Хм дагы деле жеңил ойлуу өлтүрөлү деп
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан