Баары сенин колуңда. ЭМЧЕККЕ АЯР МАМИЛЕ КЫЛ

Кайсы бир мырзага көрктүү жамбаш жакса, кайсы бирине узун буттуу айымдар жагат. Бирок эч кимиси бөдөнө тумшук мамактан көзүн качыра албай, колдору өзүнөн өзү кыбырап, кармалоого ашыкса керек. Эмчек аялдардын аялуу дене мүчөсү болгондуктан, сексолог-эксперттер, физиологдор ага аяр мамиле жасоону эскертишет. Алар эмчекти туура укалоо, кармалоо менен төшөктөгү өнөктөштү кумардын туу чокусуна чыгаруу мүмкүн экендигин айтышат. Бул эмчектин үрпүнүн алдында жайгашкан эрогендик зонадагы ткандар жатындагы булчуңдар менен тыгыз байланышта экендиги менен түшүндүрүлөт. Эмчекке кантип туура мамиле жасоо керек? Адистердин кеңешине кулак салалы.


ЭЗГИЛЕБЕҢИЗ

Эске алыңыз, сиздин сүт эмген дооруңуз эбак бүткөн. Андыктан ач калган баладай болуп өнөктөшүңүздүн эмчегине дароо жабышпаңыз. Эмчек аялдардын аялуу дене мүчөсү болгондуктан, аны балдардын чыйпылдак оюнчугундай кылып каалагандай эзгилеп, катуу тиштегилөөгө болбойт. Бул нерсени көпчүлүк айымдар анча жактыра беришпейт. Өнөктөштү дүүлүктүрүүнү эмчектен эмес, дененин сырткы бөлүгүнөн, бетин сылоо, алкымынан жыттоо, колунан кармалоо сыяктуу ыкмалар менен баштасаңыз оң. Эгер түгөйүңүз башын көкүрөгүңүз тарапка буруп, жөлөсө, анда сизге аялуу жакка «кол салууга» жол бергендиги.

АРТЫНАН КУЧАКТАП, АНАН КАРМАЛАҢЫЗ

Далысы тараптан колуңузду сунуп түгөйүңүздүн эмчегин кармалаңыз. Мындай ыкма бардык айымдарга жана сизге да жагары талашсыз. Бир эле учурда аны кучактап, эмчегинен кармалап, алкымынан, чачынан жыттап, далысынан өпкүлөп, дүүлүктүрүүгө жетишесиз.

ЧЕКТИ САКТАҢЫЗ

Алгач эмчекти сыртынан, андан соң төмөнкү бөлүгүнөн, капталдарынан кармалап, тегиз сылаңыз, колдун учу менен тегерете спирал түрүндө укалаңыз. Манжалардын учун жамгыр жаап өткөндөй дыбыратыңыз. Эмчектин бул бөлүктөрү сезимтал болгондуктан, үрптүн алдында жайгашкан эрогендик зонанын дүүлүгүүсүнө түрткү берет. Качан аял дүүлүккөндө эмчегине кан тээп, торсоюп чыкканда гана аны өпкүлөп, кармалап, акырын укалоого өтсөңүз болот. Бул ыкма менен аялдын жыныс кынындагы кандын айлануусу жакшырып, дүүлүгүү күчөйт. Баса, айымдардын эки эмчеги бар экенин эсиңизден чыгарбай, экөөнө тең көңүл бурууга аракеттениңиз.

  • Жалап-жуктоо. Статистика боюнча, 10 айымдын сегизи үрптү жалоону жактырышат экен. Кээ бир айымдар өнөктөшү бул кадамга жеткенче эле өздөрү жол көрсөткөнгө ашыгышат.
  • Чымчуу. Эмчектин учун чымчуу да айымды төшөк оюнуна чакыра алат. Болгону сизден чекти сактап, оорутпай, акырын, назик чымчуу талап кылынат. Айрымдар үрптүн учунан акырын тарткылоону да каалайт.
  • Соруу. Назик соргулоо кээ бир айымдарды оргазм алууга чейин жеткирет. Статистикага таянсак, аялдардын 3 пайызы үрптү соргулоодон оргазм ала алышат.


ҮРП ТУУРАЛУУ

ҮРПҮ ЧОҢДОР
Эмчегинин үрпү чоңдор аябай сезимтал келишет. Алардын үрпүнө дароо асылбай, жогоруда айтып өткөндөй, анын тегерек четинен кармалап баштоо керек.

КИЧИНЕКЕЙ ҮРП
Үрп канчалык кичинекей болсо, сезимталдыгы ошончолук аз. Андыктан эрогендик зонасы жайгашкан эмчектин ареолун жардамга чакырууга туура келет.

БАЛА ЭМИЗГЕН ЭНЕНИН ҮРПҮ
Төрөттөн кийин эненин үрпү карарып, жумшак тартат. Бул табияттан ыроолонгон белги, аны баланы эмизүү үчүн даярдайт.

ҮРПҮ ЖОК ЖЕ КӨР ЭМЧЕК
Мындай эмчек аялдардын 3 пайызында кездешет. Анткен менен сезимталдыгы боюнча башкалардан көп айырмачылыгы жок.

ЭМЧЕКТИН ӨЛЧӨМҮН АНЫКТА

Көпчүлүк мырзалар түгөйүнөн «сенин эмчегиң канчанчы өлчөмдө?» деп суроодон тартынышат. Ал гана эмес, статистика боюнча, аялдардын 58 пайызы өз өлчөмүн так билишпейт экен.

Кивинин көлөмүндөй –
0-өлчөмдөгү эмчек.


Алманын өлчөмүндөй – 1-өлчөмдөгү эмчек. Алакан менен толук жабылат.


Апельсиндей – 2-өлчөмдөгү эмчек.


Грейпфруттун көлөмүндөй – 3-өлчөмдөгү эмчек. Идеалга жакын эмчек катары эсептелет.


Көлөмү өтө чоң эмес кокостой – 4-өлчөмдөгү эмчек.


Ананастын көлөмүндөй – 5-өлчөм. Эгер бюстгальтери формага кармап турбаса, башкача элестетүү мүмкүн.


Андалектей – 6-өлчөм. Эмчекти расмий түрдө классификациялоо ушул жерден аяктайт. Мындан жогорку көлөмдөгүлөрдү пластикалык хирургдан суроого туура келет.


ЭМЧЕК ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • АКШнын Огайо штатындагы Цинциннати университетинин окумуштуулары орточо көлөмдөгү эмчектин салмагы 400 грамм болорун аныкташкан.
  • Эгер аял салмагына 1 килограмм кошсо, анда анын 20 граммы эмчегине кетет.
  • Жасалма эмчекти эң алгач 19-кылымдын ортосунда француздар ойлоп табышкан. Табият тартуулаган белекке алымсынбаган француз айымдары эмчегинин ичине малдын майын, мом жана парафин салышкан. Бирок алардын кубанычы көпкө созулбай, көпчүлүгү перитонит оорусуна кабылып, каза болушкан.
  • Айымдардын 80 пайызынын бир эмчеги экинчисинен чоң.
  • «Аялдын эмчеги канчалык чоң болсо, интеллектуалдык аң-сезими ошончолук жогору» деп жыйынтыкка келишкен доктор Ивонна Россдейл башында турган чикаголук социологдор. Алар 1200 айымды эмчегинин өлчөмүнө карата эң кичинекей (А), кичинекей (В), орточо (С), чоң (D), өтө чоң (E, F ...) деген топторго бөлүшүп интеллектуалдык деңгээлин текшеришкен. Жыйынтыгында D көлөмүндөгү эмчектин ээлери интеллектуалдык деңгээли жогору деп табылган.
  • Этек кир келердин астында эмчектин көлөмү бир аз чоңойсо, төрөткө жакын 700 граммга чейин салмак кошот.
  • Британиялык окумуштуулар тобу кайсы өлкөдө эмчеги чоң айымдар жашайт деп 30-39 жаштагы 5000 айымга илимий изилдөө жүргүзүшкөн, жыйынтыгында Улуу Британия алдыга озуп чыккан.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (77)
enka
2017-09-30 20:37:33
Менин жанымдыкы алма экенин билдик)))
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-01 09:40:38
Кудай озу кечирсин бирок окуп алдым)))))
+2
Asim
2017-10-01 15:30:19
Меники кайсынысына киришин билбедим
+1
SALMANCHIK24
2017-10-01 15:39:23
Кокурогу мн сулуу да алдар
+1
zheko
2017-10-01 19:00:48
Мага кивиден алмага чейинкиси жагат
0
erjigit-e.15
2017-10-03 00:00:48
Бардыгынардыкын тен жейт турбайбызбы?
+1
askar_myrza
2017-10-04 00:52:52
3-4 зыну да
+1
Umaraidai
2017-11-03 14:11:26
Меники алмадан, кивиге айланды((
+1
acer7250
2017-11-25 20:19:46
Улуу создо уят жок дейт го. Биз ушуга окшогон нерселерди, маалыматтарды билишибиз керек. Келечекте оргазмга жетпей, бул жашоонун жыргалынын бирин корбой калгыча ушуларды окуп уйронгон туура го.Анан зына дегендер силер кайдан уйроносунор? Ошону менен бирге админден сурап кетет элем суроту жок макалалар болсо жакшы болот эле... Анткени суротту коргон да зына да.
0
Pozi
2017-11-26 21:57:04
Кокурогу чон болгон деле жаман коп эркектер кызыгып карай берет анан даагы озуно чак эле кийимдердин кокурогу батпайт калын кийинип журсон семизда коргозот
+1
subway1713
2018-02-21 18:57:55
Ананас
0
Sabette
2018-02-22 19:33:46
Билип алдык аздык кылбайт
0
Juke.9492
2018-07-20 00:01:22
Ааа жакшы экен
0
urmat92kg
2019-02-16 04:23:56
Значит мен баарын Туура кылчуу экенмин))) Билгем бир деме зона бар деп)))) , жигиттер советую баарынарга тилдин уучу мн туу чокусуна алып барсанар болот только кокурокту , берилип кетип ХХХХ шоу кылып жибербегиле ал жака запрещено а Калганын айымдар оздору жол корсотот ))))
+1
Assalomuallekum
2021-07-26 17:22:41
Кыз келиндер барбы 2021 жылда окуп жаткан, массаж керек болсо жазгыла купя кат мага атым Таалай
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан