БООРДУ МАЙ БАСУУНУН БИР СЕБЕБИ – ФАСТ-ФУД

Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун Өт жолдору жана уйку бези хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Дүйшөмбү Сыргаев учурда элде эң көп жайылып жаткан гепатоз дарты тууралуу маегин "Акылмандар "оору ооздон кирет" дегендей, гепатоз да майлуу, күчтүү тамактарды жегенден, семирүүдөн жаралат. Андыктан оозго эмне кирип жатканына баам салуу кажет. Гепатоз – кылым оорусу же жакшы жашоо оорусу болуп баратат" деп баштады.


ДАРТ ООЗДОН КИРЕТ


Боор суу, тамак-аш менен кирип, кан менен барган уулуу жана зыяндуу заттарды чыпкалоо менен зыянсыздандырат, өттү иштеп чыгарат, кандын уюшуна таасир этет. Белок, май, көмүртек жана гормондордун алмашуусун көзөмөлдөйт. Майларды бөлүктөргө бөлүп ажыратып, аларды энергияга айландыруу да анын милдети. Адамдар канчалык майлуу жана тез даярдалган тамактарды көп жесе, боордо гепатоз оорусунун жаралуу коркунучу бар. Гепатоз – бул боорду, тагыраак айтканда, боордун клеткаларын (гепатоциттерди) май басып кетүү.

ТҮРЛӨРҮ, КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ

Алкоголдук гепатоз
Себепкери: ичимдиктерди абдан көп ичүү

Алкоголдук эмес гепатоз
Себептери:

  • Тез даярдалуучу тамак-ашты (фаст-фуд) көп жеш
  • Тамакка мал майын көп колдонуу
  • Аз кыймылдоо
  • Тез арыктап кетүү (катуу диета кармоодон, ооругандан)
  • Гипотония (кан басымдын төмөндүгү)
  • Семирүү
  • Кант диабети
  • Гипотриоз (калкан сымал бездин оорусу)
  • Антибиотиктерди өз алдынча баш аламан колдонуу
  • Вегетариандык
  • Гепатоксикалык дары-дармекти көп пайдалануу (көбүнчө муун ооруларында колдонулуучу дарылар)
  • БАДдары көп ичүү
  • Организмдеги зат жана май алмашуусунун бузулушу


СТАДИЯЛАРЫ


КАЛЫПТАГЫ БООР

1-стадия

Клеткаларында майлардын топтолуусунан боордун чоңоюшу

2-стадия
Боордун клеткаларынын бузулуп, берчке айланышы
(фиброздук гепатоз)

3-стадия
Боордун циррозу

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ, ДИАГНОЗ

Дарт 2-3-стадияга өсүп жетмейинче оорунун белгилери билине бербейт. УЗИге тартканда гана билинет. Андыктан учурда дарты циррозго өтүп кетип, боорун алмаштырууга 50-80 миң доллар таппай каза болгондор көп болууда. Ар 6 ай сайын УЗИге түшүү сизди дартты өткөрүп жиберүүдөн сактайт.

Оорунун белгилери

Ичтин көбүшү


Көңүл айлануу


Тамакка табиттин жоголушу


Чарчоо, шалдыроо


Оң кабырганын алдынын салмактанып оорусу


Дисбактериоз
(кээде ич өтсө, кээде катып калат)


Теринин кургап, серпилгичтигин жоготуусу


Көздүн, теринин саргаюусу


ДИАГНОЗ
Боор, уйку безин жана өт жолдорун УЗИден текшертүү, боорду МРТдан (магниттик-резонанстык томография) өткөрүү, анализдерди тапшыруу.


ДАРТКА ЧАЛДЫГУУ КОРКУНУЧУ КИМДЕРДЕ БАР?

  • Офис кызматкерлери (буларда кыймыл аз)
  • Күчтүү, майлуу жана фаст-фуд тамактарды көп жегендер (жаш баладан тартып кары адамга чейин)
  • Сапатсыз азыктар
  • Курамына пальма майы кошулган азыктарды колдонгондор
  • Тамакты көп жеп, аз кыймылдаган кош бойлуулар (гепатозго чалдыккандар учурда абдан көп)


ДАРЫЛОО


Дартты 1-2-стадияларында дарылап айыктырууга толук мүмкүн.

ДАРЫЛООДО ДИЕТА КАРМАЛАТ:

  • Сүт азыктары, сууда жана бууда бышырылган эт, майлуу эмес балык
  • Жашылча-жемиштер, жашылчадан жасалган суюк тамактар
  • Ашкабактан жасалган ботколор, бал, кыям, мармелад, кебек кошулган нан
  • Тамакты ичүү аралыгы бат-баттан, бирок аздан ичилет.


Чектелет:

  • Каймак май (балдарга 30-40, чоңдорго 50-70 грамм)
  • Жумуртка
  • Сыр
  • Колбаса (сууга бышырылган)
  • Помидор (бул жашылча өттүн көп бөлүнүп чыгышын шарттап, боорго күч келтирет)


Тыюу салынат:

  • Алкоголдук ичимдиктер
  • Майлуу, куурулган, ышталган, туздалган азыктар
  • Майлуу эт
  • Малдын жана канаттуунун боору
  • Майонез
  • Фаст-фуд азыктары
  • Курч татымалдар
  • Май кошулган кондитердик азыктар (торт, пирожный)
  • Шоколад
  • Жаңгактар
  • Балмуздак
  • Томат ширеси


Дары каражаттары
(боордун функцияларын калыпка келтирүүчү жана андан ары бузулуудан сактоочу. Булар 3-6 ай ичилет)
3-стадиясында боорду алмаштыруу талап кылынат.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН


Боордун клеткаларын калыпка келтирүүчү каражаттар төмөнкүлөр:

  • Ит мурундун кайнатмасы. Ит мурундун мөмөсүнөн 50 грамм алып, майдалап, анан ысык термоско салып, үстүнө 1 литр суу куюп, 7-8 саат демделет. 200 граммдан 5 жолу ичүү керек. Ичүү курсу – 1 ай.
  • Лимон кайнатмасы. 3 лимонду кабыгы менен майдалап кесип, чайнектеги же термостогу 0,5 литр кайнак сууга салып, 10 саат тыныктыруу кажет. Анан 1 күндө 50 граммдан 10 жолу бөлүп ичилет. Муну 3 күн ичип, 4 күн эс алдыруу менен 3-4 курс ичүү сунушталат.
  • Ашкабак балы. Ашкабактын ортосун оюп, уругун алып салып, ордуна бал куюп 3-4 күн күтүү зарыл. Анан пайда болгон ширени куюп алып, 1 аш кашыктан 4 маал ичилет. Ичүү курсу – 1 ай.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Leilektik
2017-09-26 11:59:02
Менинда ичимдин он тарабы ооруп жаткан 1жылдан бери,кээде ооруп кээде оорубайт ооруса деле анча каттуу жанды кыйнабайт болгону конул жок эчнерсеге,тамака табит жок,шалдырап,ширин тез даярдалган печеньелерди жегенде оозго ачуу келет( отрыжка )аябай кыйналдым ,салмак 6кг жоготтум арыктадым ,башталып ооруганда узиге текшерткем брюшной полости менен печенди таза чыккан андан бери 1жыл отту кыйналып журуп диетага оттум акыры кылбаган нерсем калбады карочи озум москвада журом
+2
Leilektik
2017-09-26 12:20:08
Спортту суйгон баламын булчундар чыккан качок фигура келишкен болчу ооругандан бери скелет мышцалар жок формамды жоготтум 1жылдын ичинде, ФАС фудду коп жегенден болуптур азыр ойлонуп корсом анан коп ойлонуп депрецияга тушкондон болуптур бир окуяга коп нерв иштеткем ошондонда болду окшойт деп койдум,ноябрда кыргызстанга кетем анан коруномда деп чыдап журобердим анын арасында интернеттен окуп ,ю-убка кирип корбогон нерсем калбады бири башканы айтса бири дагы башканы айтат ошентип ж
+2
Begai_kg
2017-09-26 12:27:16
Гипотиреоз деп туура жазып койгулачы
-1
Nur90m
2017-09-26 23:04:05
Begai_kg,ал башка оору
+1
Nevestkaa
2017-09-27 14:15:07
Begai_kg,ал гормондордогу термин болуш кк.Менин диагнозум.
+1
Leilektik
2017-09-26 12:35:02
Ошентип журуп диетага оттум :орусча (свекла)кыргызча аталышын билбейт екенмин себеби омурумдо коргонда ,жегенда эмес экенмин москвага келип анан билдим ошол свекланы кайнатып бышкан сон теркадан откоруп майдалап 300грамдай 3маал тамактан 40мунот алдына жеп журдум свекла печенди тазалайт екенда 1орунда турган осумдук экен андан кийин греч каша эрте менен,саат 10,11лерде 2ки алма, 2ки банан,обедке саат 1,2лерде овсяный каша ,саат 4,5терде дагы овсяная каша ,кечке кефир ,кээде сут ичип
+1
Leilektik
2017-09-26 12:45:19
Лимондун сокун кайнак сууга аралаштырып каша жегенден кийин тамактан кийин 1кундо 3маал ичип журдум кудайга шугур ошондон бери азыр жакшымын ооруганы калып салмак кошуп кичине жакшы болдум бирок 1айдан кийин кетем озумдун жеримде озумдун тилимде баарып созсуз корунуп даарыланам москвага Экинчи келбейм
+2
tillabaikokuev
2017-09-27 02:47:09
Leilektik,озун айткан нерселерди ичуу да жакшы натыйжа бериши мумкун. Бирок беенин сутундой табылгыс даары жок боор оорусуна
0
Leilektik
2017-09-26 12:51:43
Жумшактан ичин ,каттуудан Тишин оорубасын деген ушул экен булла алланын мага берген сыноосу болду эч ойлогон эмесмин акчага жугуруп жургондор ден соолук жакшы болуп,эч жеринер оорубаса аллага шугур келтирип суйунгуло силер эн бай адамсынар
+3
Leilektik
2017-09-26 12:54:31
Катасы болсо кечиргиле баштан откон окуяны болушкум келди аман болгула оорубагыла эчкачан ,
+13
Juliakalt
2017-09-26 22:05:58
Leilektik,кудайым колдоп айыгып кет!!
+2
Gerda96
2017-09-26 23:55:47
свекла менимче кызылча болуш кк
+1
nur72
2017-09-28 03:21:27
эч ким оорубасынчы
0
Jamalym
2017-09-28 18:39:16
Мен да лимон алып кунуго бир тилимден эрте мн жылуу сууга кошуп ичем.Лимон тугонгондо бир жума эс алып кайра ошентип ичем.Оорунун алдын алат жана Ден соолукка пайдалуу.
+1
aqua-94mema
2017-09-29 13:51:26
Фаст фудта иштейм ар бир таманым ушул жерден тагырагы ужин, завтрак, обед
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан